Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Адил Турдукулов Зилалиев менен Жалилов боюнча БШКга кайрылды


Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Жарандык активист, "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун төрагасы Адил Турдукулов 21-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага кайрылуу жолдоду. Анда мурдагы муфтий, Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалиловдун эл менен жолугушуулардын биринде КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп сөз сүйлөгөнү мыйзамсыз экени белгиленген.

"Шайлоо жөнүндөгү" мыйзамдын 22-беренесинин 15-пунктуна ылайык, диний уюмдардын өкүлдөрү үгүт жүргүзүүгө укугу жок деп жазылган Турдукуловдун БШК төрайымына жиберген арызында.

Маселени Боршайкомдун жыйынында талкуулап, Жээнбековдун шайлоо штабы менен Чубак Жалиловго расмий эскертүү берүүнү өтүнгөн.

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын аймактарынын бириндеги эл менен жолугушуусунда Чубак Жалиловдун сүйлөгөн сөзү тартылган видео 20-сентябрда интернетте тараган. Тасмада Жалилов "мен бул жерге мурдагы муфтий же бүткүл дүйнөлүк аалымдар кеңешинин мүчөсү же Кыргызстандын аалымдар кеңешинин мүчөсү катарында эмес, кыргыздын бир уулу, өлкөнүн жараны катары келдим. Ушул жерде өзүмдүн элимде, жеримде, Камчы акенин жанында туруп, Камчы аке сиз жалгыз эмессиз биз дагы барбыз, эч нерсе менен эсептешпестен Кыргызстандын тагдырын, ыйманыбызды ортого коюп колдойбуз деп келип отурабыз" деп айткан.

Бул жолугушууга Жээнбеков менен биригип, оппозициялык ишмердигин токтоторун жарыялаган президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев да катышкан.

Ошондой эле Адил Турдукулов мамлекеттик кызматтагы адамдарга үгүт иштерине аралашууга мыйзам жол бербейт деген негизде вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин да Баткен облусунун активи менен жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүн талдап, расмий эскертүү берүү суранычы менен БШК төрайымына арыз жазды. Турдукулов Зилалиевдин сүйлөгөнүн үгүт деп эсептейт.

Дүйшөнбек Зилалиев 19-20-сентябрда аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын уюштуруу иштеринин абалы менен таанышуу максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырган. 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдорун айтып, чогулгандарга аны колдоо боюнча жеке суранычын келтирген. Кийинчерээк жолугушууда айткандары тууралуу "Азаттык" үналгысына комментарий берип, өз сөзүн үгүт катары кабыл алууга болбой турганын, ал жерде кимге добуш бере турганын сурагандарга жооп кайтарганын билдирген.

21-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, аны шайлоо боюнча республикалык штабды жетектөөдөн четтетти. Штабды жетектөө милдети коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөлдү.

Президенттикке аттанган 13 талапкердин үгүт иштери өлкө аймагында 10-сентябрдан бери уланып жатат. Шайлоо 15-октябрга белгиленген. (NT)

XS
SM
MD
LG