Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:00

Кайсы бир талапкердин эл менен жолугушуусунда белгилүү дин ишмери Чубак Жалиловдун аны колдоп сүйлөшү катуу талкуу жаратты. Мыйзам боюнча үгүт иштерине динди аралаштырууга болбойт. Ошентсе да динди шайлоого аралаштыруунун натыйжа, тобокелдиктери кандай болушу мүмкүн?

Дин саясатта курал болуп жаткан жокпу? “Дин, укук жана саясат” Аналитикалык изилдөө борборунун директору, теолог Кадыр Маликовду кепке тарттык:

"Азаттык": Чубак ажынын кайсы бир талапкерди колдоп сүйлөгөн видеосуна байланыштуу активисттерден арыздар түштү. Борбордук шайлоо комиссиясы буга байланыштуу талапкерге эмес, аны жандаган саясатчы Камчыбек Ташиевге эскертүү берди. Бул темада сиздин оюуңуз кандай?

Диний фактор шайлоонун үгүт ишинде, саясий атаандаштыкта колдонулуп атат. Бул өтө жаман. Мен мунун келечектеги натыйжаларын эске алып атам. Анткени кийлигиштирүү эртеби-кечпи терс факторго ээ.

Кадыр Маликов: Чынында маселе татаал. Анткени дин ишмери трибунада Кыргызстандын катардагы жараны, Баш мыйзамга ылайык, шайлоого жана үгүттөөгө укугу бар адам катары сүйлөгөнүн айтып жатат. Бирок экинчи жагынан биз - уламалар кеңешинин мүчөлөрү каалайбызбы-каалабайбызбы дин ишмерлерибиз. Коомчулукта, динге ишенгендер арасында кандайдыр кадыр-баркыбыз бар. Мыйзам канчалык бузулду деп карай келгенде ушундай кош маани жатат. Жалпысынан мындай дейт элем, болор иш болду. Диний фактор шайлоонун үгүт ишинде, саясий атаандаштыкта колдонулуп атат. Бул өтө жаман. Мен мунун келечектеги натыйжаларын эске алып атам. Анткени кийлигиштирүү эртеби-кечпи терс факторго ээ.

Биринчиден, дин катары исламда саясат бар. Бирок ал ислам саясаты деп аталат. Ал коомчулукта ишеним атмосферасын түзүү, теңчиликке чакыруу, жакырчылык, коррупция менен күрөшүү сыяктуу чаралардын негизинде курулат. Албетте ислам саясатында бийликке, мамлекетке карата мамиле тууралуу маселелер да бар. Бийлик убактылуу, келет-кетет. Ал эми мамлекет бул эл. Башкача айтканда, ар бир дин ишмери Аллага сыйынуу менен коомчулукка, мамлекетке кызмат кылууга милдеттүү.

Ошол эле учурда ал бийликтин кызматын кылбашы керек. Ал бийликти оңдоп-түзөөгө жардам берип, кандайдыр катасын, адашууларын көрсөтүшү зарыл. Бирок муну мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүү болуп калбагандай, абдан жумшак жасоо абзел. Эң башкысы ушул. Муфтият да, кайсы бир молдо да бийликтин камчысын чаппай, элге кызмат кылышы керек. Ислам саясаты менен динге ишенгендердин саясатташып кеткенинин айырмасы мына ушул жерде.

Бүгүн кооптуу прецедент түзүлүп калды. Анткени динге ишенгендерди саясий процесске шайлоодо добуш берүүчү жаран катары гана катыштыруу эмес, бүгүнкү күндөгү саясий атаандаштык – шайлоого аралаштыруунун негативдүү таасири бар. Эмнеге? Бул өтө маанилүү суроо. Анткени эртеби-кечпи мусулман коомчулугунун абалына, Кыргызстандагы исламдын өнүгүүсүнө саясатташып кетүүнүн таасири тиет. Себеби динге ишенгендерди саясий процесске аралаштыруу менен, административдик ресурска катар диний ресурсту колдонуу менен бийликтеги айрым аткаминерлер коомдун экиге, светтик жана динге ишенгендер лагерине бөлүнүп калуусуна түрткү бериши мүмкүн.

Бул темага ойноо менен, биз-биздикилер, алар жана биз деп бөлүү менен, тиги же бул президенттикке талапкердин динчилдигин, намаз окуган-окубагандыгын баса белгилөө менен кооптуу прецедент түзүлөт.

Бул акыр-аягы идеялык принциптердин негизинде каршылашууга алып келиши мүмкүн. Светтик же светтик эмес, биздики же биздики эмес, биздин жамааттан же башка жамааттан дегендей.

Бирок ошол эле учурда бардык кыргызстандыктар үчүн, өзгөчө мусулмандар үчүн белгилеп кетким келет, жаран катары албетте ар ким өз ишин кылышы, добуш берип президентти шайлашы керек. Бирок бул тынч, бир жакты гана жактоо менен жүрбөшү абзел. Анткени элди бөлгөнгө болбойт.

"Азаттык": ​Биздики-биздики эмес дегенди козгоп калбадыңызбы. Мен бул көрүнүштү 2015-жылкы парламенттик шайлоодо байкадым эле. Ошондо партия лидерлери диний факторду колдонушкан эле. Сиз муну качан байкадыңыз?

Кадыр Маликов: Мен муну 2007-08-жылдары байкай баштадым. Ошондо бийлик динге көңүл буруп, аны өзүнө тартып эмес, колдоно баштаганын байкадым. Айрым бир жерлерде динчилдигин көрсөтүп же айрым бир жерлерде аларды динчил катары даңазалай башташкан. Мунун башталганына көп болду. Мен муну жагдайга карата динчил болуу деп атайм. Керек болгондо, мисалы азыр шайлоо эмеспи, ушундай учурда динчилдигин көрсөтүшөт.

Экинчиден, дурус иштер диндин сырткы атрибуттары, сырткы көрүнүшү менен байланыштуу эмес экенин элге түшүндүрүү керек. Жакшы иштер ошол жакшылыктын өзү менен байланыштуу. Башкача айтканда, адам жасап жаткан иши менен мактанбайт. Кудайга жакындыгын ашкерелей бербейт. Тилекке каршы, азыр эл арасында көптөгөн стереотиптер бар. Мисалы, эгер намаз окуган киши болсо демек баары жакшы, уурдабайт, калп сүйлөбөйт жана башка деген. Бүгүнкү күндө исламдын тарыхы баары эле андай болбогонун, мунун баары жөн гана калыптанып калган ой-пикир экенин көрсөтүп атат. Анын ордуна мечиттин кызматкерлери, биз эч бирөөнө жан тартпастан, президенттикке талапкерде кандай сапаттар болушу керектигин, эмнелерге туруштук берип, алданбашы керек дегенди коомчулукка түшүндүрсөк жакшы болмок.

"Азаттык": Динди колдонуу менен дин ишмерлерин өзүнө тартуу деген эки башка деп атасыз. Айырмасы эмнеде? Натыйжалары кандай?

Бүгүн мамлекеттик курулушка дин ресурсун тартууну эмес, колдонууну көрүп жатабыз. Ал эми бул убактылуу. Бүгүн колдонсоң, эртең диндегилер убадаңды аткарууну талап кылат. Эгер аткарбасаң анда бизге мындай мамлекеттин кереги жок дейт.

Кадыр Маликов: Диний ишмерлерди, исламды же ислам ураандарын колдонуу менен ал ресурстарды өзүнө тартуу түшүнүгүнүн айырмасын айтайын. Демейде, исламды, анын ресурсун же мусулмандарды бир нерселерди убада кылуу, берүү же динчилдигин көрсөтүү менен колунда бийлиги барлар колдонот. Ошол эле учурда мамлекеттик мамиле деген да түшүнүк бар. Элдин, мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы үчүн аны колдонуудан баш тартат. Тескерисинче, маселен, ичкичтик, жакырчылык, балдарды туура тарбиялоо сыяктуу кайсы бир социалдык көйгөй-милдеттерди чечүү үчүн ислам ресурсун өзүнө тартат. Бирок биз бүгүн мамлекеттик курулушка дин ресурсун тартууну эмес, колдонууну көрүп жатабыз. Ал эми бул убактылуу. Бүгүн колдонсоң, эртең диндегилер убадаңды аткарууну талап кылат. Эгер аткарбасаң анда бизге мындай мамлекеттин кереги жок дейт. Аткаминерге таарынса, бүтүндөй мамлекеттен өч алат.

"Азаттык": Маегиңизге чоң рахмат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG