Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

"КазТАГдын" жетекчиси кармалды


Асет Матаев
Асет Матаев

Казакстанда бүгүн журналисттер союзунун төрагасы жана Улуттук басма сөз клубунун башчысы Сейитказы Матаев менен "КазТАГ" агенттигинин директору Асет Матаев кармалганы кабарланды.

Антикоррупциялык кызмат алар каржылык кылмышка шектелип кармалганын айтса, кесиптештери бул ишти саясий себептер менен байланыштырууда.

Кысымбы же кылмышпы?

Ата-бала Матаевдер бүгүн Алматыда өздөрү жетектеген медиа мекемелердин тегерегиндеги соңку кырдаал тууралуу маалымат жыйынын өткөрмөк. Бирок жыйынга жарым саат калганда алар кармалганы белгилүү болду.

Ата-бала катыша албай калган жыйынды “Адил сөз” уюмунун жетекчиси Тамара Калеева менен журналист Эрмурат Бали өткөрдү. Анда Матаевдерди Антикоррупциялык бюронун кызматкерлери үйүнүн алдынан кармап кеткени жана алардын андан кийинки абалынан кабар жоктугу тууралуу сөз болду.

Тамара Калеева жана Эрмурат Бапи
Тамара Калеева жана Эрмурат Бапи

"Ата-бала Матаевдердин айтымында, аларды бүгүн эртең мененки тогуз жарымда үйүнүн алдынан сурак алабыз деп күч менен кармап кетишиптир. Буга чейин ал экөө тең мыйзамды урматтаган жарандар катары чакырган кезде барып, сурак берип жүргөн", - деди “Дат” гезитинин жетекчиси Эрмурат Бапи.

«Адил сөз» медиа уюмунун маалыматы боюнча, ата-бала мамлекеттик каражатты максатсыз коротуу, кымырып алуу жана Алматыдагы Улуттук пресс-клубду мыйзамсыз кайра курган деп айыпталууда. Уюмдун билдирүүсүндө Матаевдерди куугунтуктоонун артында «саясий диалогдун жана талкуулардын аянтчасына айланган Улуттук пресс-клубдун ишин токтотуу, “КазТАГ” жарыялаган маалыматтардын мазмунун көзөмөлдөө, журналисттер биримдигинин коомдук активдүүлүгүн басаңдатуу» сыяктуу максаттар турат. Маалымат жыйынында ата-бала Матаевдердин билдирүүсү да таратылды. Анда ал экөө тең айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин далилдөөгө даярдыгын белгилешкен.

Сейитказы Матаев
Сейитказы Матаев

“Биз эч кандай мыйзам бузбаганыбызды жана бюджеттик каражатты уурдабагыныбызды ачык айта алабыз”, - деп жазылат бул билдирүүдө. Ошондой эле алар артынан аңдуу жана телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоолор болгонун айтып, бул ишти сөз эркиндигине кысым катары баалашкан.

Казакстандын антикоррупциялык кызматынын маалымат катчысы Акжан Рсалдинов “Азаттыкка” Матаевдер мамлекеттик каржыны уурдоого шектелип жатканын, “КазТАГ” менен Улуттук басма сөз клубу 2011-2015-жылдарда мамлекеттин маалымат саясатын өркүндөтүү жана аны маалымат каражаттарына жайылтууга бөлүнгөн каражаттан 300 миллион теңгеден ашуун акчаны (азыркы курс боюнча 850 миң долар) кымырып алганын белгиледи.

Агенттик кимдин көзүн кызартууда?

Журналист Эрмурат Бапи бул иштин артында акыркы жылдары эл аралык деңгээлге чыккан “КазТАГ” агенттигин ээлеп алуу аракети жатат деген ойдо:

- Бул бир домен, же бир компьютер менен турган агенттик эмес, эл аралык маалымат агенттиги. Он чакты өлкөдө бөлүмдөрү бар. Маселен, биягы Кытай, Орусия, Кыргызстан, Тажикстан жана ар жагы Иранга чейин жеткен агенттик. Ошондуктан бул маалымат ресурсу кимдир бирөөлөрдүн көзүн кызартып, кимдир бирөөлөргө керек болуп жатат деп ойлойм.

"КазТАГ" агенттигинин Кыргызстандагы бөлүмү "КырТАГ" деген ат менен белгилүү.

Бүгүн түштөн кийин аталган агенттиктин жетекчиси Асет Матаев Антикоррупциялык кызмат бир канча сааттык сурактан кийин бошотконун, бирок атасы Казакстан журналисттер союзунун төрагасы жана Улуттук басма сөз клубунун башчысы Сейитказы Матаев дале кармалып турганын кабарлады.

Анын айтымында, сурак адвокаттын катышуусуз өткөн жана бул куугунтуктун артында бийликтеги бир канча таасирдүү кишилер турат.

- Бул иштин артында казак бийлигиндеги таасирдүү адамдар турат деп эсептейм. Алар бир канча адам, балким 2-3 киши болушу мүмкүн. Алардын “КазТАГ” агенттигин жана биздин Алматынын, Астананын борбордук бөлүгүндөгү имараттарыбызды ээлеп алсак деген жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаты болсо керек.

Асет Матаев ошондой эле бул ишти сөз эркиндигине кысым катары баалап, анын артында “КазТАГ” агенттигин бийликке жакпаган материалдарды жарыялатпоо аракети жатат деп боолголорун да кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG