Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Президент сапаттуу армияны көргүсү келет


Жоокерлер Оштогу машыгуулар маалында, 4-май, 2011-жыл
Жоокерлер Оштогу машыгуулар маалында, 4-май, 2011-жыл

20-июлда президент Транзиттик борбордун ордуна ачылган аскер бөлүгүнүн абалы менен таанышып, саны аз, бирок сапаттуу армия түзүү керек экенин билдирди.

Алмазбек Атамбаев аскердик реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, коопсуздук, коргонуу аракеттеринде жылыштар бар экенин белгиледи. Учурда кыргыз армиясына жаңы техника, курал-жарак келе баштаганын жана аскер кызматкерлеринин турак жай маселеси чечилип жатканын санап өттү.

Өткөн аптадагы атайын операцияны мисал кетирген мамлекет башчы учурда коопсуздук маселеси актуалдуу болуп турганда Кыргызстанга күчтүү армия керектигин айтты:

- Керектүү курал-жарак менен камсыз кылып жатабыз. Акыркы жылдары эле миң тоннадан ашык курал-жарак келди. Мындан кийин да жаңы техникалар келет деп күтүп жатабыз. Биздин армия чакан болсо да сапаттуу, күчтүү болушу керек. Ар бир жоого жооп берип, тумшугун талкалай турган куралдуу күчтөр болуш керек.

20-июль, 2015-жыл
20-июль, 2015-жыл

Айрым эксперттер чакан жана сапаттуу армия түзүү демилгесин туура деп эсептешет. Бирок андай армия - заманбап аскер техникасы жана мыкты даярдыктагы жоокер менен түзүлөт.

Кыргызстандын аскердик техника жагынан абалы белгилүү. Эксперттердин белгилешинче, бул маселеде кыргыз армиясы башка өлкөлөрдөн, тактап айтканда Орусиядан көз каранды болуп турат. Аскерий эксперт Сыргакбек Дүйшеев:

- Жашырганда эмне, курал жагынан коңшулар жардам берет. Алар ушул аймактагы коопсуздукту сактоо үчүн коңшуларына көмөктөшөт. Биздин өлкө аскердик келишимдерди түзүп, аракет кылып жатат.

Туу күнү, 3-март, 2012-жыл
Туу күнү, 3-март, 2012-жыл

Эки жыл мурда аскердик кызматташуу келишиминин негизинде Орусиядан Кыргызстан бир топ оор аскердик жабдууларды сураган. Бүгүнкү күндө кыргыз тарап ал техникалар келе баштады дегени менен, эмне курал экени ачыктала элек.

Айрым серепчилер Орусиядан жаңы техникалар келеринен күмөн санап келишет. Бирок кандай гана техника болбосун, алгач кесипкөй адистерди даярдоо керектигин айтат аскерий эксперт Марат Иманкулов:

- Кыргызстан көп сандагы армияны бага албайт. Эми биз сандан, сапатка өтүшүбүз керек. Ал үчүн жаңы заманбап техниканы түшүнгөн, билими жогору кадрлар керек. Азыр дүйнө жүзүндө жаңы техниканы колдоно баштады. Аларды колдоно алган бизде кадр жок болуп калбаш керек.

Кыргызстан жаңыдан эгемендүүлүктү алган жылдары куралдуу күчтөр, армия каралбай калганын кийинки бийлик какшап келет. Анткен менен алар айткандай аскердик реформа башталган жылдардан кийин деле кыргыз армиясынын абалы жакшырууда дегенге ынабаган эксперттер бар.

Кыргызстан 78-орунда

Транзиттик борбордун ордуна ачылган Улуттук гвардиянын атайын батальонунда 200 аскердин санын 1500ге жеткирип, атайын аскер бөлүгүн түзүү мерчемделүүдө. АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аэропортундагы Транзиттик борбор Кыргызстандагы ишин токтотуп, чыгып кеткенине бир жыл болду. Транзиттик борбор кыргыз тарапка 30 млн. долларлык имараттарын жана техникалык жабдыктарын калтырган.

Global Firepower аскердик-аналитикалык порталы түзгөн рейтингде кыргыз армиясы 126 өлкөнүн ичинен 78-орунда турат. Рейтинг аскерлердин саны, алардын курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыздалуу деңгээлине карап жүргүзүлгөн. Андагы маалыматка караганда, Кыргызстанда 16 миңден ашуун аскер кызматкери бар. 10 миң адам запаста турат. Ал эми 3 миллионго жакын жаран өлкөнүн жалпы мобилизациялык потенциалын түзөт.

Рейтингде "Кыргызстандын 150 танкы, 438 чопкуттуу машинеси, 30 өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшү, 159 артиллериялык куралы, 21 даана көп функционалдуу ракеталык системасы бар. Ошондой эле төрт транспорттук жана эки сокку уруучу тик учагы иштейт. Мындан тышкары Кыргызстандын аскердик бюджети 240 млн. доллар" деп көрсөтүлгөн.

Рейтингдин башында АКШ, андан кийин Орусия, үчүнчүдө Кытай турат. Коңшу Тажикстан 81-орунду, Өзбекстан 54-орунду, Казакстан 66-орунду ээлейт.

Атамбаев: ИМ - исламдын душманы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG