Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Сот Башкы прокуратуранын "Азаттыкка" каршы доо арызды артка кайтаруу өтүнүчүн канааттандырды


Башкы прокуратуранын өтүнүчүнүн негизинде "Азаттык Медиа" мекемесинин банк эсептерине коюлган чектөө алынды. Мындай чечимди 31-майда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Көзөмөл органынын өкүлү отурумдун башында "Азаттык Медиага" каршы арызды артка кайтаруу боюнча өтүнүч келтирди. Судья Болотбек Абдуллаев аны колдогонун Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

"Азаттык" радиосу оппозициядагы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын юристтеринин билдирүүлөрүнө байланыштуу кыргыз президентинин ар-намысына шек келтирди деп башкы прокурор Индира Жолдубаева быйыл мартта сотко кайрылган. Ушундай эле негиз менен "Заноза" интернет басылмасын да сотко берген.

"Азаттыкка" 20 миллион сомдук доо коюлуп, банк эсептерине чектөө киргизилген.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-майда өлкөнүн Башкы прокуратурасына «Азаттык Медиа» мекемесине карата доо талаптарын артка алуу маселесин кароону сунуштаган.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы тараткан кабарда "быйыл 30-мартта «Эркин Европа/Азаттык» медиа корпорациясынын президенти Томас Кенттин жеке өтүнүчү боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу болгону, окуяларды чагылдырууда теӊ салмактуулукту жана калыстыкты камсыз кылуу, журналистикада бир жакка тартпоо маселелери, айрым журналисттердин кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөйт деген ойлордун жаралыш себептери талкууланганы" айтылган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жетекчилиги кыргыз редакциясына каршы доо арызды артка алуу боюнча президенттин чечимин кубаттарын билдирген.

Буга чейин Конституциялык палата “Азаттык” боюнча доо арыздын мыйзамдуулугун териштирери кабарланган. "Азаттык" жана "Заноза" медиа каражаттарына берилген доо арызга байланыштуу 120 кишинин колу коюлган өтүнүч кат 3-майда өндүрүшкө алынган.

"Заноза" боюнча сот 1-июнда уланат.

XS
SM
MD
LG