Аларда талапкерлердин үгүт ишмердиги жана кыргыз-орус мамилесинин ар кыл багыттарынан тышкары, диндин шайлоодогу таасирине көңүл бурулуп жатат. Орус журналисттери баяндарында шайлоочулардын добушун алуу үчүн талапкерлер динди жана диний ишмерлерди пайдаланып жатабы деген суроо койгон.
Андай макалаларда президенттикке негизги талапкерлер саналган Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун диний уюм жана ишмерлер менен байланышы тууралуу да айтылган. Маселен, "Росбалт" агенттиги мурунку апталардагы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сочидеги жолугушуусуна сереп салган макаласында "Москвага учурдагы бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековдун араб өлкөсүндөгү диний уюмдар менен байланышы белгилүү" деп жазды.
Үгүт чыры парламентте көтөрүлдү
Үгүт чыры парламентте көтөрүлдү
Ал эми бул аптада орусиялык "Независимая газета" басылмасынын сайтына талапкер Өмүрбек Бабанов тууралуу макала жарыяланды. Анда Бабановдун жарнамалык баннериндеги сөөмөйүн көтөрүп турган сүрөтү диний ишаратка окшош деп көрсөтүлүп, мурдагы муфтий Садыкжан Камаловдун Бабановдун Ошто эл менен жолугушуусуна катышканы да талдоого алынган.
Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабынын өкүлү, парламент депутаты Мирлан Жээнчороев муну каралоонун бир түрү катары баалады:
- Бүгүнкү күндө каралоо жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Айрым адамдар эл менен иштебей "кара пиар" менен алектенип жатканын айтсак болот.
Сооронбай Жээнбековдун штабы да буга чейин анын радикал топтор менен байланышын четке кагып, ушундай мазмунда макала жарыялаган 24.kg агенттигин жана ал макаланын автору, журналист Кабай Карабековду сотко берген.
Жээнбековдун штабынын башчысы Фарид Ниязов маалымат каражаттарына берген комментарийинде макаланы шайлоо учурундагы каралоо деп сыпаттаган.
Эксперттер эмне дейт?
Талапкерлер буларды каралоо деп атап жаткан чакта эксперттер бул маселенин артында көңүл бурчу жагдайлар бар экенин белгилешүүдө. Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жороев талапкерлер күмөндүү суроолорго дароо жооп берип турушу керек деген ойдо:
- Сооронбай Жээнбеков болобу, Өмүрбек Бабанов болобу, диний жааттагы стереотипке берилген, тенденциялык мүнөздөгү маалымат-макалаларды кылдаттык менен окуп, мамиле кылышы керек. Мисалы, Жээнбековдун командасы бул маселени маанилүү деп эсептесе, маалымат берип койсо жакшы болмок. Мүмкүн диний баалуулуктарды саясаттан да бийик кармаган атуулдарды өзүнөн четтетип албайын деген негизде бул боюнча билдирүү жасабай жатса керек.
Ал эми эксперт Алмазбек Акматалиевдин айтымында, орус бийликтерин Кыргызстанда жүрүп жаткан диний радикалдашуу жана диндин саясатташуусу тынчсыздандырат. Ошондуктан маалымат каражаттары аркылуу эскертүү кылууга аракет кылып жатат дейт талдоочу:
- Биринчиден, исламдын радикалдашуусуна байланышкан маселе Кыргызстанда курч турат. Шайлоону эске албаганда деле мындай процесстин жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Башкалар да көрүп, аймакка таасири кандай болот деп суроо коюуда. Аны Орусия көрүп, тынчсызданып жаткандай. Анткени алар бул маселенин эмне экенин жакшы билишет. Анан албетте, бул маселени саясий багытта да колдонууга аракет кылышат.
Медиа эксперт Кубан Абдымен болсо, орус маалымат каражаттары бул жолку шайлоо өнөктүгүн анча активдүү чагылдырган жок деп эсептейт. Ал эми жарыяланган макалалардын шайлоочулардын кеңири катмарынын пикирин өзгөртүүгө таасири тийбейт дейт ал.
Буга чейин экс-муфтий, Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөгөнү талкууга түшкөн. Муну жарандык активисттер динди саясий максатта колдонуу катары карап, Борбордук шайлоо комиссиясына арызданышкан. БШК Чубак ажы Жалиловго жана диний уюмдарга үгүт ишине аралашпоо боюнча эскертүү берген.
Ошондой эле жакында өткөн коомдук жыйында экс-депутат Равшан Жээнбеков Ошто Бабановду колдоп сөз сүйлөгөн мурдагы муфтий Садыкжан ажы Камаловдун аракети да шайлоо мыйзамына каршы келет деген оюн айткан.