Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Дин аалымынын үгүткө аралашканы БШКда каралат


Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков 24.kg агенттиги менен журналист Кабай Карабековду сотко берип, 10 миллион сом өндүрүп берүүнү сурады. Ал ортодо диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун Жээнбековду колдогула деген үгүтүн айрым эксперттер динди саясатка колдонуу катары эсептеп, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышты.

Сотко жазылган арыз

Социал-демократиялык партиядан президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабеков жана 24.kg маалымат агенттигине каршы арыз менен Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайрылды.

Жээнбековдун штабынан кабарлашкандай, сотко кайрылууга 24.kg сайтына Кабай Карабеков жазган "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген аталыштагы макала негиз болгон. Макалада президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн аптадагы Сочиге барган сапарында Москва "бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары менен байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты" деп жазылган.

Сооронбай Жээнбеков муну "ушак жана жалган жалаа" деп атап, моралдык зыян катары Кабай Карабековдон 5 миллион сом, 24.kg агенттигинен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон сурады. Жээнбековдун штабынын башчысы Фарид Ниязов маалымат каражаттарына комментарий берип, макаланы шайлоо учурундагы каралоо катары сыпаттаган.

Ошондой эле Жээнбековдун штабы 24.kg агенттигин шайлоону чагылдыруу боюнча каттоосун жокко чыгарууну өтүнүп, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бирок БШК бул өтүнүчтү четке какты, 24.kg сайты болсо сотко арызданууга негиз болгон макаланы өчүргөнү белгилүү болду.

Ал эми журналист Кабай Карабеков өзүнө каршы жазылган арыз тууралуу расмий маалымат ала электигин, аны менен таанышкан соң гана комментарий берерин билдирди:

- Соттон маалымат расмий түрдө келсин. Аны менен өзүм таанышып чыгышым керек. Ошого жараша комментарий берем.

Кабай Карабеков.
Кабай Карабеков.

Бийлик талапкеринин маалымат каражатынын үстүнөн сотко кайрылышы ар кыл талкууланууда. Журналист Игорь Шестаков буларга токтолду:

- Учурда шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат. Ошондуктан маалымат каражатына каршы берилген арызды дал ушул учур менен байланышта караш керек. Бул арыз Жээнбековго саясий упай алып келеби же тескерчисинче анын кадыр-баркына терс таасирин тийгизеби деген суроо кызык болуп турат. Мен саясатчы үчүн оң таасир этчү нерсени көрө албай турам.

Дин аалымынын бийлик талапкерин колдоосу

Ошол эле кезде бийлик талапкерине байланыштуу дагы бир окуя талкууга түштү. Талапкерлер Сооронбай Жээнбеков менен Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодо бириккенин жарыялаган Жалал-Абаддагы шайлоочулар менен болгон шаршемби күнкү жолугушууга экс-муфтий, диний ишмер Чубак ажы Жалилов да катышып, элди Сооронбай Жээнбековду колдоого үндөп сүйлөгөн. Чубак ажы бул жыйынга жөнөкөй жаран катары катышып жатам деп билдирген:

- Мен бул жерге мурдагы муфтий катары же Бүткүл дүйнөлүк аалымдар кеңешинин же Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү катарында эмес, кыргыздын уулу, Кыргызстандын жараны катары, өзүмдүн элимде, жеримде туруп, Камчы акенин (Ташиев-ред.) жанында туруп, сиз жалгыз эмессиз, биз да Кыргызстандын тагдыры үчүн колдойбуз деп келип отурабыз.

Чубак ажы Жалилов.
Чубак ажы Жалилов.

Таанымал диний аалымдын саясий үгүткө катышып жатышын бир катар эксперттер мыйзамга каршы келет деп белгилешүүдө. Жарандык активист Адил Турдукулов бул көрүнүшкө баа берүү талабын койгон кайрылууну Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Активисттин айтымында, Чубак ажы Кыргызстан дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин учурдагы мүчөсү болгондуктан үгүт иштерине катышууга укугу жок болчу:

- Чубак ажы белгилүү дин ишмери, Аалымдар кеңешинин учурдагы мүчөсү. Юридикалык термин менен айтканда, дин тармагынын кызматкери. Биздин мыйзамдарда дин ишмерлерин үгүт иштерине катыштырууга болбойт. Ошондуктан БШКга кайрылдым. Бул жерде Чубак ажы Жалиловдон мурун мындай нерсеге жол берген Сооронбай Жээнбековдун штабынын жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүлүшү керек.

Муфтияттан болсо бул көрүнүштү комментарийлешпей турганын, шайлоодо кимди колдоору ар бир жарандын өз эрки деп эсептешерин билдиришти.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Ал эми БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул кайрылуу каралат жана мыйзамдын негизинде чара көрүлөт деп ишендирди.

Буга чейин БШК дин ишмерлеринин үгүт өнөктүгүнө катышуусуна тыюу салынарына эскертип, билдирүү тараткан эле.

Түз линк

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG