Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:38

Цензуранын жоюлушу – өлкөдөгү сабырдуулуктун кепилдиги


Сатирик Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата мамилесин байкаган. 07.3.2011.

Секулярдык жумурият болгон Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, бул өлкөдө цензура жоюлган. Бирок, эски адат калбастан, дагы эле цензураны өз көөдөнүндө сактаган замандаштар азая элек. Бул – сабырдуулукка каршы бөгөт.

Сабырдуулук – айкөлдүктүн бир мөмөсү

Сабырдуулук, башка диндегилердин жана саясий көз караштагылардын пикирине чыдамдуулук менен мамиле кылуу – азыркы цивилизациялык ири жетишкендик.

Бул сапат башка замандаштардын кайчы пикирлерди эркин айтуусуна өбөлгө түзөт. (Албетте, расисттик, шовинисттик жана террорчул көз караштагыларга өз пикирин жайылтууга каршы бөгөт коюу зарылчылыгы да бар деңизчи).

Тозок – кимдер үчүн?

Мен Кыргызстанда молдолордон да, дааватчылардан да, карапайым мусулмандардан да бир суроого жооп алууга аракет кылдым: “Исламга атаандаш болгон христиан дининдегилерди мындай койолук. Саха, хакас, эвенк, чукча, жана башка түндүктөгү туугандарды алалык. Алардын көптөгөн өкүлдөрүнүн Куран жана шарият менен иши жок. Бирок алар өмүр бою адамгерчиликтүү, кайрымдуу жашап өтүшсө, бирок ислам динине эч кирбестен көз жумушса, алардын орду – бейиштеби, же тозоктобу?”

Көрсө, ушундай эле суроолорду христиан (тарса) дүйнөсүндө да бири-бирине арбын беришет экен. Тар көз караштагы христиан диниятчылары, албетте, өздөрүнүн чиркөөсүнүн мүчөсү болгондор гана бейишке татыктуу деп санашат.

2013-жылы май (бугу) айында рим папасы Франциск Ватикан үналгысы аркылуу чыгып сүйлөп жатып, бардык кишилердин (анын ичинде христиан динине сыйынбагандардын жана кудайсыздардын дагы) күнөөсүн кудай кечирткендей кылып, жалпы адамзат үчүн Ыйса өзгөчө азап тарткандыгы тууралуу идеяны колдоого алды.

Демек, азыркы сабырдуу тарсалардын ою боюнча, башка диндегилер жана, ал түгүл, тиги дүйнөгө түк ишенбеген кудайсыздар дагы, өмүр бою жакшылык кылып жүрсө, аркы дүйнөдө бейиштеги орунга татыктуу.

Жогорудагы суроого кайра кайрыла кетейин. Деги, Кыргызстандагы мусулмандардын жооптору кандайча болду экен?

- Башка диндегилер эч качан бейишке чыкпайт. Алар тозокко гана барат. Мейли, жакшы киши болсо болгондур, бирок каапыр, кайырдин болгону үчүн алар тозокко түшүп жазаланат, - деди бир дааватчы.

- Өмүр бою жакшы иштерди жасап өткөн киши мусулман болбосо деле аркы дүйнөгө барганда акыреттик сотко кабылат. Ошол чоң сурактан өтүп жатканда “лаа илааха илла алла” (“Алладан башка кудай жок”) деп бир гана сөз айтып койсо болду, андай адамгерчиликтүү киши дароо бейишке өтөт, - деди бир ханафий молдоке.

А бирок бул арапча сөздү (такбирди) ал пенде акыр заманда да айтпай койсочу?..

Тиги дүйнө жаатында кыргызстандыктар далай азил-тамаша айтып келишет.

Мисалы, бир МАИчи аркы дүйнөдөгү сот маалында бейишке жолдомо алган экен, бирок ал чунак айтылуу Жебирейилден: “Мен бейиш менен тозокко кетчү тоом жолдо өткөн-кеткендин унаасын токтотуп, текшерип иштеп кала берсем болобу?” деп суранган имиш.

“Тозокко түшүү” суроосуна карата жооптордон эле коомдогу толеранттуулуктун көрсөткүчү кашкайып чыга келет көрүнбөйбү.

Тозок – убактылуу жазалоочу жайбы, же ага түшкөндөрдү түбөлүккө камай турган жайбы? Эгерде ал түбөлүк болсо, анда кудайдын баары-жокту кечире билген эң жогорку кечиримдүүлүк сапаты каякта калат?

Бул суроолор да дүйнөлүк диндердин өкүлдөрүнүн көп кылымдык талаш-тартышын пайда кылган. Убактылуу мөөнөткө жазалоо аркылуу жанды оңдоого болот деп ишенгендер тозокту да убактылуу чара деп санашат. “Анткени Жараткан өзү айкөл, өзгөчө кечиримдүү эмеспи!” – дешет алар.

Көөнө тарыхка кылчайсак...

Мындан он – он эки кылымдай илгери христиандарга караганда, мусулмандар алда канча сабырдуу жана ар тараптуу билимдүү болушкан. Борбордук азиялык мусулман окумуштуусу Мухаммед Хорезми санскрит тилиндеги математикалык ачылыштарды өздөштүрүп, дүйнө жүзүнө нөл саны да кошулган ондук эсептөө системасын жайылткан. Эгерде ал байыркы индиялыктардын математикалык жана башка илимий мурастарына текебер мамиле кылган болсо, анда мусулмандар жана Батыш ондук эсептөө системасынын ордуна сандарды тамгалай белгилеген эски система менен кете берип, кийинки кылымдардагы илимий секириктер кыйла кечеңдемектир?

Түркстандык философ Абу Наср Фараби философ Аристотелдин гректер өздөрү жоготуп алган далай чыгармасын арапчага которуу менен илимге сактап калган. Ал өзү да чыгыш перипатетизм деген философиялык мектепти өнүктүрүп, Аристотелден кийинки “Экинчи мугалим” атыккан. Демек, мусулман дүйнөсүндө “Биринчи мугалим” атагы христиан да болбогон, мусулман да болбогон байыркы грек ойчулу Аристотелде кала берген.

Айтылуу дарыгер, ойчул Ибн Сина (Авиценна) Ааламдын өзү Жараткан менен бирге түбөлүктүү деген философиялык ой жазганы үчүн башка мусулман философтору тарабынан сынга кабылган, бирок аны эч ким өрттөп салган эмес.

Борбордук азиялык Абу Райхан Беруни болсо XI кылымдын башында “бисмиллахи рахмани рахим!” сөздөрү менен башталган “Масуддун канону” эмгегинде гелиоборбордук (планеталар Жерди эмес, Күндү айланат делген) системага башат болчу ойду жазган. Бул эмгектин 1-китебинин 1-бабында бардык жылдыздар менен планеталардын алган орду жана кыймыл-аракети Күнгө багыныңкы деп жазылган (61-бет).

Бул эмгекке мусулман өлкөлөрүндө тыюу салынган эмес.

Ал эми ушундай гелиоборбордук (Күн-чордондук) жоромолду жазган поляк астроному Николай Коперниктин (Nicolaus Copernicus; 1473-1543) “Асман чөйрөлөрүнүн айланышы тууралуу” (латынча “De revolutionibus orbium coelestium”) эмгегине 1616-жылы Рим папасы Павел Алтынчы тарабынан расмий тыюу салынган. Бул тыюу 1835-жылы гана алынып салынган.

Диниятчылар илим чөйрөсүндө иштегендерге сабырдуу мамиле кылган коомдордо илгерилөө жүрүмү (прогресс) ырааттуу орун алган.

Цензура – артка чегинүүгө жатат

Учурда Кыргызстанда журналист Зулпукаар Сапановдун “Кыдыр китеби” аттуу эмгегиндеги айрым ойлорго байланыштуу сот жүрүмү өтүүдө.

З.Сапановдун өзү болсо китепте эч кандай бөлүп-жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок, бул боюнча айрым дин өкүлдөрү атайын эле талаш-тартышты козутуп жатат деп айтып, өз максаты - кыргыз улутун биримдикке чакыруу экенин билдирген:

- Китептин эң негизги өзөгү - кыргызды бириктирүү. Кыргыздын санжырасындагы оң, сол, ичкилик деген бөлүнүүлөрүн бириктирүү максатында жазылган. Ошол жерде бизге Кыдыр атабыз өзөк болуп берерин айткам.

Албетте, анын Кыдыр ата тууралуу жеке жоромолуна кошулууга эч мүмкүн эмес.

Эгерде ал ономасттар (энчилүү жана башка аталыштарды иликтөөчүлөр), чыгыш таануучулар, көп тилдерди билген тилчилер жана тарыхчылар менен алдын-ала баарлашкан болсо, анда, албетте, Кыдыр (Хидр, Хизр; арапча الخضر) сөзүнүн өзү кыргыз тилине кийинчерээк киргендигин үйрөнмөк. Мусулмандарда Кыдыр – Муса пайгамбарга жол көрсөткөн нускоочу катары саналат.

Даңазалуу сопу акын Жалал ад-Дин Руминин (1207—1273) ыр саптарынын биринде устатына шакирти кандайча мамиле кылышы керектиги мындайча сыпатталган:

Устатыңды тандаган чакта, ага баш ий,

Кыдырды Муса ээрчигендей артынан жүр”.

Бул Кыдыр аты, демек, кыргызча ат эмес. Мусулмандык сопулук (суфийлик) философиялык жана диний топторго таандык ар кыл агымдардын ишмердигинин натыйжасында Кыдыр (Хизр) жалпы эле борбордук азиялык жана ортоңку чыгыштык түрк, фарсы жана башка тилдерде сүйлөгөн элдердин диний жана философиялык түшүнүктөрүнө кирген, ал элдердин бардыгын тең кыргыз деп атоо күлкү келерлик.

Мусулман чөлкөмдөрүндө башка да семиттик ысымдар кеңири таркаган, бирок аларды ар бир калк өз тилине ылайык өздөштүргөн.

Мисал үчүн айта кетсек, Мамбет, Маамыт, Батма, Батийна, Үсөйүн сөздөрү деле арапча Мухаммад, Махмуд, Фатма, Фатима, Хусайн ысымдарына барып такалат. Жакып сөзү семит тилдерине (арапча Йакуб, жөөтчө Йакоб) барып такалат. Бул тууралуу азыркы замандаштарыбыздын бардыгы билет.

Маселе – Зулпукаардын эмгеги үчүн аны сотко берүүнүн эмне кажети бар эле, коопсуздук кызматтарынын башка орчун иштери түгөнүп калыптырбы деген суроодо. Мен сыйлаган диниятчы Кадыр Маликов да доочулардын арасында болгону жөнүндө маалымат мени ого бетер кыжаалат кылды. Сабырдуулукка таптакыр жолобогон жексур күчтөр Кадырга бөөдө кол көтөргөнү эсте. Эми ал өзү ошолордун жолоюна түшүп, тыюу салуу жана жазалоо ыкмасын тандадыбы?

Жогоруда Ибн Синанын илимий жоромолу тууралуу сөз кылдык. Анын бул жобосун мусулман диниятчысы, укукчу, философ жана сопу Абу Хамид Мухаммад ал-Газали ат-Туси (1058-1111) “кош кудайлуулукка жетелеген ой” катары катаал сынга алган. Бирок мусулман дүйнөсүндө Газалинин эмгектери деле, Ибн Синанын эмгектери деле эркин таркатыла берген.

Эгерде Зулпукаардын китебиндеги айрым ойлор жакпаса, анда анын сынчылары бул журналисттин оозун жабуу аркылуу эмес, китебиндеги айрым калпыс ойлорду жүйөлүү сынга алуу аркылуу башка окурмандарды өз тарабына тартуусу абзел.

Эркин сөз мурда да айтылчу

Батышта XVIII к. - XXI кылымдын башында католиктердин жана протестанттардын эки жүздүү диниятчыларын шылдыңга алган же азил кылган далай чыгармалар, карикатуралар, XX кылымдан тартып күлкүлүү көркөм тасмалар жаралды.

Бизде деле Тоголок Молдо, Токтогул акындарыбыз далай эшен-калпалардын жоругун сынга алышкан.

Эшмамбет менен айтышында Токтогул мындай деп төгүп сөз бүтүргөн:

...Эшенди тооруп нетели.

Ушулардан эч кимдин

Узарбаган этеги”.

Ошол эле учурда динди да билген, элдин сабаттуулугун да арттырган билимдүү, айдың кишилерди кыргыздар “Молдоке” деп өзгөчө ызаат кылып сыйлашкан.

Кээде ыраматылык куудул Манас Бердибековдун тамашалары эске түшөт. Ал 1990-жылдары дүйнөнүн жаралышы, “адал ыстыканы бар” молдоке тууралуу жана башка көөнөргүс сатиралык чыгармаларын жараткан эле.

Эгерде Макебиз аман болсо, “чала молдо - дин бузарлар” тууралуу далай жаңы азилдерин сунуштамак. Же ага каршы сот жүрүмү деле башталышы ыктымал беле?

Сабырдуулук - кыргыз коомунун изги жолу.

Дегиңкиси, авторитардык түзүлүштөн парламенттик демократияга карай жол чаба баштаган Кыргызстанда сөз эркиндигин туу тутуу аркылуу социал-демократиялык баалуулуктарды камсыз кыла алабыз.

Бул – Жогорку Кеңеште көпчүлүктү түзгөн КСДПнын асыл ниетине жатат.

Жакында Кыргызстандын президенти А.Атамбаев жергиликтүү мусулман жаштарын илим-билимге терең үңүлүүгө үндөдү.

Президент А.Атамбаевдин түздөн-түз өтүнүчү менен “Азаттык Медиа” мекемесине карата доо арыз да артка кайтарылып алынды.

Бул кадамдарды толук колдоо менен бирге, кыргыз бийлигин андан аркы сабырдуулукка, айкөлдүккө чакыаар элек.

Балким, мамлекет башчынын кадыр-баркына доо кетирди деп шектелген Zanoza.kg барагына жана айрым журналисттер менен коомдук ишмерлерге каршы азыркы сот жүрүмдөрүнүн натыйжасында миллиарддаган сомдук доо өндүрүлүп берилиши деле ыктымалдыр, ал акчанын бардыгы эң пайдалуу долбоорлорго жумшалышы деле ажеп эместир.

Бирок XXI кылымдын башында элдик эки ыңкылапты баштан кечирген Кыргызстан үчүн триллион сомдон да пайдалуу эң чоң утуш – дал ушул сот жүрүмдөрүн токтотуп салуу болмок. Азыр да мындай мөмөгө жетишүүгө кеч эмес. Доо койгон тараптан дагы бир айкөлдүктү күткүбүз келет.

Кээ бир авторитардык коомдордогу бийликтерден муну күтүү кыйын, бирок демократиялык баалуулуктарды жүзөгө ашырууну мүдөө кылган азыркы расмий Бишкектен мындай кадамды үмүт кылууга болот.

Азыркы кыргызстандыктар болочокку муундарга демократиялык багытты жана сабырдуулуктун мыкты өрнөгүн калтыра алышса, калган-каткан маселелерин беркилер өздөрү эле чечип алышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG