Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Кыргыз шайлоосу Вашингтондо талкууланды


Вашингтондогу брифингдин катышуучулары: Еверетт Прайс (Хельсинки комиссиясы), Эрика Марат, Энтони Бойер, Марк Бехрендт (оңдо)
Вашингтондогу брифингдин катышуучулары: Еверетт Прайс (Хельсинки комиссиясы), Эрика Марат, Энтони Бойер, Марк Бехрендт (оңдо)

Кыргызстандагы президенттик шайлоону Вашингтондогу эксперттер талдашты. 26-сентябрда АКШнын Хельсинки комиссиясы үч эксперттин катышуусунда брифинг өткөрдү.

15-октябрга белгиленген президенттик шайлоо Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө өбөлгө түзө алабы? Дал ушул суроо Хельсинки комиссиясы атка конгон АКШ өкмөтүнүн адам укуктары жана коопсуздук маселелерине көз салган агенттигинин 26-сентябрдагы брифингинин өзөгүн түздү.

Ага катышкан Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат алдыдагы кыргыз шайлоосу Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү шайлоолордон кыйла артыкчылыктуу деп эсептейт. Ал буга шайлоодо ким жеңерин алдын алуу айтуу мүмкүн эместигин, атаандаштык бар экенин жүйө келтирди.

Эксперт бул шайлоо бийлик башындагы адамдын буйругу менен эмес, Конституциянын негизинде өтүп жатканын, талапкерлердин кайсы региондон чыкканы мурдагыдай маанилүү болбой баратканын белгиледи.

Ошентсе да Эрика Марат бул шайлоодо 1990-2000-жылдардагы авторитардык бийликтин учурунда кенен жайылган ыкмалардын белгиси бар экенин, биометрика маселеселинен улам миңдеген мигранттар шайлоо процессинен чыгып калганын, Рита Карасартова, Камила Шаршекеева сыяктуу кызыктуу идеялары бар билимдүү адамдар шайлоого катыша албай калганын айтты:

- Парламентте күчтүү өкүлчүлүгү бар талапкерлерде гана Кыргызстанда президенттик шайлоону утуу мүмкүнчүлүгү жогору. Үгүт иштери 35 күн гана созулгандыктан саясий истаблишментке кирбеген, парламентте өкүлдөрү жок же кайсы бир партиянын колдоосу жок адамдар күчтүү атаандаштык көрсөтө алышпайт. Шайлоонун жыйынтыгынан соң бир лидердин өкүмү менен иштеген түйүндөрдүн бекемделгенин көрөбүз, - деди Эрика Марат.

Шайлоо системалары боюна эл аралык фонддун Борбор Азия боюнча программалык менеджери Энтони Бойер лидерлери сейрек алмашкан Борбор Азия чөлкөмү үчүн Кыргызстандагы шайлоонун мааниси чоң экенин айтты. Соңку 30 жылда 145тен ашык өлкөдөгү шайлоогө көз салган бул уюмдун эксперти Кыргызстанда добуш берүү жаңы технологияларга ылайык өтүп жатканын оң баалады.

Бирок ал административдик ресурс, акчага добуш сатып алуу маселеси шайлоонун жыйынтыгынын ишенимдүүлүгүнө кедергисин тийгизиши мүмкүндүгүн эскертти.

- Мамлекеттик административдик ресурсту бир талапкердин пайдасына колдонуу - тынчсыздануу жараткан маселелердин бири. Андыктан эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө багытында Борбордук шайлоо комиссиясы менен жарандык коомдун алдында чоң сыноо турат. Ошондой эле үгүткө сарпталган каражаттын булагы да ачык көрсөтүлүшү керек. Мурдагы кыргыз шайлоолорунда ачык жарыяланбаган каражаттар боюнча шектенүүлөр болгон. Мындан тышкары добуш сатып алуу узактан бери маселе жаратып келет. Бул көйгөйлөр жаңы эмес. Бирок ири масштабда орун ала турган болсо шайлоонун тазалыгына коркунуч жаратат, - деп билдирди Шайлоо системалары боюна эл аралык фонддун эксперти Энтони Бойер.

Бишкекте административдик ресурсту колдонууга каршы уюштурулган акция, 17-сентябрь.
Бишкекте административдик ресурсту колдонууга каршы уюштурулган акция, 17-сентябрь.

Ал эми дүйнөдөгү демократия жана медиа эркиндигине байкоо салган "Фридом Хаус" уюмунун Евразия боюнча директору Марк Бехрендт бул жолку шайлоо Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы көрсөткүчтөрү төмөндөгөн шартта өтүп жатканын айтты.

Ал буга медиа уюмдары менен соттошууларды, оппозиция өкүлдөрүнүн камакка алынышын мисал келтирди:

- Эки саясатчынын буга чейин жасады делген кылмыштары үчүн соттолушун өкмөттү сындагандар потенциалдуу талапкерлерге бөгөт коюу аракети катары баалашты. Алар "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы депутат Садыр Жапаров.

Ошентип, эксперттер Кыргызстанда шайлоо алдында оң жылыштар менен катар тескери көрүнүштөр жок эместигин белгилешет.

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмундагы кайрылуусунда "таза жана ачык шайлоо өткөрүү туруктуулуктун кепилдиги экенин, аны үчүн бекем саясий эрк бар экенин" айткан.

Кантсе да ачыктык, айкындык сыяктуу демократиялык баалуулуктар канчалык коомго сиңгени 15-октябрдагы шайлоодон кийин дагы анык көрүнмөкчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG