Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Ата-бала журналисттер соттолду


Сейтказы Матаев жана уулу Асет Матаев.
Сейтказы Матаев жана уулу Асет Матаев.

Казакстан Журналисттер бирикмесинин жана Улуттук пресс-клубунун жетекчиси Сейтказы Матаев алты, анын уулу Асет Матаев беш жылга эркинен ажыратылды. Айыпталуучулар жана айрым жарандык активисттер муну саясий куугунтук деп аташууда.

Астананын Есил райондук сотунун 3-октябрдагы өкүмүнө ылайык, Казакстан Журналисттер бирикмесинин жана Улуттук пресс-клубунун жетекчиси Сейтказы Матаев алты жылга кесилди.

Ал маалымдоо каражаттарына материалдарды жайгаштыруу үчүн мамлекет бөлгөн 300 миллиондон ашуун теңгени кымырып алган жана мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүп, 327 млн теңге салык төккөн эмес деп табылды.

Анын уулу, КазТАГ агенттигинин жетекчиси Асет Матаев акча кымырууга жардам берген делип, беш жылга эркинен ажыратылды.

Экөөнүн тең мүлктөрү конфискацияланды. Аларга мамлекеттик жана коммерциялык жетекчилик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынды.

Акыркы сөзүндө Сейтказы Матаев анын “басма сөз эркиндигине, жарандык активдүүлүккө жана Казакстандын журналисттерин коргоого багытталган кесиптик ишмердүүлүгүн чектөө” үчүн куугунтукташып жатканын айтты:

- Биз өзүбүздү күнөөсүз деп эсептегенбиз жана эсептейбиз. Мен Казакстанда өзгөчө ой-жорум болушу керек деп айтып келгем. Андай болбосо – демократия да болбойт. Өзүмдү оппозиционер деп эсептебейм, эсептеген дагы эмесмин. Кандай гана жагдай болбосун мен акыйкат тарабында болуп келдим.

Уулу Асет аларга “өлкөдөгү абал жөнүндөгү фактыларды чагылдырганы үчүн өч алуу максатында” күнөө тагылганын билдирген.

Ушул эле күнү баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети казак бийлигин Матаевдерден негизсиз айыптоолорду алып коюуга чакырды.

Ата-баланын адвокаты Мадина Бакиева айыпталуучулардын актыгын далилдеген фактылар жетиштүү деп, жогорку инстанцияларга кайрылууга камдана баштады:

- Кандай болбосун бул өкүмгө каршы арыз беребиз. Астана шаардык сотуна, Жогорку Сотко, ал болбосо Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылабыз. Алардын күнөөсүз экенине далилдер кылмыш иштин материалдарында турат. Келишимдер, бүтүрүлгөн иштер боюнча актылар, счет-фактуралар жана башка.

Сотко ондогон журналисттер, жарандык активисттер келишкен. Өкүм чыкканда алар "сотко уят" деп кыйкырып да турушту. Белгилүү саясатчы Амиржан Косанов чечим саясий негизде кабыл алынды дейт:

- Косановду соттосун, тиги сүйлөп аткан Ергалиеваны (казакстандык журналист – ред.) соттосун. Биз оппозициябыз. Матаев президентти сыйлаган, жүргөн жеринде мактаган адам. Матаев эч качан кландык-топтук оюнга кийлигишкен жок. Журналистика деген Казакстандагы топтун союлун соккон казак. Ошону соттоп атат. Биздин системада Ак Ордо турганда, Матаевдерге каршы аракет кылгандар бийликте турганда жыйынтыкты эч ким өзгөртө албайт. Бул саясий сот.

Сейтказы Матаев учурдагы Мажлис төрагасы Нурлан Нигматулин президенттик администрация жетекчиси кезинде Журналисттер союзу менен КазТАГды тартып алууга аракет кылып, басым жасаганын айткан. Ошол эле учурда Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросунун башчысы Талгат Татубаевди да куугунтук артында турат деп айыптаган. Аты аталган экөө тең бул айыптоолорду жокко чыгарышкан.

Ата-бала Матаевдер 22-февралда кармалышкан.

61 жаштагы Матаев Казакстан журналисттер бирикмесин 2001-жылдан бери жетектейт. Токсонунчу жылдары президенттин, кийин премьер-министрлин маалымат катчысы болгон.

XS
SM
MD
LG