Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

Рухий боштук бомбадан да кооптуу


Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

Публицист Жолдош Турдубаевдин журналист Зулпукаар Сапановго чыккан сот өкүмү, андан кийин жүрүп жаткан талаш-тартыштар, ашынган фанатизм менен бүлгүнчүл атеизм тууралуу блогу.

Ушул күндөрү журналист Зулпукаар Сапановдун «Кыдыр санжырасы» китебин жазгандыгы үчүн соттолуп, төрт жылга эркинен ажыратылышы кыргыз коомчулугунда карама-каршы көз караштардын кескин кагылышуусуна алып келди. Ырас, буга чейин деле динге болгон мамилелердин ажырымы даана байкалып, ашынган фанатизм менен бүлгүнчүл атеизмдин тирешүүсү тынымсыз күч алып, курчуп, акыры бир күн дүрт этип күйөр өрттүн быкшыма түтүнү коюуланып келген. Ырас, ашкере дүрбөлөң кылгыдай чоң өрт чыга элек, бирок ушунчасында жалбырттаган отту басаңдата албасак, эртең өчүргөнгө күчүбүз жетпей калышы толук ыктымал…

Аша чабуу аңга түшүрөт

Физикада «ар кандай кыймыл-аракет ага каршы кыймыл-аракеттин жаралышына түрткү болот» деген мыйзам бар. Рухий чөйрөдө бул диалектикалуу мыйзам ченемдүүлүктү эске алуу зарыл, болбосо аша чабууга жол бергенде «жакшы эле ниет менен баштап, бирок тозокко жол салып» алганыбызды байкабай калышыбыз ыктымал.

З. Сапановдун чуулуу китеп жазышына эгемендик доорунда, айрыкча акыркы 10-15 жылда диний фанатизм өтө кеңири жайылып, өлкөнүн конституциялык жерпайына доо кеткидей опурталдуу жагдай түзүлгөндүгү, анан, албетте, ашынган уруучулдук ураандары түрткү болду окшойт. Жеке эле Зулпукаар эмес, теңирчиликти дин деп жактагандар, ошондой эле мамлекеттин динчил эмес негизин сактап калууну көздөгөн интеллигенция өкүлдөрү да фанаттарга каяша айтканда, кээде каршылаштарынын акаратчыл деңгээлине түшүп кетип жатат.

Зулпукаарды бүгүн айрымдар жактап, атүгүл илимий чындык үчүн тирүүлөй өрттөлүүдөн баш тартпаган Жордано Бруного, «Шайтандын аяттары» деген ызы-чуулуу романында Мухаммед пайгамбарды мазактагандыгы үчүн Ирандын рухий жол башчысы Аятолла Хомейни тарабынан өлүм жазасына буйрулган, азыр Лондондо жашап жаткан жазуучу Салман Рушдиге салыштырып ийгендер да чыгууда. Ошол эле учурда ислам динин мазактаганын токтотпой акыры таламандын тал түшүндө кыргынга кабылган «Шарли Эбдо» жумалыгынын журналисттерине окшотуп, наалат айткандар, камалганы ырас болду деп З. Сапановду табалагандар да абдан көп.

Арапчыл ээрчимелер жана «арий вирусуна» алдыргандар

Зулпукаар ашкере берилип алган идеяларга мен каршымын, айрыкча уруучулдукту абсолютташтыруу далалатын такыр жактырбайм, Борбордук Азия элдерин тымызын «силер арийсиңер, башкалар тырмагыңарга тең келбейт» деп, бири-бирине тукурган диверсияга азгырылып калганына кейиймин. Бирок бул эле эмес, башка да түркүн көз караштардагы замандаштарыма жакшылык гана тилейм, анткени абсолюттуу чындыкты эч ким толук билбейт, анын ар кайсы кырларын ар ким алынын жетишинче тааныйт эмеспи.

Трайбализмге каршымын деп, бирок өзү уруучулдуктун ураанын чакырып чыкканда, «уруучулдук» менен «трайбализмдин» мааниси бир экендигин эскерткеним үчүн мени жаман көрдү эле. Кийин байкасам, кеп жалгыз эле Зулпукаарда эмес экен. Африкадагы өз ара чабышкан, кырылышкан уруулардын мамилесин атаган илимий термин биздин жагдайга такыр туура келбейт, кыргыздын уруучулдугу элди сактап калууга, өзгөчө типтеги мамлекет курууга негиз болот деп чын ыкластан ишенген билимдүү эле замандаштарыбыз да бар экен.

Бул көз караштын жаңылыштыгын дал ушул ызы-чуулуу китептин жазылышына түрткү болгон дагы бир жагдай тастыктап коюптур: уруулук түзүмдү абсолютташтырууга далбаса кылган санжырачылардын арасында баланчалар эзелтен кыргыз болгон, түкүнчөлөр бизге кандаш тууган эмес деп элди бөлүп жүргөндөр бар экен. Зулпукаар ошолорго жооп иретинде өзүнүн кыдырша уруусунан жалпы кыргыз, атүгүл бүтүндөй адамзат тараган деген божомолун далилдеш үчүн ушул китебин жазыптыр. Өзү бирден бир талашсыз чындык деп эсептеген божомолду тастыктайм деп ага туура келбеген концепциялардын баарын (мунун ичинен диний чечмелөөлөрдү дагы) жокко чыгарууга урунуптур.

Акыйкатта, эгер молдокелер элдик каада-салттарды жерип-жектегенин токтотсо, тиги ширк, бул ширк деп коомдун рухий турмушундагы диний эмес же исламга чейинки доорлордон мурасталып калган көрүнүштөрдүн баарын жоюуга, жалпы калайыкты инкубатордон чыккан тооктордой бир калыпка салууга далбаса кылбаса, З. Сапановдун китебине да, теңирчибиз деп аша чапкандардын жоругуна да эч ким олуттуу көңүл бурмак эмес. Көңүл бурса да Арстанбек Абдылдаевдин «зима не будетине» же «мени шайласаңар гана оңолосуңар» деп күпүлдөгөн доктор Апаска жылмайгандай эле карашмак.

Зулпукаар Сапанов.
Зулпукаар Сапанов.

Китептен цитаталар:

“Кудай деген улуу зат Кыдыр атабыз экени, ал эми оттон жаралган Жахаба (Аллах) Шайтан экени көзүбүзгө кашкайып көрүнүп турат” деген. Бир жеринде “Биздин ата-бабалар мусулман болгон деген сөздү токтоткула. Кудай деп шайтанга сыйынып жатышат”. («Кыдыр санжырасы» китебинен).

«Кыргыздын санжырасы “Чү” деген эле жерден былгып, тээ башында эле “Иттин өлүгү көмүлүп” калган. Анан бийликке жетүү үчүн камынган агаларыбыз менен эжелерибиз муну факты кылып, элдин ортосундагы ажырымды кеңейтип жатат». (З. Сапановдун өз китеби жөнүндө берген интервьюсунан. http://kyrgyztoday.org/news_ky/zulpukaar-sapanov-zhurnalist-kydyr-sanzhyrasy-on-sol-ichkilik-azhyrymyn-talkalajt/ “Кыдыр санжырасы Оң, Сол, Ичкилик ажырымын талкалайт”)

Эми эмне кылабыз?

Кеп жалгыз эле Зулпукаарда эмес. Кеп бизде сөз эркиндигин туура пайдалануу маданияты өнүкпөй жаткандыгында, саясатта жоопкерчилик жок болуп, мамлекетибизде укуктун эмес, кара күчтүн, акчанын, өкүмзорлуктун үстөмдүгү бекемдеп баратканында.

Учурдагы диний каршылашуунун курчушунун башкы себеби – коомдо рухий вакуум жоюлбай келаткандыгы. Кароосуз калган маданият, жетиштүү кам көрүлбөй жаткан илим, билим, саясаттагы, идеологиядагы багытсыздык, дүңгүрөк сөздөр менен реалдуу иштердин ортосундагы ажырым диний фанатизмдин жайылышына, ислам мамлекети курулса эле бизде баары сонун болот деп ишенген баёолордун катарынын калыңдашына өбөлгө түзүп жатат.

Социалдык желелердеги эрегишүү улам күчөп, «момун мусулмандар» балит сөгүнүп, аларга жооп кылган беркилер да калышпай оозунан ак ит чыгып кара ит кирип турган чак.

Айыгышкан тирешүүдө сөздөн сөз ырбап отуруп атүгүл "молдолордун кемчилигин сындаган журналистти ким өлтүрсө, ошого миллион сом берем" дегенге чейин жеткендер болду.

Журт атасы, эл башы болот элем деп жулунган «азаматтар» сүрмө топтун (толпанын) добушунан куру калбаш үчүн бул темада сөз кылгандан коркот.

«Он тонна китеп окуган» Чубак ажы өзүн жактаган фанаттарын кой дешке жарабайт, укмаксан, көрмөксөн – же кырдаалдын ого бетер улам курчуй беришин көксөп турабы?

Эки жаатты эпке келтиргенге муфтият, чыгармачыл жана илимий интеллигенция, коомдук ишмерлер, ошондой эле, албетте, мамлекеттик кызматтар биргелешип аракет кылбаса, арты жаман болчудай. Ушундайда Эл жазуучуларыбыз (акындарыбыз, артисттерибиз ж.б.), Эл баатырларыбыз жана башка коомдук ишмерлер коңулга кирип бугуп жатып албай, эл алдына чыгууга, калыс кебин айтууга милдеттүү.

Бирок авторду башкача ой жүгүрткөндүгү үчүн түрмөгө тыга салган жакшы эмес. Сот ага чейинки чараларды көрсө деле жетиштүү болмок деп ойлойм. Мисалы, эгер Зулпукаарга доо койгондор келтирген цитатадагыдай ислам дининдеги Аллахты шайтан деп жазгандыгы чын болсо, бул адепсиздиги үчүн эскертип, авторду эл алдында кечирим суратса, акылга сыярлык өлчөмдө айып төлөтсө болот го? Зулпукаар да көшөрө бербей, катачылыгын мойнуна алып, кечирим сураганы оң.

Айтмакчы, Сөз эркиндигин коргоо комитети бул чыр боюнча билдирүү жасады. Ал төмөндөгүдөй эскертүү менен жыйынтыкталган: «Сапанов жана анын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна каршы арыз менен кайрылууга даярданууда, ошондуктан Сөз эркиндигин коргоо комитети шаардык соттун коллегиясынан маселени дыкат жана бейтарап карап чыгууну суранат. Муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын болсо комитет жаалданып алган диний чөйрөдө түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүүгө үндөйт. Антпесе диний абал өлкөдө ого бетер курчуп кете берет».

Жолдош Турдубаев, публицист

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG