Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Саясый квартеттин хор болуу ниети


 "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, “Ата Журттун” лидерлери Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, “Ата Журттун” лидерлери Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев.

Президенттик орунга өз алдынча аттанган төрт саясатчынын биригиши көп талкууга жем таштады.

Алардын бул кадамы тактикалык жүрүшпү же стратегиялык планбы, бул баш кошуу шайлоо процессине канчалык таасир бере алат, башка саясий күчтөрдүн бул топко кошулушу мүмкүнбү? Ушул жана башка маселелердин тегерегинде бүгүнкү «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылабыз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жана Кыргыз Республикасынын мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов катышты.

«Азаттык»: Урматтуу эксперттер, президенттик тактыга өз алдынча камынган Мадумаров, Ташиев, Келдибеков, Төрөбаевдин «саясий квартет» болуп биригишин кандай кабылдоого болот, убактылуу тактикалык жүрүшпү же келечектүү стратегиялык планбы?

Саясатчылардын биригүү аракетин тактикалык жүрүш деп атасак болот, экинчиден, келечекке жол көрсөткөн план катары да карасак болот.
Аликбек Жекшенкулов

Аликбек Жекшенкулов: Эгемендүүлүк алган 26 жылда Кыргызстанда ички саясий маданият калыптанып жатат десек болот. Артта калган жылдары кыргыз эли аймакка, партияларга ж.б бөлүнүп бүттүк. Мекенди, элди, өлкөнү ойлогон саясатчылар биригүү процессин баштап жатат. Коомдо ар кандай ойлор айтылып жатат, менимче төрт саясатчынын бириккени жакшы жөрөлгө.

Өнүккөн мамлекеттерде төрт же эки саясий топ, партиялар болот, күрөш ошолордун ортосунда жүрөт. Менимче, саясатчылардын биригүү аракетин тактикалык жүрүш деп атасак болот, экинчиден, келечекке жол көрсөткөн план катары да карасак болот.

Марат Кайыпов: Төрт саясатчынын биригишин саясатта жүргөндөр эле эмес, бүткүл кыргыз эли колдоп жатат. Кыргызстанда 200дөн ашык саясий партия болсо, алардын лидерлеринин баарынын президент болуу ниети бар. Партиянын негизги максаты – бийликке келүү. Эми айтылып жаткан төрт саясатчынын аракеттери, менимче, чоң стратегиялык кадам. Себеби, алардын экөө мурда президенттикке коюп көргөн. Алар өз керт баштары менен жакшы түшүнөт, биригүү керек, жалгыздап эч нерсе болбой турганын билип турушат.

Адахан менен Камчы мурда президенттикке атаандаш болуп коюп алганда Атамбаев утуп, президент болуп кетпедиби. Азыр мамлекеттүүлүктү билген, өз көз карашы бар, уурдабаган, ичпеген-жебеген, таза, элге күйгөн адамды шайлап алсак өлкөбүз алга жыларын түшүнүп калдык. Бул саясатчылар да ошондой кадамга барып жатат деп ойлойм. Менин оюмча төртөө менен биригүү процесси бүтпөйт, дагы уланат. Буларга бүгүнкү талапкерлердин ичинен дагы кошулат.

«Азаттык»: Сиздердин оюңуздарда буларды эмне бириктирди, конъюктуралык, региондук кызыкчылыкпы же идеологиялык программаларбы?

Аликбек Жекшенкулов: Бул жигиттердин баары мекенчил. Төртөө менен тең баарлашып, сүйлөшүп жүрөм. Төртөө тең Кыргызстанга элим-жерим деп күйөт. Биринчиден, буларды мекенчилдик сезим бириктирди. Экинчиден, азыркы саясий партиялардын программалары бирдей эле. Булардын биригип жатышына азыркы бийликтин саясаты да мажбур кылды. Азыркы бийликтин административдик ресурстарды колдонуп жатканын Темир Сариев айтып чыкпадыбы. Жогорку бийлик жер-жерлердеги мамлекеттик органдарды кысып жатканы жөнүндө маалыматтар айтылууда. Ошондуктан бул биригүүнү коомдо таза шайлоо болсун деген ниет катары бааласак болот.

Менин оюмча төртөө менен биригүү процесси бүтпөйт, дагы уланат. Буларга бүгүнкү талапкерлердин ичинен дагы кошулат.
Марат Кайыпов

Марат Кайыпов: Биригип жаткан күчтөр эки нерсе айтышты. Биринчиден, биригип алып бир партия түзөбүз. Экинчиден, бир кишини президенттикке талапкер катары түртөбүз дешти. Болбосо, төртөөнүн тең президент болууга шарты, шансы да бар. Азыр төртөө тең талапкер катары БШКга арыз бергенине карабай биригип жатышат. Булардын билдирүүсүнө, жарыясына караганда, алдыга бир топ стратегиялык кадам жасап, анан эшикти ачык коюп жатышат. Ким келсе да сүйлөшүүгө даярбыз дешүүдө. Төртөөнүн кимиси президентикке барарын жарыя кылдыбы, жок. Кандай саясий партия түзүлөт, жарыя болгон жок. Мындай биригүү болгон жерде жең ичинен ким кандай кызматты алат сүйлөшүү макулдашуулар болот, ал айтылбады. Ошондуктан алар стратегиялык туура кадам жасап, эшикти ачык коюп жатат.

«Азаттык»: Аликбек мырза, Аталган төрт саясатчынын биригишине эки фактор себеп болгонун болжолдогондор бар: сырткы фактор дегенде Максим Бакиевдин, ички фактор дегенде Икрамжан Илмияновдун аты аталууда, сиздердин пикир?

Аликбек Жекшенкулов: Мындай сөздөрдү четке кагуу керек. Максим Бакиевдин акыбалы деле анча эмес. Бул жигиттер деле саясатта өз алдынча буттарына туруп калган, бышкан саясатчылар. Көз каранды болуп, сырттан бирөөнү эле уга коет деп айта албайм. Алар ошол эле Илмияновду деле укпайт. Ошондуктан жөн эле “бөйрөктөн шыйрак чыгара” бербеш керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Саясый квартет хор боло алабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:50 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG