Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Жоокердин өлүмүнүн уурулук менен байланышы барбы?


Кыргыз армиясында курал-жарак, кийим-кече уурдоо фактылары буга чейин деле болгон
Кыргыз армиясында курал-жарак, кийим-кече уурдоо фактылары буга чейин деле болгон

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Кант аскер бөлүгүндөгү жоокердин өлүмү менен аскер формалары уурдалган фактынын байланышын иликтеп жатат.

20-январда Жогорку Кеңеште депутат Исмаил Исаков “маркум жоокер формаларды уурдагандарды билип калып, ушундан улам киши колдуу да болушу мүмкүн” деп айтып чыкты.

Канттагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан Элдияр Камчыбек уулу 10-январда асынып өлгөн. Андан кийин бул бөлүктө Орусиядан келген ири суммадагы аскер формалары уурдалганы ачыкка чыккан эле.

Парламенттеги Коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков кызматы аяктап калган жоокердин асынып өлгөнүнөн күмөн санап жатат. Анын баамында, бул окуянын аскер формалары уурдалган факты менен байланышы болушу ыктымал:

- Ал жоокердин үйүнө кетерине аз эле калган экен. Ал жоокер формаларды ким уурдаганын көргөн, билген болушу ыктымал. Күбөнүн көзүн тазалоо максатында асып өлтүргөн болушу мүмкүн деп тыянак чыгарганга менде толук мүмкүнчүлүк бар. Балким андай эместтир. Бирок мен буга чейин аскер жетекчиси болуп иштеп жүргөн адам катары ушундай тыянак чыгарам. Кетээрине бир ай калган жоокер асынып өлбөйт.

Кант шаарындагы №33 665 аскер бөлүгү өлкөнүн түндүгүндөгү аскердик түзүмдөргө бериле турган тамак-аш жана буюм-кече сакталган ири кампа болуп саналат.

Аскер прокурору Марат Эшперов Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында бул кампадан баасы 16 миллион сомдук Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун ыкчам тобундагы жоокерлерине деп Орусия берген формалар уурдалганын маалымдады. Бул окуянын жоокер өлүмү менен байланышы бар деген жоромол да иликтенип жатканын белгиледи:

- Козголгон кылмыш иштердин алкагында ошол жоокердин кампаларга канчалык тиешеси болгон. Ошол камалардын башчылары, кампачылар менен мамилеси кандай болгону иштин алкагында тергелип жатат. Бирок жоокердин өлүмү боюнча ишти тергөөнүн алдын-ала жыйынтыктары боюнча, ал асынып өлөргө бир күн калганда бир офицер жоокерлерге мыйзамсыз мамиле жасап, уруп-согуп кыйнаган экен. Ага каршы “өзүн-өзү өлтүргөн абалга жеткирди, кызматынан аша чапты”, деген айып менен иш козголуп, ал камакка алынды.

Аскер прокурору Эшперов формалардын уурдалашы боюнча Коргоо министрлиги өзү айтып чыкканын кошумчалады.

Асынып өлдү деген маркум жоокер армияга былтыр май айында чакырылган экен. Баткендин Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну болгон.

Анын атасы Камчыбек Асанов уулунун асынып өлгөнүнө ишенбей турганын “Азаттыкка” айтып берген эле:

- Балам каза болгон күнү айылда классташынын үйлөнүү тою болгон. Ага телефон чалган, башка достору менен да сүйлөшкөн. Апасына да телефон чалып, досунун тоюна белек бериңиз деп айткан. Арадан көп өтпөй эле ушундай болуп калды деп айтышты. Менимче, баламды жабыла уруп туруп, асып коюшкан болсо керек. Анткени анын өзү асынып калганына ошол жерди барып көргөн адам ишенбейт. Аскер бөлүктөгүлөр баламды таппай эки саат издедик деп жатышат. Дааратканага кирген адамга эле көрүнүп турган жерде экен.

Буга чейин Коргоо министрлиги жоокердин өлүмү боюнча алты адам кызматтан алынганын кабарлаган. Ал эми ошол жоокер кызмат өтөгөн жерден формалардын уурдалышы боюнча Аскер прокуратурасы үч кылмыш иш козгоду. Эки окуя боюнча тең тергөө толук аяктай элек.

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, былтыр жоокерлер арасында өзүн өзү өлтүрүү жана өмүрүн кыюу аракети боюнча жалпы 12 факт катталган. Анын ичинен жетөө өлүм менен аяктаган. Мурдагы жылы да 12 факт катталып, 11 аскер өлгөн эле.

Кыргыз армиясында курал-жарак, кийим-кече уурдоо фактылары буга чейин деле болгон.

XS
SM
MD
LG