Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:52

Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан журналист Зулпукар Сапановго диний аралык кастыкты козутуу айыбы тагылып, төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгар замат, кыргыз коомчулугунда бул өкүмдү кескин сынга алган пикирлер байма-бай айтыла баштады.

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту журналист Зулпукар Сапановго диний аралык кастыкты козутуу айыбын тагып, Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгү менен төрт жылга эркинен ажыраткан.

Соттун мындай чечими укуктук негизден эмес, саясий ыңгайдан чыгарылганын айрым укук коргоочулар ырастап, журналисттин адвокаттары өкүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылары кабарланды.

З.Сапановду эркиндикке чыгаруу талабы көтөрүлгөн жыйын. Бишкек. 20.9.2017.
З.Сапановду эркиндикке чыгаруу талабы көтөрүлгөн жыйын. Бишкек. 20.9.2017.

Журналисттердин укугун коргоочу уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга алынганын айтышууда. Бүгүн (20-сентябрда) Бишкекте Зулпукар Сапановдун укугун коргоого арналган бейөкмөт, укук коргоо уюмдарынын, журналисттердин жыйыны өттү.

Журналист Зулпукар Сапановдун “Кыдыр санжырасы” китеби өткөн жылы жарыкка чыккан. Бишкектеги бейөкмөт уюмдар, белгилүү инсандар, маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жыйынында ырасталгандай, анын 200гө жакын нускасы сатылып, калганы жок кылынган.

Китеп чыккандан кийин айрым дин өкүлдөрү диний кастыкты козутат деген арыз менен кайрылып, кылмыш иши козголгон. Бишкектин Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 12-сентябрында Зулпукар Сапановду сот залынан камакка алып, аны төрт жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн жарыялады.

Зулпукар Сапанов өзү “Кыдыр санжырасында” диний касташууга негиз берчү эч нерсе жоктугун ырастап келет. Бирок ага карабастан, журналист төрт жылга эркинен ажыратылып, бул окуя Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы жана ага карата бийликтин мамилеси кандай экенин ачыкка чыгарды.

Өкүмдүн сыясы кургай электе айрым эл аралык уюмдар Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына, журналисттин куугунтукталышына кабатыр экенин билдирип чыгышты. Кыргызстандын акыйкатчысы муну “ырайымсыздыкка кайтуу” катары бааласа, укук коргоочу Эдил Байсалов “орто кылымдардагы кадимки инквизиция” катары сыпаттады.

Айтса, ушул ойду улап Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев инквизициянын эсепсиз курмандыктарынан Европанын чок ортосундагы Рим папасы эмдигиче уялып, ал тууралуу айтууну эп көрбөстүгүн, өз алдынча акыйкатка жетип алгандарды асып-атып жок кылуу аны жасагандардын бетине көө жапкан кылмыштуу окуя болуп каларын айтып, бийлик башындагыларга журналистти тезинен бошотуу өтүнүчү менен кайрылды.

Адамзат азыр орто кылымдын караңгылыгында эмес, ХХI кылымда сөз эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамына бакыйып жазылып, ачык корголоору ырасталып жаткан чакта, журналисттин жазган китеби үчүн ашып барса жарандык тартипте айыпка жыгуу ордуна, кылмыш жоопкерчилигине тартып, төрт жылга эркинен ажыратылышы эч бир эреже-талаптарга коошпостугун белгилүү журналист, кесиби боюнча укукчу Бабырбек Жээнбеков ырастады. Анын айтуусунда, бул иште кылмыштын белгилери жок.

- Баарыңар угуп көргүлө! “Жараткандын атына жамынып, бийликке жеткенге, байлык жыйнаганга аракет кылган террордук топторду теске салып, такымына кара ташты толгой турган ислам, христиан жана башка багыттагы дин өкүлдөрү бир Кудайга сыйынып, бир дүйнөдө жашап, бир адамдан тараганыбыз тууралуу турмуш чындыгына дал келбеген албарстынын эски жомогун кайталап, жалпы элге Жараткандын жалгыз жолун көрсөтө албай, жеке курсактын гана камын ойлогон кара күчтүн кулчулугун кылып олтурат”.

Мына, ушул нерсе үчүн Зулпукар Сапановго жаза берип атат. Бул жерде, кана, кимдин кайсы динине Зулпукар шек келтирип атат? Мен бул жерде эч кандай шек келтирүүнү көргөн жокмун. Бул “дин өкүлдөрү” деп атат, бул жерде динди айткан жок.

Жыйынга катышкан коомдук жана саясий ишмер Кубатбек Байболов бул иште укуктук маселеге караганда саясий кызыкчылык үстөмдүк кылып кеткенин, сөз эркиндиги шайлоо алдында бийликтин садагасына чабылып кеткенин белгиледи.

- Бул Сапановдун тегерегиндеги окуя юридикалык дагы эмес, диний дагы эмес, саясий өңүттөн келип чыгып аткан окуя. Биздин талапкерибиз диниятчыларга "силерди колдойт" деген ишара болуп атат.

Жазуучу жана журналист Чолпонбек Абыкеев Зулпукар Сапановдун ишинде эч кандай кылмыштык аракеттер жоктугун, сөз эркиндиги шартында ар кыл диндер менен аларды кармангандардын арасындагы мамиле,катнаш кандай болушу керектиги тууралуу жекече пикири үчүн китеп авторунун соттолушу сөз эркиндиги, сабырдуу делген өлкөдө ойго келбес иш экенин билдирди.

- Динге карама-каршылыктын аракети болгон жок. Демек, аракеттин өзү болбогондон кийин бул жерде карама-каршылык туулду дегендин өзү жалган.

Жыйында дин ишеними, анын Кыргызстандагы абалы жайында Клара Ажыбекова, Ишенгүл Болжурова, Турсунбек Акун, Мелис Арыпбек, Садык Алахан, Баяс Турал, Гүлзат Аалиева пикирлерин ортого салып, Зулпукар Сапановдун төрт жылга эркинен ажыратылышы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин барк-баасы канчалык экенин айгинелеген осол окуя болгонун, мындай шартта журналисттер жамааты бекем биримдигин көрсөтө алышпаганын белгилешти.

Зулпукар Сапановдун китебине нааразы болгон дин ишмерлеринин жыйыны.
Зулпукар Сапановдун китебине нааразы болгон дин ишмерлеринин жыйыны.

Буга чейин диний ишмер Дүйшөн Абдылдаев "Азаттыкка" Зулпукар Сапанов тууралуу пикирин мындайча билдирген:

- Зулпукар Сапанов китебинде “Кудай деген улуу зат Кыдыр атабыз экени, ал эми оттон жаралган Жахаба (Аллах) Шайтан экени көзүбүзгө кашкайып көрүнүп турат” деген. Бир жеринде “Биздин ата-бабалар мусулман болгон деген сөздү токтоткула. Кудай деп шайтанга сыйынып жатышат” деген. Минтип айткандары азыр менин колумда турган китеп менен гезиттерде бар. Пайгамбарыбыз Мухаммедге да акарат келтирген. Кудай тарабынан түшүрүлгөн ыйык китептер Тоорат, Инжил, Забур жана Куранга акарат келтирген.

Пикир айтуу, аны жарыялоо укугу Кыргызстан Баш мыйзамында ырасталганы менен, сөз менен иштин ортосундагы оркойгон айырмадан улам белгилүү журналист сот залынан камакка алынып, ага айрым эл аралык уюмдар гана кабатырлыгын билдирип, кыргыз бийлиги, журналисттер жамааты азырынча ага мамилесин билдирбей келатышканы Бишкектеги жыйында айтылды.

Бул жагдай ушул калыбында улантыла берсе, дин өкүлдөрүнүн коомдук турмушка таасир көрсөтүү аракетинин айрым учурларда байкалып калышы динден ажыратылган, сабырдуу коом идеясын алдыга жайган өлкөнүн келечегине көлөкөсүн түшүрөрү белгиленди.

Жыйынга катышкандар Зулпукар Сапановдун китеби кайсы бир динге каршы эместигин, анда диндер аралык кастыкты козутуучу чакырык, ой- жорумдар жок экенин белгилешип, түпкүлүгү бир диний ишенимдин кандай жаралып, кантип жайылып жатканы, аны туткандар ортосундагы мамиле-катнаштан улам түпкүлүктүү ишенимге доо кетип жатканы баяндалганына токтолушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG