Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

БУУ Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга жаңы санкция киргизди


Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияны бир добуштан кабыл алды. 5-августта чыгарылган бул чечим Пхеньянга миллиард доллар зыян келтирет деп айтылдууда.

Санкция тизмесинде Түндүк Кореянын 9 жараны жана төрт компаниясы бар. Чектөөлөр темир, көмүр, деңиз азыктарына жарыяланды.

Бул жаза Пхеньяндын материктер аралык уча ала турган баллистикалык ракеталарын сыноодон өткөргөнүнө байланыштуу колдонулууда. Чечимге Түндүк Кореяны көп учурда коргоп келген Кытай менен Орусия да макулдук берери мурда эле божомолдонгон.

Түндүк Корея БУУ тыюу салган ракеталарды улам-улам сынап келиши эл аралык деңгээлде кабатырланууну күчөткөн. Мындан улам Пхеньян менен Вашингтондун мамилеси мурдагыдан да солгундады.

XS
SM
MD
LG