Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Журналист өмүрүнө коркунуч келсе муфтият күнөөлүү болорун айтты


Зулпукаар Сапанов
Зулпукаар Сапанов

“Кыдыр санжырасы” китеби боюнча “мусулманчылыкка шек келтирип, ага коркунуч жаратууда" деп күнөөлөнүп жаткан журналист Зулпукаар Сапанов жеке коопсуздугу коркунучта экенин билдирип, эгер өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнө зыян келсе ага муфтият менен дин аалымдары күнөөлүү болорун "Азаттык" радиосуна айтты.

Бүгүн Бишкекте “Акыл эс, Ыйман” уюмунун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаев, теолог Кадыр Маликов, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков журналист Сапановдун жазгандарына каршы пресс-конференция уюштурушкан эле.

Автор аталган китепте эч кандай бөлүп жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок экенин айтып, бул боюнча диндарлар атайын эле талаш-тартышты козутуп жатат деген оюн билдирип, аларды теледебатка чакырарын кошумчалады.

Журналист 7-февралда атайын кызматта сурак берип чыккан. Анын "Кыдыр санжырасы" китебинен гезит бетине жарыяланган үзүндүлөрүнө байланыштуу Биринчи Май райондук сотунда териштирүү жүрүп жатат. (ZA)

XS
SM
MD
LG