ЕАЭБ: Москва уюмдун аймагын кеңейтүүнү көздөйт
Бүгүн Дональд Трамп менен Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуунун жолдорун талкуулайт. Бул сүйлөшүүгө Владимир Зеленский катышпайт. Европадагы лидерлер Аляскадагы саммит Украинанын позициясын алсыратып койбойбу деп кабатыр. Орусия Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагын кеңейтүү үчүнчү өлкөлөр менен кызматташууну арттырууну сунуштады. Айрым адистер изоляциядан чыгуу үчүн Кремль бул өндүү аянтчаларга өзгөчө көңүл бура баштаганын белгилеп жатышат. Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин укук коргоочу Рита Карасартованы эркиндикке чыгарып, айыптарды алып салууга чакырды. Бүгүн Свердлов райондук сотунда укук коргоочунун иши боюнча жараян кайрадан жылдырылды.
Чыгарылыштар
-
Июль 17, 2026Бишкек соту Имамидин Ташовду сегиз жылга кести
-
Июль 15, 2026“Сөгүп, ур-тепкиге алышат”. Абактагы Аскаттын каты
-
Июль 13, 2026Абактагы Алга Кылычевдин абалы кандай?
-
Июль 10, 2026Казак полициясы чек арада машинелерди текшерет
Шерине