Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

АКШ орус мафиясын кармады


АКШнын кумар оюндары кеңири жайылган Лас-Вегас шаары.
АКШнын кумар оюндары кеңири жайылган Лас-Вегас шаары.

АКШ прокурорлору орус мафиясынын мүчөлөрү делген 30дан ашуун адамга оор кылмыштар боюнча айып тагып, алардын басымдуу бөлүгүн кармады. Американын Юстиция министрлиги көбүнесе грузиндер жана орус тектүүлөрдөн турган шектүүлөрдүн тизмесин жарыялады. Алардын арасында борборазиялыктар да бар.

Нью-Йорк штатынын Түштүк районунун прокурорлору мурдагы Советтер Союзунан чыккан 33 адамга рекетчилик, көз боёмочулук, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, уруулук, буюртма киши өлтүрүү сыяктуу олуттуу беренелер боюна айып койду.

Алардын 27син Орусия, Грузия жана Украина менен бекем байланышы бар Ражден Шулая жана Зураб Жанашвили аттуу кримтөбөлдөр жетектегени белгилүү болду. Прокурорлор Шулаяны "мыйзамдагы ууру" деп мүнөздөштү.

Юстиция министрлиги жарыялаган расмий билдирүүдө, Манхэттендин федералдык прокурору Жун Ким орусиялык "мыйзамдагы ууруга" рекетчилик боюнча алгач ирет айып тагылып жатканын билдирди.

33 адамдын 23ү камакка алынды, бешөө качып жүрөт, калгандарынын баш коргоо чарасы каралууда.

Бир канча жыл мурда орус мафиясынын өкүлдөрү деген адамдар Испанияда кармалган.
Бир канча жыл мурда орус мафиясынын өкүлдөрү деген адамдар Испанияда кармалган.

2000-жылдардын башында америкалык окумуштуулар менен орус мафиясын иликтеген грузиялык укук жана криминология профессору Георгий Глонти бул кабарга таң калбаганын, АКШдагы орус мафиясынын таржымалы 1970-жылдарга барып такаларын айтат:

"Орус мафиясы АКШ үчүн жаңы көрүнүш эмес. Алар олуттуу эл аралык кылмыштуу топтордун ичине кирет. Кытай, Жапония, Италия жана Мексикадан чыккан криминалдык топтордун катарында турат. Америкада уюшма кылмыштуу топ менен күрөшкөн атайын органдар бар. Алардын бир бөлүмү орус мафиясына каршы күрөшүү менен алек болот. Орус мафиясы деген түшүнүккө пост-советтик чөлкөмдөн чыккан бардык кылмыштуу топтор кирет".

АКШ прокурорлору жаңы кармалган кылмыштуу топ атактуу Брайтон-Бичтен Лас-Вегаска чейин кылмыштуу аракеттер менен алек болгон дейт. Топтун мүчөлөрү мыйзамсыз казинолорду ачканы, банкоматтарга ар кыл электрондук жабдыктарды жабыштырып акча уурдаганы, жергиликтүү бизнесмендерден акча өндүргөнү, мыйзамсыз чылым жана маңзат ташыганы, ири көлөмдөгү жүктөргө кол салганы аныкталган.

Ражден Шулая жетектеген кылмыштуу топтун аял мүчөлөрү эркектерди алдап, аларды ар кыл газ менен эстен тандырып, тоноп кеткен. Мындан тышкары бул топ полиция кызматкерлерин паралоого, документтерди жасоого аракет кылган.

Грузин-орус кылмыштуу топторун кармоо, Москва аймагы, 2016-жылдын июль айы.
Грузин-орус кылмыштуу топторун кармоо, Москва аймагы, 2016-жылдын июль айы.

Профессор Георгий Глонти АКШдагы орус кылмыштуу топтору көбүнесе өз аймагынан чыккандарды бутага аларын айтат:

"Бул кылмыштуу топтор өзгөрдү. Советтер Союзу учурундагыдай түрмөдө отуруп алып, криминалдык бизнестерди калкалоо менен алектенгендер эмес. Бул топтор башка мафиялар сыяктуу эле этникалык диаспораларга, алардын ичинде пост-советтик аймактардан чыккандарга таасир этишет. Кумар оюндарын уюштуруу, маңзат сатуу сыяктуу киреше алып келген бардык иш менен алек болушат. Алар колумбиялык криминалдар сыяктуу бир гана маңзат менен иштешпейт".

АКШ айып таккан 33 адамдын арасында Тимур Сүйүнов, Бакай Марат уулу деген Борбор Азияга мүнөздүү ысымдар да бар. Алардын биринин жашы 28, экинчисиники 25 деп көргөзүлгөн.

Прокурорлордун маалыматы боюнча, Брайтон-Бичте жашаган Бакай Марат уулу бир өнөктөшү менен кошо мыйзамсыз курал-жарак саткан, буюртма киши өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда кармалган кылмыштуу топтун арасында кыргызстандыктардын бар-жогу териштирилип жатканын маалымдады.

Орус мафиясын ашкерелөө үчүн АКШнын бир катар коопсуздук мекемелери чогуу иш алып барышкан.
Орус мафиясын ашкерелөө үчүн АКШнын бир катар коопсуздук мекемелери чогуу иш алып барышкан.

Деген менен мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев орус кылмыш дүйнөсүндө борборазиялыктар аз дейт:

"Орусиядагы кылмыштуу топтордун 80-90 пайызы грузиндер. Борбор Азиядан чыккандар жокко эсе".

Прокурорлор тизмедеги адамдар сот чечими чыкмайынча күнөөлүү деп эсептелбей турганын эскертишти. Бирок күнөөлөрү аныкталса, минималуу үч жылга, болбосо өмүр бою абакка кесилиши мүмкүн.

Алты жыл мурда АКШнын ошол учурдагы президенти Барак Обама кримтөбөл делген Камчы Көлбаевди дүйнөдөгү 7 эң ири маңзат королунун бири катары кара тизмеге киргизген. Андан көп өтпөй АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин кылмыштуу схемасын ачып бергендерге бир миллион доллар сыйлык жарыялаган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG