Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

БШК мүчөсү: ИИМ шайлоого кайдыгер


Иллюстрация
Иллюстрация

Ички иштер министрлиги алдыдагы президенттик шайлоону уюштуруудагы коопсуздук маселесине кайдыгер мамиле кылып жатканын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев "Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылы өткөргөн 26-сентябрдагы жыйында билдирди.

Ички иштер министрлиги бул дооматты четке кагып, мыйзамга шайкеш тиешелүү иштер аткарылып жатканын белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Ички иштер министрлиги шайлоону уюштуруудагы коопсуздук маселесине көңүл бурбай жатат деп, министр Улан Исраиловго ачык кайрылуу жасады:

- Мен БШКда тартип коргоо органдары менен кызматташуу боюнча түзүлгөн жумуш тобун жетектейм. Бирок ИИМден маалымат жок. Министрге чалсам албайт, кабылдамасына телефонограмма калтырдым. Реакция жок. Эптеп бир тергөөчүнү айтышыптыр катышат деп. Ар бир шайлоо тилкесинде ар кандай коркунучтар болушу мүмкүн. Бир талапкер саат алтыдан кийин шайлоо тилкесине чогулгула деп жатыптыр. Кечинде эмне кылышат? Албетте, ар кандай чагым болушу ыктымал. ИИМдин ролу азыр өзгөчө зор. Бирок министр тоготпой жатат. Ушинтип да шайлоо өткөрөбү? Мисалы, Ошко бардым. Абал оор. Үгүт иштеринде да ар кандай тобокелдиктер бар.

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

Боршайком мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин айтымында, дегеле укук коргоо органдары шайлоону уюштуруу ишиндеги күтүүсүз окуя-фактыларга байланыштуу ыкчам аракет жасабай жатат.

Жыйынга катышкан активист Адил Турдукулов БШКнын мүчөсүнүн сынын жөндүү деп эсептейт. Турдукулов интернеттеги социалдык түйүндөрдө үгүт, шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттери тууралуу ар кандай бейрасмий маалыматтар чыгып жатканына карабай, милиция фактыларды териштирбей жатат деди.

Бирок Ички иштер министрлиги жыйында айтылган сындар менен макул эмес. ИИМдин маалыматы боюнча мекемеде шайлоого байланыштуу штаб түзүлүп, БШКнын жыйындарына милициянын өкүлү катышып эле жатыптыр. Андан сырткары коомдук тартипти сактоодо, ар кандай мыйзамсыз иштерди аныктоодо башка укук коргоо органдары менен иштеп жатканын маалымдашты. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов:

- Бизде да шайлоого байланыштуу штаб түзүлгөн. Кайсы жерде болбосун, ар бир факт, ар бир окуя, кайрылуу боюнча прокуратура органдары менен биргеликте иш жүргүзүп жатабыз. Шайлоо баннерлерин уурдап кетүү же айрып салуу сыяктуу ар кандай фактылар бар. Эгер БШКнын жумушчу тобуна биздин өкүл катышуусу керек болсо, мен ал маселени тактайын. Бирок коомдук тартипти сактоо жана шайлоого байланыштуу бардык иш-чаралар боюнча ИИМде план белгиленген. Коопсуздук кеңешинин тапшырмаларынын негизинде УКМК, прокуратура менен бирге кызматташып жатабыз.

БШК мүчөсү: ИИМ шайлоого кайдыгер кароодо
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Ал ортодо президенттик шайлоо өнөктүгүндө кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү активдешкени тууралуу маалыматтар да тарап жатат. Жогорудагы жыйынга катышкан коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев арты-артынан абактан бошотулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү шайлоодо кайсы бир талапкерге “кызмат” кылбай турганына кепилдик жок дейт. Ошондуктан милиция кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл деп эскертип өттү.

Ал эми саясий серепчи Төлөгөн Келдибаевдин баамында, шайлоо өнөктүгү маалында кайсы бир аймакта кара күчү аркылуу барк күткөн жигиттерди пайдалануу кадыресе көрүнүшкө айланып баратат, азыр дагы айрым талапкерлерди ошолор жандап жүрөт:

- Алар дагы даяр турушту кайсы талапкерди колдосок деп. Криминалдар эки-үчкө бөлүндү. Бийликчил талапкеринде дагы, ага оппозиция болуп жатканында дагы криминалдык элементтер байкалып жатат. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага 13 талапкер ат салышып, алардын негизгилери учурда эл кыдырып, үгүт иштерин жүргүзүүдө. Байкоочулардын айтымында, үгүт иштери курч мүнөздө өтүп жатат. Соцтармактарда бири-бирин каралаган, административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге айыптаган, бирок, такталбаган маалыматтар күн сайын чыгууда.

Азырынча Башкы прокуратура тарабынан студенттерди Жээнбековду колдоого мажбурлады деген окуя боюнча гана кылмыш иши козголгондугу маалым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG