Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

“Кыдыр санжырасына” дин аалымдары нааразы


Зулпукаар Сапанов
Зулпукаар Сапанов

Диний аалымдардын тобу Бишкекте маалымат жыйынын уюштуруп, журналист Зулпукаар Сапановдун “Кыдыр санжырасы” китебин экстремисттик маанайдагы басылма катары баалашты.

“Акыл эс, ыйман” коомдук фондунун "китеп диндер аралык кастыкты козутуп жатат" деген арызын Биринчи Май райондук соту териштирип жатат.

Авторду 7-февралда УКМК да суракка алган. Сапанов китеп аркылуу бардык ыйык китептерди талдоо менен өз чындыгын табууга аракет жасаганын айтып, жаман ниети болбогонун билдирүүдө.

Журналист Зулпукаар Сапановдун былтыр жарык көргөн “Кыдыр санжырасы” китебинен үзүндүлөр жана ошол китепте баяндалганга үндөш макалалар “Жаңы ордо”, “Азия ньюс” гезиттерине басылып чыккан.

Авторду сотко берген “Акыл эс, ыйман” уюмунун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаев буларды айтты:

- Зулпукаар Сапанов китебинде “Кудай деген улуу зат Кыдыр атабыз экени, ал эми оттон жаралган Жахаба (Аллах) Шайтан экени көзүбүзгө кашкайып көрүнүп турат” деген. Бир жеринде “Биздин ата-бабалар мусулман болгон деген сөздү токтоткула. Кудай деп шайтанга сыйынып жатышат” деген. Минтип айткандары азыр менин колумда турган китеп менен гезиттерде бар. Пайгамбарыбыз Мухаммедге да акарат келтирген. Кудай тарабынан түшүрүлгөн ыйык китептер Тоорат, Инжил, Забур жана Куранга акарат келтирген.

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу мындай идеялар элди бөлүп-жарууга, диний кастыкты козутууга алып барат деп эсептейт:

- Божомол катары мен бир канча булакты айта алам. ИГИЛ - яхудилердин долбоору. Сапанов жазган китептеги көз караштар мусулман өлкөлөрүн ыдыраталы деген ошондой долбоорлордун бири. Экинчиси - улуу коңшубуздун ичинде атайын уюшулган теңирчи күчтөр болушу мүмкүн.

Зулпукаар Сапанов мындай божомолдорду четке какты. Ал китепте бөлүп-жарууга, динге шек келтирүүгө эч негиз жок деп, тескерисинче, каршылык билдирип жаткандарды диний жамааттардын алдында өздөрүн исламдын жактоочулары кылып көрсөтүүгө ынтызарлар деп атады:

- Китептин эң негизги өзөгү - кыргызды бириктирүү. Кыргыздын санжырасындагы оң, сол, ичкилик деген бөлүнүүлөрүн бириктирүү максатында жазылган. Ошол жерде бизге Кыдыр атабыз өзөк болуп берерин айткам. Санжыраны сүрүштүрүп отурсак баарыбыз Кыдырдын балдары болуп чыгабыз. Кыргыз деген сөздүн өзү да “Кырк кызыр”, “Кырк кыз” деген сөздөн келип чыкканын мен илимий санжыранын негизинде жазып тактагам.

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.

Журналист дүйнөлүк диндердин тарыхын изилдөө менен өз чындыгын издеп жатканын белгиледи:

- Ыйык китептин төртөөн окусам Кыдыр атага каршы сөздөр жазылган. Анан эмне үчүн андай болушу керектигин талдоого алдым. Ыйык китептерге анализ жүргүздүм.

Зулпукаар Сапанов китебинде адамзат эгер дүйнөдө тынчтык болушун кааласа анда улуттар, диндер Кыдыр аркылуу биригиши керек деген тыянак чыгарганын айтат.

Чуулгандуу “Кыдыр санжырасы” аттуу китепти окуп чыккан саясат таануучу Чолпонбек Сыдыкбаевдин айтымында, демократиянын баалуулуктарына ылайык, сөз эркиндиги сакталган өлкөдө авторду өзүнүн өзгөчө көз карашы үчүн куугунтуктоо туура эмес:

- “Кыдыр ата” санжырасынан трагедия издеп, аны мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирет деп айтуу бери дегенде баланын кеби. Мында улуттун коопсуздугуна коркунуч келтире тургандай эч нерсени көрө алган жокмун. Тилекке каршы укук коргоо органдарынын чындап улут коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткан диний агымдарга мынчалык реакция жасабай жатканы өкүндүрөт. Бул жигит университетте эле аспирант катары ушул теманы изилдеп жүргөн экен. Илимде “гипотеза” деген түшүнүк бар. Ар бир илимпоз өзүнүн темасын чагылдырып, диний доктриналар менен салыштырып, пикирин айтканга укугу бар. Эмне үчүн исламдын үгүтчүлөрү ар бирибиздин эшигибизди каккылап өз пикирин таңуулайт да, жаш окумуштуу катары Сапанов өз пикирин айтпашы керек?

“Кыдыр санжырасы” китеби боюнча күнөөлөнүп жаткан журналист Зулпукаар Сапанов жеке коопсуздугу коркунучта экенин билдирип, эгер өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнө зыян келсе, ага муфтият менен дин аалымдары күнөөлүү болорун “Азаттык” үналгысына айтты.

Дин башкармалыгы болсо “Кыдыр санжырасы” китеби диндерге каршы жазылган деп эсептейт жана Зулпукаар Сапановдун өз коопсуздугуна байланышкан билдирүүсүн анын жеке ою деп эсептейт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG