Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Пхенян дүрмөт сынап, дүйнөнү дүрбөттү


Сеул -- Түштүк Кореянын сейсмикалык станциялары дүрмөт жардыруудан жер силкингенин катташты.
Сеул -- Түштүк Кореянын сейсмикалык станциялары дүрмөт жардыруудан жер силкингенин катташты.

Түндүк Корея дүйшөмбү күнү жер алдында ядролук дүрмөт жардырды, анын соңунан үч ракетасын сынады. Пхеняндын бул сынактарын эл аралык коомчулук кескин айыптады. Бүгүн Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйын өткөрөт.

Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы 25-майда жер алдында ядролук дүрмөт жардырылганын, сынак ийгиликтүү өткөнүн жана бул иш өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо максатында жасалганын кабарлады. Мындан башка эч кандай маалымат айтылган жок.

Япониянын министрлер кабинетинин баш катчысы Такео Кавамура Түндүк Кореянын жер алдында бомба сынаганын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясынын одоно бузулганы катары баалап, эл аралык коомчулукту буга тийиштүү чара көрүүгө чакырды.

Токио өкмөтүнө катарлаш Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак да шашылыш жыйын чакырып, коопсуздук кеңешин өткөрдү. Эки өлкөдө тең атайын комиссия түзүлдү, тийиштүү кызматтарга күтүүсүз жагдайларга шайма-шай туруу милдети табышталды.

Пхеняндан алынган кабарга камтамачылыгын билдирип,Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дүйшөмбү күнү Бейрутта маалыматтар азыр такталып-талданып жатканын, ошондон соң Москва өзүнүн кадамдарын аныктай турганын айткан эле.

Андан көп өтпөй Россиянын коргоо министрлиги түндүккореялыктар жер алдында дүрмөт жардырганын, анын жалпы кубаты 20 килотоннага жакын болгонун тастыктады. Ядролук дүрмөт бу ирет да 2006-жылы биринчи сынак өткөрүлгөн полигондо жардырылды.

АКШнын сейсмикалык станциялары жардыруудан улам Рихтер өлчөмүндө күчү 4,7 баллга жеткен жер силкинүү болгонун катташты.

Ушул айда Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылып жаткан Россия бүгүн кеңештин бардык он беш мүчөсүн шашылыш жыйынга чогултканы жатат. Анда Пхенянга каршы кандай чаралар көрүү керектиги талкууланат.

Түндүк Кореянын жер алдындагы дүрмөт сынагын АКШ президенти Барак Обама "эл аралык коопсуздук үчүн олуттуу коркунуч" деп атады. Британиянын премьер-министри Гордон Браун мындай иш Пхеняндын "чоң жаңылыштыгы" экенин, "курал сыноодон бул өлкөнүн коопсуздугу бекемделип кетпей турганын" эскертти.

Пхеняндын сынагын Франция, Индия, Евросоюз өлкөлөрү да кескин айыптады. Америкалык конгресстин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси бүгүн Пекинде ырасмий сүйлөшүүлөр маалында бул маселени көтөрүп, Кытай жетекчилерин Пхенянга таасир көрсөтүүгө чакырганы жатат. Акыркы кабарларда Кытай да Түндүк Кореянын бүгүнкү сынагын сынга алганы айтылат.

Пхенянды жабыла айыптаган эл аралык жамааттын сын-пикирин Түндүк Кореянын Москвадагы элчилиги четке кагып, өз кезегинде АКШ менен анын союздаштарынан Пхенянды "опузалаган саясатын токтотууну" талап кылды. Элчилик ошондой эле Пхенян алты тараптуу сүйлөшүүлөргө мындан ары катышпай турганын да тастыктады.

Айрым кабарларда Түндүк Корея дүрмөт жардырган соң үч ракетасын сынаганы, алардан экөө америкалыктардын согуш учактарына мээлженип атылганы да айтылат. Бирок бул маалыматтардын чын-төгүнү азырынча ырастала элек.

XS
SM
MD
LG