Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:22

Жеңиш күнүнө арналган салтанатта көзгө сайылган одоно көрүнүш анын баннеринде «9-май» деген эзелтен белгилүү сөз айкашынын оркойто ката жазылгандыгы болду. Ушуга окшогон башка мисалдар жайнап турса деле, бул ирет унчукпай, көрмөксөн кылып коюу мүмкүн эмес.

Анткени президент чыгып сүйлөгөн салтанатта сабатсыздыкты жарнамалаган жосун үчүн уюштуруучулар, ириде ошол катага жол бергендер жоопко тартылбаса, мамлекеттик тилди көзгө илбеген наадандык ого бетер кеңири жайылары бышык.

Бир тамга тагдыр чечкен

Совет мезгилинде сабаттуулукка абдан чоң маани берилчү. Ырас, ал кезде мамлекеттик кызматтарга эле эмес, шаарда, шаарга жакын жерлерде кара жумушка да орус тилин билгендер алынчу. Бирок жалпыга таратылуучу кыргызча тексттердин сапатына да кылдат көңүл бурулчу. Жумурай-журттун көзүнө урунгудай «9-май» сыяктуу ураан-желектер эмес, бир күн окулуп-окулбай, анан жыртылып жок боло турган гезиттик макалалардагы ката үчүн да жоопкерчилик ушунчалык катуу болгондуктан, компьютер жок ал доордо журналисттер ката издеп, түн жарымга чейин басмаканада тамгаларды терип карала-торала болуп жүрчү экен. Расмий маанидеги тексттерден кетип калган бир эле ката үчүн баш редактор жок дегенде сөгүш алып, тийиштүү макаланы даярдоого жооптуу кабарчы кызматтан кетирилген учурлар көп болгон дешет улуу муундагы кесиптештер.

Автору, жооптуу мекеменин кызматкерлери, редакция ж.б. кылдат карап чыккан китептерди басманын редакторлору, корректорлору, техникалык редакторлору кайрадан текшерчү. Албетте, бир нече электен өткөндөн кийин деле ката табылган учурлар болгон. Мындайда китептин аягына, мукабасынын ич жагына чапталган куш тилиндей кагазга ошол каталар кайсы бетте кетип калгандыгы, туурасы кандай болору милдеттүү түрдө көрсөтүлчү. Ал эми калайыктын алдында желбиреген ураандарга, көрнөктөргө сөздөр туура эмес жазылып калган учурлар дегеле болбосо керек ал кезде.

Албетте, тоталитардык доорго кайра баруунун кажети жок, бирок бул жагынан демократиялык жолдо өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү абдан зарыл. Ар бир адамдын реалдуу укуктары менен милдеттери анын коомдогу макамына, бийликтеги даражасына жараша чоңоюп, дайыма теңдештирилип турушу керек. Эркиндик жоопкерчилик менен өлчөнүшү зарыл. Бизде азыр башаламандык өкүм сүрүп, айрыкча расмий чөйрөдө чаласабаттар өтүгүн төргө илип алган.

Үч тамгалуу сөздөн төрт ката кетириш керекпи?

Азыр бизде демократиянын пародиясы, б.а. күчтүүнүн күнү тууган, бийлиги бардын жоопкерчилиги жок, сабатсыз болсо да капчыгы калыңдар үстөмдүк кылган заман. Тойгонун билбес ашказан баштан өйдө жай алган.

Балким, алакандай тексттен бир кочуш ката чыга берип, эч ким таңыркабай калган бүгүнкү шартта кайсы бир сызыкчанын коюлбагандыгына көңүл буруштун кереги жок дешер? Сызыкча менен тиренин айырмасын билбей чаташтырган, үтүр, чекит ж.б. тыныш белгилерин кандай коюшту билбеген филологдор жана журналисттер деле көп кездешет. Бирок дал ушундай көнүмүштү жактоо же буга кайдыгерлик кылуу жарабайт.

Кыскача маалымат

Сызыкча морфологиялык кызмат аткарат, б.а. татаал сөздөрдүн курамдык бөлүктөрүнүн ортосуна коюлат: ага-ини, ата-эне, күнү-түнү, жайы-кышын, дарыгер-хирург ж.б.у.с. Сызыкча өтө кыска болот, анын эки жагынан боштук калтырылбайт.

Тире синтаксистик кызмат аткарат, б.а. сүйлөм мүчөлөрүнүн (мисалы, бирдей сөз түркүмдөгү ээ менен баяндоочтун) ортосундагы байланышты билдирет: Акмат – мектептин деректири. Тире узунураак болот, эки жагынан боштук калтырылат.

Компьютерде бул эки белги бир эле жерден терилет. Сызыкчадай кыска белгини эки жагынан бирден боштук калтыра терип, андан кийинки сөздөн соң да боштук жасалганда, узара түшүп, тире болуп калат.

Жетекчи биринчи кезекте ишбилги (менеджер) болушу керек, анын тилди канчалык мыкты билерине көңүл бурбаса деле болот дешет айрымдар. Орустун падышасы Екатерина II үч тамгалуу бир сөздөн («ещё») төрт ката («ишшо») кетирген имиш деп, сабатсыздыкты кайра акташка аракеттенгендер бар. Бирок ошол эле падыша аялдын жарлыгында үтүр тийиштүү сөздөн кийин эмес («Казнить нельзя, помиловать»), ага чейин коюлуп калгандыгына («Казнить, нельзя помиловать») байланыштуу мунапыска чыгарылсын деген айыпкер өлүм жазасына тартылып кеткендиги жөнүндө да икая бар.

Тире менен сызыкчаны айырмалабастыктын айынан бизде эч ким өлө элек чыгар, бирок сабаттуулуктун эң жөнөкөй, ортоңку класстардагы окуучулар деле билбесе уят дегидей эрежелерин элге башчылык кылам дегендер өздөштүрүшү, билбегендерин билип алышы, унуткандарын эстеши абдан зарыл.

Тилди сыйлабастык – элди көзгө илбегендик, мамлекетти барктабагандык.

Жолдош Турдубаев, публицист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG