Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

БШК: айыптоого жеткирген тиреш


БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева жана Елена Жылкычиева
БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева жана Елена Жылкычиева

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрт мүчөсү менен жетекчилиги бири-бирин айыптап чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрт мүчөсү пикирлери эске алынбай, укуктары тебеленип жатканын айтышса, БШК жетекчилиги комиссиянын кайсы бир талапкерди колдогон мүчөлөрү ишке атайын тоскоолдук жаратканын билдирди.

БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева жана Елена Жылкычиева 20-сентябрь күнү маалымат жыйын өткөрүп, алардын пикири эске алынбай жатканын айтып, бул тууралуу коомчулукка, парламентке кайрылуу жолдошту. Анда Атыр Абдрахматова таза шайлоо өткөрүүгө шарт түзүлбөй жатат деди:

- Жыйын болорун 15 мүнөт калганда айтышат. Күн тартиби белгисиз. Мыйзам боюнча талкуулана турган маселенин материалдарын биз алдын ала алып, мыйзамдарды талдап, даярданышыбыз керек. Маалыматыбыз жок болгондуктан мыйзамды бузуп албайлы деп кээде айласыздан каршы добуш беребиз. Менин сунуштарым добушка коюлбайт. Мыйзам боюнча БШК жетекчиси менен мүчөлөрдүн укугу бирдей. Биз шайлоо процессин уюштуруп гана беришибиз керек. Ал эми бизге уюштурганга да, иш алып барганга да шарт түзүлбөй, тескерисинче, чек коюлууда, жада калса каралап жатышат.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындай дооматтарды четке какты.

Боршайкомдун 20-сенитябрдагы отурумунун үзгүлтүккө учурашын “Азаттык” радиосуна комментарийлеп жатып Шайлдабекова аларды президенттикке талапкерлердин биринин кызыкчылыгын коргогондор деп атады:

- Үгүт иштери боюнча мыйзам бузуулар жөнүндө маселе каралмак. Мисалы, талапкер Бабановго карата. Башка да маселелер бар болчу. Менимче, булар атайын эле, бул маселелер каралбасын деген максатта кворум кылбай биздин отурумду болтурбай коюшту.

Бул Борбордук шайлоо комиссиясындагы биринчи пикир келишпестик эмес. Алгач БШК "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди тил сынагынан өткөрүү боюнча маселеде эки жээкке бөлүнгөн. Андан кийин Кара-Суу районундагы жергиликтүү шайлоо, талапкерлерди каттоо, административтик ресурс колдонуу боюнча чечимдерде бири-бирин айыптап чыгышкан.

Текебаевдин тил сынагына байланыштуу БШК мүчөлөрүнүн пикир келишпестиги. 10-август, 2017-жыл

Саясий серепчи Турат Акимов БШКда түзүлгөн кырдаал алдыдагы президенттик шайлоонун таза өтүүсүнөн күмөн санаган ойлорго түртөт деген пикирде.

- Фракция жетекчилери ал жакка өз адамдарын отургузуп койду. Эми анын лидерлери шайлоого баратат. Такты талашып жатат. Анан албетте кагылышууга барышат. Себеби, жогору жактагылар чоң бийликти талашып жаткандан кийин өз кишилеринен талап кылат. Алар болсо аткарганга аракет кылат, анан көз боёмочулук башталат. Бизде таза шайлоо өтүшү өтө кыйын.

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиянын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев Боршайкомдогу ар түрдүү пикирлер мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгилеп, бирок ошол кайчы пикирлер жалпы шайлоо жараянын уюштурууга терс таасирин тийгизбеши керек дейт.

- Борбордук шайлоо комиссиясынын негизги милдети мыйзам чегинде иш алып баруу. Бири-бирин күнөөлөп жатат, кимиси туура экенин чыгарган чечимдер көрсөтүүдө. Ал эми карама-каршы чечимдер боло берет, андан чочулабайт.

Талапкерликке каттоодон өтпөй калган саясатчылар БШКны саясий буйрук аткарууда деп айыптап чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы дооматтарды четке кагып, Кыргызстанда таза шайлоо өткөрүлөт деп ишендирип келет. 13 талапкер ат салышып жаткан президенттик шайлоонун добуш берүү күнү - 15-октябрь. 10-сентябрдан бери үгүт иштери жүрүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG