Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Журналистикадагы этика жана деңгээл


Журналисттер, Кыргызстан
Журналисттер, Кыргызстан

Сөз эркиндигинин абалы аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу дурус бааланган Кыргызстанда журналисттердин кесиптик чеберчилигине байланыштуу сындар айтылып келет.

Учурдагы кыргыз журналистикасынын кесиптик деңгээли кандай? Журналисттерди даярдоодо кесиптик чеберчилик менен этикага кандай көңүл бурулат?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна белгилүү журналист, публицист Нарын Айып, Кыргыз Улуттук университетинин журналистика кафедрасынын башчысы Милан Мырзагулов жана “Клооп” порталынын журналисти Элмурат Ашыралиев катышты.

"Азаттык": Нарын мырза, бүгүнкү кыргыз журналистикасынын кесиптик деңгээлин кандай баалайсыз?

Нарын Айып: Өсүп бара жатат. Бирок эки тилдеги журналистиканы алып көрсөк, орус тилиндегинин деңгээли жогору деп ойлойм. Жалпы салыштырсак, дүйнөдө англис тилдүү журналистиканын деңгээли андан да жогору.

Кыргызстанда журналистика Совет мезгилинде калыптанган. Ошондуктан, орус журналистикасынын ыкмаларын, стандарттарын кабыл алганбыз. Ошол чектен азырынча чыга албай жатабыз. Ошол эле учурда кыргыз тилиндеги журналистиканын деңгээли төмөн болуп жатат. Ошондуктан, оңдой турган, өркүндөтө турган көп нерсе бар.

"Азаттык": Объективдүүлүк, бейтараптыкты айтпаганда да жөнөкөй сабаттуулук маселеси боюнча кемчиликтер көп экени айтылат. Буга эмне себеп? Жалпы деңгээлби же жогорку окуу жайлары сабаттуу адистерди чыгара албай жатабы?

ММКны тушоо кимге ыңгайлуу?

Карасартова: КТРК баштаган каналдар бийликти мактай берсе, аны эч ким кабыл албай калат. Анткени, азыр айылдагы ар бир адам өз телефону аркылуу эле маалыматты кайдан болбосун алган күндө жашап атабыз.

Нарын Айып: Меним пикиримде, эки себепти айтса болот. Биринчиси - жалпы деңгээл. Физиканы деле карасак, кыйын физик жок болуп жатпайбы. Ошондой эле кыйын математик, мыкты тарыхчы жок. Билим берүүнүн жалпы деңгээли ошондой. Демек, журналистиканын да деңгээли төмөн.

Экинчиден, бийликке билимдүүлөрдүн кереги жок. Анткени өтө билимдүүлөрдү башкаруу кыйын. Ошондуктан, билим деңгээлин көтөрүүгө анча кызыкдар болбой, аракет көрбөй жатышат деп ойлойм.

"Азаттык": Милан мырза, сиз журналисттерди даярдаган окуу жайдын өкүлү катары айтсаңыз, журналисттерди даярдоонун деңгээлин кандай баалайсыз?

Милан Мырзагулов: Нарын агай айткандай, кыргыз журналистикасында өнүгүү бар. Тилекке каршы, балдарды окутууда баары эле ойдогудай билим алып чыга бербейт экен. Буга карабай биздин окуу жай өзүндө болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, учурга ылайык адискөй журналисттерди даярдоого аракет кылып келебиз.

Биз дайыма журналистиканын өзүнүн өзгөчөлүгү бар кесип катары айтып келебиз. Учурда менин маалыматым боюнча, өлкөдө журналисттик багытта адистерди даярдаган 24 окуу жайда кафедра бар экен. Булардын сапат жагына келгенде деңгээли төмөн болгондор бар.

"Азаттык": Элмурат, силер өлкөдө жаңы медиа платформасына өзгөчө маани берип, этиканы сактоого аракет кылган портал болуп саналасыңар. Бүгүнкү кыргыз журналистикасынын деңгээлин жогорулатууга эмне жетишпейт?

Элмурат Ашыралиев: Кандай гана чөйрө болбосун ийгиликтүү болуш үчүн теориялык негиз керек. Бирок көп күттүрбөй аны практика менен айкалыштыруу зарыл. Маселен, окуу жайларда билим алып, практикасы жок жүрө берсе, ийгиликтүү болбой калышы мүмкүн. Биз “Журналисттер мектеби” деген долбоордун негизинде тажрыйбага таянып, бир апта теория берсек, аны эки апта практика менен бекемдегенге аракет кылабыз.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG