Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Шайлоо: төрт талапкер биригеби?


Өзгөн шаары, 16-сентябрь, 2017-жыл
Өзгөн шаары, 16-сентябрь, 2017-жыл

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Өзгөн районунда эл менен жолугушуусуна "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров да катышты. Ал биригүү идеясын көтөргөнү менен, көпчүлүк күткөн убаданы берген жок. Шайлоочулар болсо айлантып сүйлөгөн Мадумаровдун сөзүн ар кандай жоромолдоп кала беришти.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Өзгөн районунда эл менен жолугушуусу учурунда дагы бир талапкер Адахан Мадумаров аны колдой турганын жарыялайт деп күтүлүп жаткан. Бирок Адахан Мадумаров биригүү идеясын колдоо ниети бар экенин гана айтканы менен, жарыштан чыгуу тууралуу сөз кылган жок.

- Менин каалоом ушул болду эле. Темир Аргенбаевич, келиңиз, мүмкүн Өзгөн кайрылуусун, Өзгөн келишимин кабыл аларбыз. Бир кишиге ушул жерден токтоп, ошого батаны берип, шайлоону бүгүн эле жеңип коёрбуз деген үмүтүм бар эле. Кудай буйруса Төрөбаев, Бабанов, Сариев, Мадумаровдун колун бириктирип туруп, кайрадан ушул жерге келип, төрт азамат бир инсанга токтодук деп жарыялай турган күндөргө кудай жеткирген болсун.

Оппозиция бириге алабы?

Оппозиция бириге алабы?

Президенттик шайлоону утурлай Кыргызстанда саясий күчтөр ирилешип, ар кандай оппозициялык саясатчылар, топтор бириге баштады. Алардын катарында саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков бар.

Мадумаров төрт талапкер биригиши керектигин улам кайталаганы менен акыркы сөз Темир Сариевде деп четин чыгаргандай болду. Эч бири биригүү тууралуу ачык сүйлөөгө батынбаганына караганда Бабанов, Төрөбаев, Мадумаров жана Сариев тандеми али быша электигин көрсөттү.

Өмүрбек Бабанов да өзүнүн Өзгөндөгү жолугушуусуна Мадумаровдун кошулганына ыраазычылык билдирүү менен гана чектелди. Ал Бакыт Төрөбаев менен бирикти деген имиштердин чын-төгүнүнө да токтолгон жок.

- Дайыма чындык үчүн чыркырап келген уулуңуздар Адахан Кимсанбаевич менин Өзгөнгө келээрдин алдында мага кайрылды. "Өмүрбек Токтогулович, мен сизди тосуп алып, элге бирге чыгалы" деди. Ушундай сунуш болду. Саясаттагы атаандаштыкта акыл, программа болуш керек. Эң негизгиси бардык талапкерлердин ой максаты - Кыргызстандын биримдиги. Мен бүгүн өтө чоң тарыхый иш болуп жатат деп ойлойм.

Ушинтип Мамумаровдун биригүү тууралуу айлантып айткан сөздөрүн ар ким ар кандай түшүнүп кала берди. Өзгөн районунун тургундарына микрофон узатканыбызда мындай жоопторду уктук:

"Менин оюмча саясатчылар бириге албайт. Бириксе да көпкө узабайт. Саясат ушундай го".

"Бириксе бириге беришсин. Саясатчылар өздөрү билет да".

"Негизи бириксе жакшы болот. Ошондо оппозиция бир күч менен чыгат. Ошондо бийликти жеңет".

"Кудай билет, ырыскылары кошулса, бешенесинде болсо биригишет. Болбосо жок. Оомат кимде болсо ошол утат".

Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев
Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев

"Мен булардын бириккенине каршы эмесмин. Бирок Мадумаровдун кетенчиктегенине таң калдым. Булар биригип туруп, Мадумаровго добуш бергиле дегенде болмок".

Бул арада КСДПдан президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбеков тарапка мурда төртилтикке киргендердин бири Камчыбек Ташиев ооп кеткени кабарланды. Ага улай жергиликтүү шайлоолордо таң калычтуу ийгиликтери менен белгилүү болгон "Мекеним Кыргызстан" партиясы да Жээнбековдун талапкерлигин колдоорун жарыялаган.

Ташиев, Төрөбаев, Мадумаров жана Келдибеков төртилтиги бир айга жетпей ыдырып кеткен.

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 15-октябрга белгиленген. Президенттик кызмат үчүн 13 талапкер ат салышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG