Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

БШК Зилалиев менен Жалилов боюнча арызды карады


БШК имараты.
БШК имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн жүргүзүү боюнча жумушчу тобу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жана мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун үстүнөн түшкөн арызды карады. Ага вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев да чакырылып, Баткен облусунун активи менен жолугушкан учурда сүйлөгөн сөзү тууралуу түшүндүрмө берди:

- Мен үгүт кылган эмесмин жана муну бир нече жолу айткам. Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн айткан эмесмин, чакан чөйрөдөгү жеке пикирим болчу, - деди.

Бул маселе менен кошо мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун эл менен жолугушууларынын биринде сүйлөгөн сөзүнө байланышкан арыз да каралды. Жээнбековдун БШКдагы өкүлү Жылдыз Сманбаева Чубак Жалилов бул жыйынга конок катары чакырылганын айтты. Анын билдиришинче, жыйын президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин үйүндө уюштурулган. Жыйын үчүн Жээнбеков жоопкер эмес. БШКнын жумушчу тобу бүгүнкү жыйында айтылгандарды талдап көрүп, чечим кабыл алмай болду.

Мамлекеттик кызматтагы адамдарга үгүт иштерине аралашууга мыйзам жол бербейт деген негизде вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин Баткен облусунун активи менен жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүн талдап, расмий эскертүү берүү суранычы менен БШК төрайымына жарандык активист Адил Турдукулов жана президенттик кызматка талапкер Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү арыз жазышкан. Ушундай эле өңүттөгү экинчи арызда аталган тараптар Жээнбековдун шайлоо штабы менен Чубак Жалиловго расмий эскертүү берүүнү өтүнгөн.

Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуп, бийликтин талапкерин колдой турганын билдирген. 21-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков ага эскертүү берип, шайлоо боюнча республикалык штабды жетектөөдөн четтеткен.

Ал эми президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын аймактарынын бириндеги эл менен жолугушуусунда Чубак Жалиловдун сүйлөгөн сөзү тартылган видео 20-сентябрда интернетте тараган. Тасмада Жалилов "Жээнбековду колдойбуз деп келип отурабыз" деп айткан.

Бул жолугушууга Жээнбеков менен биригип, оппозициялык ишмердигин токтоторун жарыялаган президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев да катышкан.

Президенттикке аттанган 13 талапкердин үгүт иштери өлкө аймагында 10-сентябрдан бери уланып жатат. Шайлоо 15-октябрга белгиленген. (NT)

XS
SM
MD
LG