Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:04

Өткөн жуманын аягында Бишкекте жеке менчик күзөт агенттигинен 20 автомат уурдалганы кабарланды.

Андан мурдараак өлкөнүн Коргоо комитетинде дагы бир нече курал сатуу фактысы катталып, учурда тергөө жүрүүдө.

Аскердик куралдарды соодалоо бизнестин бир бөлүгүнө айландыбы? Тартиптин, жоопкерчиликтин жоктугубу? “Арай көз чарай” талкуусуна Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисинин мурдагы орун басары Марат Иманкулов, мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов жана коопсуздук боюнча эксперт, полковник Рысбек Байзаков катышты.

“Азаттык”: Армиянын кампасынан жана жеке менчик күзөт агенттигинен ири өлчөмдөгү ок атуучу куралдардын уурдалган фактылар эмнеден кабар берет? Курал бизнес кылуунун бир булагына айландыбы?

Марат Иманкулов: Биринчиден, бул фактылардын өзү кооптондурат. Эгерде биз Жакынкы Чыгыштагы окуяларды эске ала турган болсок, Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаал жеңил эмес. Бул куралдар жөнүндө маалыматты уккан ар бир адамда суроо туулат: алар кимге берилет, кимге сатылат, кимди атат? Куралдар кылмыштуу топтун колуна түшөбү же экстремисттердин колуна өтөбү – бул чоң суроо, көйгөй. Курал деген абдан бекем сактала турган, тыкыр көзөмөл кыла турган буюм.

“Азаттык”: Марат мырза, уурдалган же сатылган куралдар кандай максатта колдонулуп, кимге кетиши мүмкүн?

Аскер кампасынан курал-жарак уурдалды

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы Коргоо иштери боюнча комитет төрагасынын айдоочусу менен Чек ара кызматынын прапорщиги курал-жарак сатууга айыпталып, кармалганын ырастады.

Марат Кайыпов: Конституция боюнча эң жогорку аскер башчыбыз – президент. Бүт куралдуу күчтөр мамлекет башчысына баш ийет. Ири өлчөмдөгү куралдардын сатылып жатышы, уурдалып келатышы президент башкарган тармакта тартиптин жоктугу десек болот. Тергөө жүрүп аныгына чыкса балким курал сатып байып жаткандар болушу мүмкүн.

Курал уурдалган фактынын өзү өтө кооптуу. Сириядагы окуяларга катышуу үчүн Кыргызстандан эле канча киши кеткени, кайра кайтып келгени, аттарына чейин ким экендигин биздин кызматтар айтып жатпайбы. Эми ал жактан жеңиле баштаганда кайра келип жатышат. Кыргызстанга түз кайтып жатканы бар, Орусия аркылуу келишүүдө, жолдо келатып жардырууларды жасап жатышат. Эгер уурдалган куралдар ошолордун колуна түшүп кала турган болсо, анда эртең элди карай атылышын күтүшүбүз керек...

“Азаттык”: Курал сактоо, аны кайтаруу эрежелери, мыйзамы бар эмеспи, алар канчалык деңгээлде бекем аткарылат деп ойлойсуз?

Марат Иманкулов: Эгер азыркы мыйзамдардын шарттарын, талаптарын бекем сактаганда бир дагы курал уурдалмак эмес. Мыйзам сакталбайт, мунун баары шалаакылыктан болууда, курал сактаган жерлерде тартип жок.

Иллюстрация
Иллюстрация

“Азаттык”: Коргоо комитетинде курал уурдоо фактысы катталганда президент кыргыз армиясында куралдарды каттоого алып, бар-жогун териштирүүнү тапшырды эле, ушундан жыйынтык болдубу? Дегеле куралдын эсеби барбы?

Рысбек Байзаков: 2010-жылы канчалаган аскер куралдары тиешеси жок адамдардын колуна тийди. Ошонун канчасы кайтарылды? Биздеги маалыматтарга караганда элүү пайызга жакыны кайтарылды. Ош шаарында, Таласта ондогон куралдар карапайым элдин колуна өтүп кеткен. Ички иштер министрлиги ким куралды кайра кайтарса 10 миң сом сыйлык беребиз деди эле, андан да майнап чыкпады. Жети жылдан бери 600дөн ашык гана курал элден алынды. Президент бул маселени жөнгө салуу үчүн буйрук чыгарган. Тилекке каршы, аткаруучулар аягына чейин таза жасабай жатышат. Дагы эле шалаакылык өкүм сүрүүдө.

1994-жылы Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүнөн 200 автомат жоголгон, ушул күнгө чейин күнөөкөр адам табылган жок, эч ким жоопкерчиликке тартылган жок.
Рысбек Байзаков

Марат Кайыпов: Аскерге барган ар бир адам билет, курал эмес, патронду да куралчан адам кайтарат. Демек, азыр айтып отурган шалаакылык дегенге мен ишенбей турам. Командирдин уруксаты жок курал сактаган кампага бирөө жакындаса жоокер атып салат. Коргоо комитетиби же Чек ара кызматынанбы ири өлчөмдө курал уурдалып жаткандан кийин ал мекемелердин жетекчилеринин, командирлеринин тиешеси бар деп бүтүм чыгарсак болот.

1986-жылы Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жүргөнбүздө бир тапанча жоголгон. Ошондо Орто-Азия аскер округунун жетекчилигинен, Ташкенттен генералдар вертолеттер менен учуп келишкен. Үч күн, үч түн эч кимибиз уктаган эмеспиз. Үч күндөн кийин табылган, көрсө бир студент алып алган экен. Бир тапанча үчүн ошондой жоопкерчилик, тартип болуп жатат. Тилекке каршы, бүгүн куралдар дүңүнөн, жащиктери менен уурдалып жатпайбы.

Рысбек Байзаков: 2016-жылдын октябрында Чек ара кызматында курал сатууга байланыштуу окуя болду. Ал окуяга тиешеси бар 26 офицер, прапорщиктер иштен бошотулду, 14үнө кылмыш иши козголду дешти. Бул жерде бир адам эмес, топ болууда. Демек кылмышка уюшкан көп адамдар аралашууда. Анчалык көп куралды чыгарып кетүү бир адамдын колунан келбейт. Ал жерде кайтарып турган солдат командири эшикти ач десе ачат, кимдир бирөөнү ат десе атат, ал буйрукту гана аткарат. Ар бир аскер бөлүгүндө куралдар боюнча командирдин орун басары деген кызмат бар. Ал түздөн-түз жоопкер.

Жакынкы эле тарыхка кайрылсак эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес. 1994-жылы Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүнөн 200 автомат жоголгон, ушул күнгө чейин күнөөкөр адам табылган жок, эч ким жоопкерчиликке тартылган жок.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG