Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Бабановдун эки ача талданган сөзү


Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ошто сүйлөгөн сөздөрүн чагым деп да, атайын уюштурулган "кара пиар" катары сыпаттагандар да болууда.

28-сентябрда Өмүрбек Бабановдун Оштун Амир-Темур конушунда сүйлөгөн сөздөрү интернетке тарап, ал чагым катары сыпаттала баштады. Ошол эле маалда анын айткандарынын арасынан тандап кесип алып, чагымчыл багытта пайдаланып жатышат дегендер да аз эмес.

Президенттикке талапкер Бабанов 28-сентябрда Ошто негизинен өзбек тектүүлөр жашаган Амир-Темур (мурдагы Он-Адыр) конушунда эл менен жолуккан кезде шайлоо маалындагы укук бузууларга каршы турууга чакырган. Анын сөзүнөн “чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы”, “ким, кайсы бир милиция өзбек калкына тийсе, ал кызматынан кетет. Мен сөз берем” сыяктуу жана башка жерлери өз-өзүнчө кесилип алып ошол эле күнү кечинде интернетке тараган.

Белгилей кетели, Өмүрбек Бабанов “чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы” деген сөздү бийликтегилер силерди баланчага добуш бер деп коркутса, коркуп калбагыла. Өзүңөр ойлонуп туруп тандагыла. Бийликтегилерден коркпой жашагыла” деген мааниде айткан. Анын мурдагы сөздөрүн кесип салып пайдаланганда айткандары таптакыр башкача мааниде кабыл алынып жатканы өкүндүрөрлүк экенин белгилегендер арбын.

Бабановдун штабы болсо жолугушуудагы сөздөр кимдир бирөөлөр тарабынан монтаждалып, атайын таратылууда деп маалымат берди.

Ал тапта 29-сентябрда Оштун кыргыз жана өзбек улутундагы онго жакын тургундары, Өзбек улуттук маданий борборунун кызматкерлери маалымат жыйын куруп, Өмүрбек Бабановдун сөздөрүн чагымчыл болгон деп сыпатташты. Алардын бири 2010-жылдагы Июнь коогасында баласын жоготкон Шаани Топчубаева:

- Президенттикке талапкерлигин коюп жатабы? Анда элди жакшылыкка үндөп сүйлөсүн. “Силерге сөз айткан милиционерлерди иштен алам” дегени эмнеси? Ички иштер министрлиги, башкы прокурордон дагы суранабыз, мыйзам чегинде жооп берсин.

Ушундай эле пикирди Он-Адырда жашаган Эхтибар Карабаева да билдирди:

- 2010-жылы 21 жашка чыккан уулум мерт болгон. Мен тынчтыкты гана тилейм. Уруш болбой, эки элдин ынтымакта жашашын каалайм. Мен азап чегип жашап жатам.

Жалал-Абад шаарында маалымат жыйын курган аксакалдар да ушул сыяктуу ойлорун айтышты.

Ал эми Бабановдун штабы тараткан билдирүүдө “соңку кезде жалпыга маалымдоо каражаттарында ага карата "кара пиар" күчөгөнү” белгиленет. Бабанов Ошто эл менен жолукканда бардык улуттарды ынтымакта жашоого үндөп, кайсы бир талапкерге добуш бергиле деп мажбурлап коркуткандарга чогуу каршы турууга чакырганын айтылат.

Бул жаатта коомчулуктун да пикири эки ача. Кара-Суу районунун тургуну Гүлбарчын Шарабидинова талапкердин айтайын дегенин бир жактуу карабоо керек деген оюн “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Проблема ойдон чыгарылбайт. Көйгөйдү айтканы деле туура, бирок бир аз аша чаап кетиптир. Башкалары проблема жок деп, жашообуз жыргал деп жатышпайбы.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы да бул боюнча эскертүү таратып, талапкерге байланыштуу видеожазууларды жайылтууда этият болууга үндөдү.

Оштогу өзбек улуттук маданий борборунун презденти Рашидхан Ходжаев президент болом дегендердин улут аралык маселени саясатка аралаштырганы туура эместигин белгилейт:

- Бардык талапкерлерди эки элдин ортосуна бүлүк салган кадамдарга барбоого чакырам. Саясат өз жолунда, эл өз жолунда жүргөнү жакшы.

Сейтек Качкынбаев
Сейтек Качкынбаев

Саясий серепчи Сейтек Качкынбаев буга чейин "Азаттыкка" саясий атаандашты каралоо дүйнөлүк саясий тажрыйбада кеңири колдонулуп келгенин айткан. Ал эмес, “кара пиардын” артынан атаандашынын саясий барк-баасын түшүргөн учурлар арбын. Бирок серепчи баары өз чени менен болушу керек деген пикирде:

​- "Кара пиар" бардык жерде колдонулат. Жапонияда, Кореяда саясатчылар мыйзамды бузса, моралдык жактан туура эмес иш кылса, мас болуп алып кыздарга тийишсе, видео, фотого тартып келип коомчулукка чыгарган учурлар болот. Бирок ал жактагы "кара пиар" биздикиндей примитивдүү эмес. Мунун жетинчи атасынын уруусу саруу же багыш экен, булар башка экен деп бөлмөй жок.

Буга чейин КСДП сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбековдун жактоочулары да кыргыз-өзбек мамилесине байланышкан үгүттү колдонушкан. Алар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын ачылышында “Жээнбековдун салымы бар” деген маалымат таратышкан. Мындай сөздөр жер-жерлердеги жолугушууларда да айтылууда.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бул кызматка 13 талапкер расмий катталган. Алардын бири – Камчыбек Ташиев жарыштан чыгарын 25-сентябрда билдирген. Байкоочулар негизги күрөш Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда жүрүп жатканын белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG