Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Пхеняндын "бейбаштыгы" баасын алды


Түштүк кореялык жүргүнчү Түндүк Кореянын ракета сыноосун метронун бекетиндеги телемонитордон көрүп турат. Сеул. 12-декабрь 2012
Түштүк кореялык жүргүнчү Түндүк Кореянын ракета сыноосун метронун бекетиндеги телемонитордон көрүп турат. Сеул. 12-декабрь 2012

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын алыска учуучу ракета сыноосун кеңештин “резолюциясын ачыктан ачык бузуу” деп баалады.

15 мүчөлүү кеңеш Түндүк Кореяга каршы “тийиштүү чара көрүү үчүн” ич ара масилеттешүүнү улантат. Бул жүнүндө шаршемби күнкү жабык жыйындан кийин Коопсуздук кеңешинин учурдагы төрагасы, Марокконун элчиси Мухаммед Лулички билдирди. Коопсуздук кеңеши коммунисттик Кореянын баллистикалык ракеталарды сыноосуна тыйуу салган.

Түндүк Кореянын орбитага спутник чыгаруусуна эл аралык коомчулуктун, анын ичинде ядролук державалардын тынчсыздануу себеби - Пхенян алыс аралыкка жетчү баллистикалык ракеталарды сыноодо деп бир нече жылдан бери шектелип келет. Ушундай негизде Бириккен улутттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 2009-жылы Пхеняндын ядролук бомба менен дүрмөттөөгө мүмкүн баллистикалык технологияны сыноосуна тыйуу салган.

Түндүк кореялыктар "Ынхи-3" ракетасынын ийгиликтүү сыналганын майрамдап, Пхеняндын борбордук аянтында бийлешүүдө. 12-декабрь 2012
Түндүк кореялыктар "Ынхи-3" ракетасынын ийгиликтүү сыналганын майрамдап, Пхеняндын борбордук аянтында бийлешүүдө. 12-декабрь 2012
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да 12-декабрда Нью-Йоркто журналисттер менен болгон кездешүүдө Түндүк Кореянын жетекчилигин акчаны кымбат баалуу ракетаны сынагандан көрө жакыр жарандарынын турмушун жакшыртууга жумшоого үзбөй чакырганан айтты:

- Мен Пхеняндын жетекчилерин мындай ракетаны сынабаганга жана анын ордуна өз ара ишенимди чыңдап, өз элинин турмушун жакшыртканга чакырып келем. Бул кутумчул аракеттин региондогу стабилдүүлүккө жана тынчтыкка тийгизчү кесепети мени өзгөчө кооптондурат. Мен Корея элдик демократиялык республикасын болочокто мындай бузуку аракеттерден кармануусун суранам. Мен бул маселеде негизги мамлекеттер менен тыгыз байланыштамын жана окуянын өнүгүшүнө кылдат көз салып турам.

Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Сюзан Райс болсо Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги кезексиз жыйындан соң алдыдагы сүйлөшүүлөрдө Пхенянга каршы катаал чара көрүү маселеси караларын билдирди. БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде иштеген атын атабаган батыштык дипломаттын Ройтерс агенттигине айтышынча, АКШ, Евробиримдик, Жапония жана Түштүк Корея дагы башка өлкөлөр Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы санкциясын дагы күчөтүүнүн амалын издеп жатышыптыр.

Коопсуздук кеңешинде вето укугу бар Кытай жана Орусия кечээ Пхеяндын ракета сыноосуна өкүнүчүн билдирген. Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү ошол эле 12-декабрдагы билдирүүсүндө Коопсуздук кеңеши “орундуу, байистүү жана региондогу кырдаалды курчутпагандай, стабилдүүлүктү бекемдечү” чечим алышы зарыл экенин этият эскертти.

Батыш булактарынын кабарлашынча, 12-декабрда сыноодон өткөрүлгөн “Ынхи-3” ракетасы 8 миң километрден 10 миң километр алыстыктагы бутаны жок кыла алат.
Түндүк Корея менен согуш абалындагы Түштүк Корея экономикалык жактан алда канча кубаттуу болсо да, өлкөдө азырынча мындай ракетсы жок. Ошондуктан кээ бир серепчилер Түндүк Кореяны сөз болуп жаткан ракета сыноодон кийин (Кытай жана Орусияны кошпогондо) баллистикалык технологияга ээ АКШга союздаш эмес жападан жалгыз өлкө болуп калды дешет.

Алыс аралыкка учуучу ракетаны сыноо, ошондой эле Түндүк Корея үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын “сары чакадай куну жок экенин” жана өлкөнүн мураскер лидери Ким Чен Ын атасынын аскерий саясатынан баш тартпаганын шарданалайт.

XS
SM
MD
LG