Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:35

Шайлоо алдында саясатчылар менен кылмыштуу топторду бири-бири менен кызматташууга эмне түртөт? Кыргызстанда айрым коомдук ишмерлер кылмыштуу топтун мүчөлөрү шайлоого кийлигишпейби деп суроо салышууда.

Постсоветтик чөлкөмдө “мыйзамдагы уурулар” же криминалдык төбөлдөр шайлоого аралашкан көрүнүштөр канчалык кенен жайылган? Грузиядагы Мамлекет жана укук институтунун криминология боюнча профессору Георгий Глонти "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Глонти мырза, постсоветтик чөлкөмдөгү уюшкан кылмыштуу топторду көп жылдардан бери изилдеп келесиз. Сиздин баамыңызда бул чөлкөмдөгү шайлоолордо криминалдык төбөлдөрдүн кандайдыр бир ролу барбы?

Кыргызстанда "каралар" “бизнесменге” айланышкан. Мындан улам алар өздөрүнө тийишпеген саясатчыларга ыкташат. Алар түз таасир тийгизбей, өз бизнестерин сактап калуу үчүн саясатчылар менен карым-катнашта болушат.

Георгий Глонти: “Мыйзамдагы уурулар” 90-жылдардын башында абдан активдүү болчу. Советтер союзу ыдырагандан кийинки 10-15 жылда криминалдык авторитеттердин “алтын доору” өкүм сүргөн. Анда кылмыш төбөлдөрү же “мыйзамдагы уурулар” жетектеген көптөгөн топтор бийликти колго алууга аракет кылышкан. Айрым региондордо алар бул максатын ишке да ашырган. Саясатка тез-тез аралашып турган. Мисалы, Орусияда Мамлекеттик Думага авторитеттер келгени жана жергиликтүү бийлик кылмыштуу топтор менен кызматташканы тууралуу түрдүү жаңжалдар болгон.

Бирок соңку жылдары мурдагы советтик өлкөлөрдө, анын ичинде Орусия менен Кыргызстанда бийлик башында турган күчтөр туруктуу болуп калды. Андыктан “мыйзамдагы уурулардын” түздөн түз ролу анчейин сезилбейт. Алардын ролу адатта саясаттан мурда экономикалык кызыкчылыкка байланыштуу. Көбү “бизнесменге” айланышкан. Мындан улам алар өздөрүнө тийишпеген саясатчыларга ыкташат. Алар түз таасир тийгизбей, өз бизнестерин сактап калуу үчүн саясатчылар менен карым-катнашта болушат.

“Азаттык”: Шайлоо маалында саясатчыларды криминалдуу топтор менен кызматташууга кандай жагдайлар түртүшү мүмкүн? Саясатчылар алардан эмне күтөт?

Георгий Глонти: Албетте, саясатчылар жеңишке жетүүнү каалашат. Алар бул максат үчүн криминалдык авторитеттерди гана колдонушпайт. Соңку жылдары дүйнөдө оппонентке таасир көрсөткө алган бардык ыкмалар колдонулган кир шайлоолорду көрүп жатабыз. Алардын бир формасы катары “мыйзамдагы уурулар” колдонулат. Бул – алардын эч бир каттоодон өтпөгөн кылмыштуу акчасы; алардын коркутуп-үркүтүү, шантаж менен коштолгон физикалык күчү.

Өзгөчө бардык ыкмалар пайда алып келип турган шайлоо өнөктүктөрү маалында кылмыштуу төбөлдөрүн түрдүү максатта колдонсо болот. Мен бул ыкма соңку убакта өтө көп колдонулуп жатат деп айтпайм. Себеби, бир четинен бул ыкма өзүнүн купуялыгы менен жана көзөмөлү жок ири суммадагы акча алуу мүмкүнчүлүгү менен абдан кызыктырат. Ошол эле учурда кылмыштуу топ менен кызматташуу саясатчылардын абройуна өтө чоң сокку урушу мүмкүн. Мындан улам саясатчылар түз байланыштан оолак болгусу келишет.

“Азаттык”: Кримтөбөлдөр менен кызматташуудагы саясатчылардын максатын түшүндүрүп өттүңүз. Ал эми кылмыштуу топтор саясатчыга көрсөткөн кызмат акысы үчүн эмне алат?

Георгий Глонти: Кызматташтыктын бир канча түрү бар. Мисалы, криминалдык лидердин жакындары, балдары же туугандары бийликтин кайсы бир бутактарында иштеши мүмкүн. Атасы криминал, балдары мыйзамдашууга аракет кылган билимдүү адамдар болгон учурлар көп. Кезинде АКШда айрым мафия өкүлдөрү бара-бара коомдун мыйзамга баш ийген мүчөсүнө айланган. Буга окшош жагдайды постсоветтик алкактан да көрсө болот. Бул чөлкөмдөгү бардык кылмыштуу топтор бийлик менен тыгыз кызматташып, бийликте өз адамдары болушун каалашат. Бул бир ыкма.

Экинчиси - өз кызыкчыларын коргоо жана бизнесин кеңейтүү. Бийликте сага карызы бар адамдар отурганда алар жакшы пайда алышат, кирешелүү тендерлерге катышат. Эң башкысы өз бизнесин коргой алышат. Бул эки тарапка тең пайдалуу. Бир тараптан аларда кирешелүү бизнес бар. Экинчи тараптан алар криминалдык дүйнө менен кызматташкан деңгээлге чейин коррупциялашып кеткен бийликти каржылап турушат. Тилекке каршы, мындай көрүнүш постсоветтик чөлкөмдөгү көп өлкөлөрдө байкалат. Болгону ал сыртынан башкача көрүнөт. Алар акырындык менен күч колдонуудан экономикалык мүнөзгө өттү. Мындай өзгөрүүнү мурдагы советтик өлкөлөрдүн бардыгынан көрүүгө болот.

Мисалы, биз Кыргызстанда кылмыштуулуктан жабыркагандар тууралуу үч миң адамды сурамжылоого алган чоң изилдөө жүргүзгөнбүз. Алардан “Кримтөбөлдөр мамлекетке канчалык таасир этет? Аларды айдан байкайсыз? Андай окуяларга кездешкен эмес белеңиз?” деген суроолорду бергенбиз. Алардын жообунан кийин кримтөбөлдөрдүн катардагы адамдардын жашоосунда өтө чоң ролу жок экен деген бүтүмгө келгенбиз.

“Азаттык”: Адатта саясатчылар кылмыштуу топторду колдонгону тууралуу көз сөз болот. Бирок кримтөбөлдөрдүн өздөрү шайлоодо кайсы бир саясатчыны атайылап өз максаты үчүн пайдаланган учурлар болушу мүмкүнбү?

Криминалдардын мүмкүнчүлүгү болсо алар өздөрү акчалай каржылоо же кайрымдуулук иштерин жүргүзүү сыяктуу өз кызматын сунуш кылышы мүмкүн. Алар саясатчылардын өткөн-кеткендерин колдонуп, шантаж кылышы да ыктымал.

Георгий Глонти: Албетте, толук болушу мүмкүн. Бул эки жакка тең пайдалуу кызматташуу. Эгер криминалдардын мүмкүнчүлүгү болсо алар өздөрү акчалай каржылоо же кайрымдуулук иштерин жүргүзүү сыяктуу өз кызматын сунуш кылышы мүмкүн. Алар саясатчылардын өткөн-кеткендерин колдонуп, шантаж кылышы да ыктымал. Бул өтө мыкты иштелип чыккан формула.

Маңзат колдонгон, сойкуларга барган саясатчылар бар. Андай жерлерди ким көзөмөлдөйт? “Мыйзамдагы уурулар”. Мисалы, Орусияда башкы прокурорго чейин шантаж кылган учурлар болгон. Кылмыштуу топтор компраматтарды чогултуп, кийин аларды колдонушкан. Эгер кайсы бир адам, өзгөчө коомдук ишмер кылтакка илинсе, ал бардык тапшырманы аткарууга даяр болот.

Мындан тышкары саясатчыларды түздөн түз коркуткан учурлар да бар. Бийлик алсыз болсо, муну өзгөчө региондордон байкаса болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG