Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:37

Соңку кезде президенттикке талапкерлердин динине, улутуна, жердигине, кала берсе сырткы келбетине асылып, кемсинткен каралоо күчөп, чектен чыкканы айтылууда.

Айрым байкоочулар мындай “кара пиар” саясий маданияттын төмөндүгү десе, кээ бири кадыресе көрүнүш катары баалашат.

Талапкерлерди каралаган ар кандай видео, фото жана макалалар социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу тарап жатат. Андыктан мындай “кара пиарды” кимдер кылып жатканын ачыктоо кыйын.

Активист Болот Темиров Фейсбукта атайын фейк аккаунттарды аныктаган баракча ачып, талапкерлердин үгүт ыкмаларына көз салууда. Анын баамында соңку учурда айрым талапкерлерге каршы “кара пиардын” эң ыпылас ыкмалары колдонулуп жатат. Социалдык тармактардан талапкердин улутуна шек келтирген, жакындарын кемсинткен материалдар желдей тарап жатканын байкоого болот.

- Чектен ашып кетишти. Калп маалыматтарды таратып, шылдыңдап, маймылга теңеп сүрөт жасап, каза болгон энесинин улутуна чейин асылып жатышат. Бул эми адамкерчиликке жатпайт, экинчиден “кара пиар” өз максатына жетпейт. Мындайлар чыга берсе улут аралык маселе чыгып кетиши мүмкүн.

Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов Кыргызстанда саясий күрөш маданиятынын төмөндүгүнөн адамдын кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар көңүл чордонуна чыкты деп эсептейт.

"Талапкерлердин кесипкөйлүк, буга чейинки саясаттагы кемчиликтерин ачык сындоо менен атаандашуу болушу керек эле", - дейт Ааматов.

- Демократиялуу мамлекетте саясий атаандаштар бири-бирине сый мамиле кылышат. Алар талапкердин өзүн эмес, программасын сындайт. Биздикилер ушакчы, бозо ичип алган аялдардай болуп жатышат да.

Саясий серепчи Сейтек Качкынбаевдин айтымында, саясий атаандашты каралоо дүйнөлүк саясий тажрыйбада кеңири колдонулуп келет. Ал эмес “кара пиардын” артынан атаандашынын саясий барк-баасын түшүргөн учурлар арбын. Бирок серепчи баары өз чени менен болушу керек деген пикирде:

Сейтек Качкынбаев
Сейтек Качкынбаев

- Кара пиар бардык жерде колдонулат. Жапонияда, Кореяда саясатчылар мыйзамды бузса, моралдык жактан туура эмес иш кылса, мас болуп алып кыздарга тийишсе, видео, фотого тартып келип коомчулукка чыгарган учурлар болот. Бирок ал жактагы "кара пиар" биздикиндей примитивдүү эмес. Мунун жетинчи атасынын уруусу саруу же багыш экен, булар башка экен деп бөлмөй жок.

Байкоочулар президенттик орун үчүн жарышка аттанган 13 талапкердин ичинен эки талапкердин ортосунда кызуу атаандаштык жүрүп жатканын айтышууда. "Кара пиар" же дайын-дареги жок маалыматтар дал ошол Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов тууралуу тарап жатканын байкоого болот.

“Кара пиар” – кайсы бир саясатчы, саясий күч же компания, уюмундун имиджине көлөкө түшүрүү үчүн атайын уюштурулган маалыматтык сокку. Википедиядагы маалыматтарга ылайык, бул термин 1980-жылдары пайда болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG