Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Акыйкатчы шайлоо эрежелери бузулуп жатканын билдирди


Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

Акыйкатчы Кубат Оторбаев соңку бир канча күндө шайлоо өнөктүгү маалында мыйзамдардын талаптары бузулган учурлар катталганын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясын убагында чара көрүүгө чакырды. Омбудсмен аппараты жума күнү тараткан билдирүүдө Коомдук телеканалда кайсы бир талапкерди каралаган маалымат кеткени, диний ишмердин шайлоо өнөктүккө катышканы, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин Баткендин активдери менен жолугушуудагы сөздөрү шайлоо эрежелерине туура келбегени айтылган.

Буга чейин талапкер Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү КТРКда саясатчыга каршы каралоо жүрүп жатканын айтып, сотко кайрыларын билдиришкен. Коомдук телеканалдын жетекчилиги мыйзамды бузбаганын маалымдаган.

Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуп, бийликтин талапкерин колдой турганын айткан. Бирок вице-премьер ал сөздөрүн үгүт деп кабыл албоо керектигин БШКда жума күнү өткөн жыйында кайталады.

20-сентябрда Кыргызстандын аймактарынын бириндеги жыйында мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогон сөздөрү тартылган видео интернетте тараган. Анда Жалилов өз чечимин жарандык тандоосу катары түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG