Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 06:44

Апта: Саясаттагы биригүүлөр, Вашингтон - Пхеньян тиреши


Темир Сариев, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Бакыт Төрөбаев.

Узап бараткан жумадагы урунттуу окуяларга сереп.

7-августта "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, “Ата Журттун” теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев алдыдагы президенттик шайлоого бирдиктүү саясий күч болуп катышарын жарыялашты. Төрт саясатчы шайлоого чейин жаңы партияга биригип, бир талапкерди сүрөй турганы белгилүү болду.

Мадумаров “Кимдин талапкерлигин алып чыгарыбызды жакын арада чечебиз, жарыялайбыз” деп “Бириксең да, бирикпесең да баары бир сөз болосуң. Идея дагы, башкасы дагы, бардыгы биригип бизди бириктирди” деди “Азаттыкка” берген комментарийинде.

“Башкасы дагы” деп Мадумаровдун айтканы бул саясатчыларды оболу регионалдык фактор бириктирди деп сындагандарга кыйыр жооп болгондой. Саясатчылар кызыкдар болгон бардык тараптар менен кызматташууга даярдыгын дароо билдиришти.

Мурдагы юстиция министри Марат Кайыповдун көз карашында саясатта тажрыйбасы бар төртилтик стратегиялык туура кадам жасап, башкалар менен кызматташууга эшикти ачык койду. “Мындай биригүү болгон жерде жең ичинен ким кандай кызматты алат деген сүйлөшүү, макулдашуулар болот” – дейт экс-министр.

Саясий серепчи Марс Сариев “алар түндүк жактан ресурсту таптакыр жоготуп жибериши мүмкүн. Ошондуктан булар соодалашат. Бирок ким менен соодалашат? – деп суроо койот?

Эртеси эле президенттикке расмий талапкер Темир Сариев төртилтик менен сүйлөшүү башталганын белгилеп, “негизги багыттар боюнча пикирлерибиз дал келди. Азырынча биригүү тууралуу айтуу эрте, бирок алдыда бир топко биригүү маселеси көтөрүлүп жатат” деди “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде.

Саясий аналитиктердин арасында мындай биригүүнү бийликтеги партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековго сокку деп баалагандар да чыкты. Орусиялык таанымал эксперт Аркадий Дубнов өнүккөн демократияларда адатта ар кыр саясий күчтөр парламенттик шайлоонун алдыда бир блокко биригишерин белгилейт.

“Түштүк блок президенттик жарышта бийликтин талапкери, “түштүктүн кулуну” саналган Жээнбековдүн мүмкүнчүлүктөрүн болушунча азайтууга жана түштүк тараптагы электоратты бөлүүгө багытталган” деген Дубнов төртилтикти “жаңы түштүк оппозициясы” деп атаган жергиликтүү басылмалардын бирине берген комментарийинде.

Аркадий Дубнов.
Аркадий Дубнов.

Өткөн жылдын 30-ноябрында Мадумаров, Ташиев, Келдибеков бир саясий багытты алып, бир партияга биригишкенин, үчилтиктин көздөгөнү президенттик шайлоо экенин жарыялашкан.

Бирок шайлоо жараяны башталганда Келдибеков менен Ташиев “Ата Журт” партиясынын курултайында президенттикке талапкерликке көрсөтүлсө, Мадумаров “Бүтүн Кыргызстандан” аттанган.

Мадумаров менен Ташиев 2011-жылы президенттик шайлоого катышкан. Анда Мадумаров 14,78%, Ташиев 14,32% добуш алып, 62, 52% колдоо тапкан Атамбаевден кийинки экинчи жана үчүнчү орунга чыгышкан.

Келдибеков 2013-жылы салык кызматын жана парламентти жетектеген кезде мамлекетке чыгым тарттырган деген негизде айыпталып, иш козгогон. Үч жылга созулган териштирүүдөн соң Бишкек шаардык соту аны жарым-жартылай күнөөлүү деп таап, 10 миллион сом айып пул салган. Экс-спикер акчаны толугу менен мамлекетке төлөп берсе дагы анын соттуулуугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарыларын Жогорку Сот бышыктаган.

Текебаев – Чотонов соту

Апта бою "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин караган сот процесси уланды. Жума башында айыпталуучулар көрсөтмө бергенден кийин бир күн тыныгуудан соң тараптар жарыш сөзгө өтүштү.

10-августта прокурор Нурмат Исраилов эки соттолуучу “пайда көрүү максатында жана жеке кызыкчылыктан улам кылмыш жасаганын, алардын күнөөсүн жеңилдетүүчү жагдайлар жок” экенин тергөөнүн материалдарына таянып негиздеди.

“Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратууну жана үч жылга белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратууну сурайм. Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевичти үй-мүлкүн мамлекетке өткөрүү менен сегиз жылга эркинен ажыратууну жана үч жылга белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратууну сурайм” – деп прокурор сотко кайрылды.

Адвокаттар болсо эки айыпталуучуну тең сотто актап, аларга жалган жалаа жапканы үчүн орусиялык ишкерлер Леонид Маевский менен Алексей Модинге каршы кылмыш иш козгоону өтүнүштү.

Текебаев менен Чотонов сотто.
Текебаев менен Чотонов сотто.

Прокурор менен адвокаттардан кийин сүйлөгөн Чотонов Текебаевге каршы көрсөтмө берсең бошотобуз деген сунуш болгонун сот залында туруп айтты. “Тергөөчүлөр мага жөн эле күбө катары ооба, ошондой болгон десеңиз чыгарабыз дешкен. Үч айга чейин менин атым иште жок болчу. Кийин Текебаев-Чотонов деп кошо башташты” деди.

“...Бир миллион долларды алмак тургай көргөн да эмесмин, бул жалган жалаа, бул тууралуу 2012-жылы маалымат каражаттарынан биринчи жолу окугам” деп, Талант Маматкеримов менен “Мегаком” боюнча бир да жолу сүйлөшпөгөнүн "айылдаш катары эле билерин, үйүнө барбаганын, чай ичишкен тааныш эмес экенин" айтты.

“Ата Мекендин” лидери болсо “бардык айыптоолор жок нерсеге байланган, ал эми иш саясий буйрук” деди.

Бейшемби-жума күндөрү жарыш сөз уланды, Текебаев тергөөдө көрсөтүлгөндөй 2010-жылдын 13-майында, 21-декабрында орусиялык ишкерлер менен жолуккан деген “фактыны” жокко чыгарууга аракеттенди. Маевский болсо Текебаев менен беш жолу Бишкекте жана Москвада жолукканын айткан.

Айыпталып жаткан депутаттын айтканы боюнча Маевский менен 25-августта Дүйшөн Чотоновдун сунушу боюнча Бишкектин сыртындагы “Супара” ресторанында жолуккан. Экинчи жолу орусиялык ишкер менен 1-сентябрда Москвада чакан батирде кезиккен. Маевский менен "Мегаком" боюнча эч кандай сүйлөшүү болбогонун, орус ишкери аркылуу шайлоо алдында Кремлдеги таасирдүү адамдарга жол табууну көздөгөнүн айтып келет.

10-августта эртең менен башталган процесс кечки сегиздерге чейин уланды. Кечки саат жетилер чамасында Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, “Тез жардамдын” дарыгерлери сотко келишти. Ишти караган судья Эрнист Айбаек уулу дагы өзүн жаман сезгендиктен келген догдурлар аны кошо текшеришти.

БШКнын чечими

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы президенттике талапкер болууга арыз берген Текебаевдин юристинин ага кыргыз тилинен тест тапшыруусуна шарт түзүп берүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн үчөө - Атыр Абдрахматова, Гүлнара Журабаева жана Назарали Арипов камактагы депутатка тил сынакты тапшырууга шарт түзүп берүүнү колдошсо, тогузу ага каршы чыкты.

БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун өкүлү Алмаз Асаналиев мыйзамда камакта отурган талапкердин талаптарын кароо процедуралары каралган эместигин жүйө келтирди. “Соттолуучу макамындагы Текебаевди ташуу, анын ичинде тестке катыштыруу маселеси сотторго тиешелүү” – деп шайлоо комиссиясынын мурдагы жообун кайталады.

Ошол эле маалда Боршайкомдун мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Гүлнара Журабаева жана Назарали Арипов чечимди мыйзамсыз деп аташты. БШКнын башка мүчөлөрү жана жумушчу тобунун өкүлдөрү ортосунда талаш-тартыш бир топко уланды.

“Тергөө абактарында шектүү же айыпталуучу катары кармалып жаткан биздин жарандар добуш берүүгө укугу болсо, анда эмне үчүн аларда шайлануу укугу болбошу керек? – деп суроо берген юрист Абдрахматова мыйзам “жарым-жартылай” принципте болбой турганын эскертет.

Президенттикке талапкерлигин коюуга арыз берген Текебаев 26-июлда мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Камактагы депуттаттын ишин караган Биринчи Май райондук соту айыпталуучуну сынакка коё берүүдөн баш тарткан.

“Ата Мекендин” юристтери лидерине тест тапшырууга шарт түзүү өтүнүчү менен БШКга кайрылган. БШК болсо суроону карабай койгон. Кийин Бишкектин район аралык соту, андан соң Жогорку Сот БШКны бул маселени кароого милдеттендирген.

7-августта Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү 50 миң кишинин колун чогултуп, БШКга тапшырышкан.

Вашингтон – Пхеньян тиреши күчөдү

28-июлда Түндүк Корея континенттер аралык баллистикалык ракетасын учургандан эки күн өтпөй Кошмо Штаттар андай ракеталарды атып түшүрүүчү системасын сынады.

Пхеньяндын ракета сыноосу Корей жарым аралындагы жана Тынч океан аймагындагы бир катар аскердик аракеттерге түрткү берди. Америкалыктардын Аляскада орнотулган THAAD системасы С-17 аскердик учагы аткан ракетаны бутага жеткирбей 15 жолу ийгиликтүү атып түшүрдү.

Жума ичи Вашингтон менен Пхеньян биринин дарегине бири опузалаган билдирүүлөрдү жолдоду.

Түндүк Корея АКШга караштуу Гуам аралына ракеталык сокку урууну пландап жатканын билдирди. Тынч океандын батыш жээгинде жайгашкан бул аралда америкалык эки аскерий база жайгашкан. Пхеньяндын бул билдирүүсүнөн бир нече саат мурда президент Дональд Трамп эгер Түндүк Корея ачуусуна тийсе, Вашингтон “көргүлүктү көрсөтөрүн” эскерткен.

Пхеньян болсо Ким Чен Ын тиешелүү чечим кабыл алса Гуам аралына орто аралыктагы баллистикалык ракета кайсы маалда болбосун урулушу мүмкүндүгүн билдирди. “Максат ал жактагы америкалык негизги аскерий базаларга, анын ичинде Андерсон аба базасына сокку уруу”, - деп Түндүк Кореянын мамлекеттик каналынан элге жарыяланды.

10-августта Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис эгер Түндүк Корея АКШга каршы согуш ача турган болсо, Ким Чен Ындын режими аягына чыгаарын жана эли өлүмгө дуушар болорун эскертти.

Жума күнү америкалыктар “согушка даяр” экенин эскерткен Трамп “Эгер Түндүк Корея эси жоктук кылса аскерлер согушка даяр. Ким Чен Ын башка жол тандарына ишенип туралы” деп жазды Твиттер баракчасына.

Анын алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түштүк-Чыгыш Азияга жасаган сапары маалында Малайзиянын расмийлери менен сүйлөшүп, Пхеньянга басым жасоодо өнөктөш болууга чакырды.

Гуам аралы - Азия - Тынч океан аймагында аскерий миссияларды ишке ашырууга колдонулчу Американын башкы базасы болуп саналат. 163 миңдей калкы бар аралдын губернатору Ак үй менен байланышта экенин айтып, “Вашингтон кандай болгон күндө да бизди коргоп алат” деп аралдын тургундарына кайрылды.

Адистер болсо Ак үйдүн Түндүк Кореянын дарегине айтылган опузалуу билдирүүлөрүнүн арты эмне менен бүтөт, Трамптын ачуу тили Ким Чен Ынды тизгиндей алабы деген суроолорду беришет. Америкалык аскерий эксперт Стивен Бланк түзүлгөн кырдаалды АКШнын Түндүк Корея боюнча "эффективдүү стратегиясынын жоктугунан" көрөт.

“15-20 жылдан бери эле Жорж Буш, Барак Обама, эми Трамп эгерде Кытайга басым болсо эле Бээжин Пхеньянды өзөктүк куралдан баш тартууга мажбурлай алат деп ишенип жүрүшөт. Кытайлар болсо ага макул болбой келгени белгилүү, анан эми эле Бээжин тилге көнөт дегендин өзү баёлук. Ал гана эмес Бээжин Кошмо Штаттар менен геосаясатта өз кызыкчылыгын коргоодо Пхеньянды курал катары колдонот” – деп белгилейт "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маегинде. Трамптын билдирүүлөрүнө болсо “президент жөн гана турган жеринен сүйлөп койду” деп баа берет.

Трамптын Пхеньяндын дарегине багытталган кескин эскертүүсүнө шейшемби күнү Washington Post басылмасы жарыялаган макала түрткү болду. Анда Пхеньян баллистикалык ракеталарга орнотула турган сыйымдуу өзөктүк дүрмөт чыгарганы америкалык аналитиктердин докладына таянып жазылган. Аналитиктердин маалыматын Жапониянын коргоо министри да ырастап, Түндүк Корея өзөктүк дүрмөттү чыгарышы толук мүмкүндүгүн билдирген.

Батыш аналиктери Түндүк Кореяга өзөктүк куралдын эң татаал компоненти - өтө кичинекей өлчөмдөгү дүрмөттү чыгарууга бир нече жыл кетет деп боолголоп келишкен. Пхеньян болсо дүрмөттү былтыр эле чыгарганын жар салган.

Ак үй менен Пхеньяндын ортосундагы келишпестик Түндүк Корея июль айында континенттер аралык баллистикалык ракеталардан экини сынагандан кийин күчөдү. Пхеньян бул сыноолорун Кошмо Штаттардын континенталдык бөлүгүнүн кайсы жерине болсо да жеткидей ракеталарды жасоо башталды деп сыпаттаган.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 5-августта Пхеньянга өзөктүк программасын токтотууга басым көрсөтүү үчүн жаңы экономикалык санкцияларды киргизген. Бул чектөөлөр ансыз дагы экономикасы чабал өлкөгө бир миллиард долларга жакын зыян тарттырат деп эсептелген.

Эл аралык санкциялар: Түндүк Кореядан көмүр, деңиз азыктарын, темир, темирдин кошулмаларын, коргошун жана анын кошулмаларын экспортоого, Түндүк Кореянын жарандарын ишке алууга, түндүк кореялык ишканалар жана адамдар менен келишим түзүүгө, ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлорго жаңы инвестиция жасоого тыюу салып , Түндүк Кореянын жарандарынын банк эсептерин камакка алууну кеңейтүүнү камтыйт.

Пхеньян санкциялар өлкөнүн эгемендигине шек келтиргенин айтып, ракеталык сыноолору коргонуу максатында ишке ашырылып жатканын ырастап келет. Ошондой эле Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореяны биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүп, Корей жарым аралындагы кырдаалды козутуп жатат деп айыптаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG