Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:01

Исаевдин камалышы, Бабановдун билдирүүсү


Канатбек Исаев менен Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеште. 9-ноябрь, 2016-жыл
Канатбек Исаев менен Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеште. 9-ноябрь, 2016-жыл

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Бишкекте билдирүү жасап, депутат Канатбек Исаев аны колдоп чыкпаганда кармалмак эмес деген оюн айтты.

"Депутат Канатбек Исаев 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек" деген шек менен 30-сентябрда кармалган.

Бабановдун маалымат жыйыны

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов 1-октябрда чукул басма сөз жыйынын өткөрүшүн депутат Канатбек Исаевдин камалышы жана өзүнө карата шайлоо алдында каралоолор күчөгөнү менен түшүндүрдү.

Ал Исаевге байланыштуу интернетте тараган тасмаларда төңкөрүш тууралуу айтылган сөздөр жок экенин жана анын өзүнүн да мамлекетте башаламандык уюштуруу ниети болбогонун билдирди:

- Канатбек Кедейканович шайлоодо мени колдоп чыгып жатканы үчүн, аны камап салышты. Ал кишинин принципиалдуулугун мен билем, ал эч качан өлкөдө башаламандык уюштурууну каалабайт жана көздөгөн эмес. Анын мамлекеттик төңкөрүш тууралуу бир да сөзүн уккан эмесмин. Азыр аны каралап таратылып жаткан видеолорду мен толук көрүп чыктым, алардын биринде да мамлекеттик төңкөрүш тууралуу бир да нерсе айтылбаптыр. Экинчиден, адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана аныктай алат. Элибиз абдан жакшы билет, мен эч качан ак үйдү, бийликти басып алган эмесмин жана басып ала турган оюм да жок. Мен дайыма мыйзамдуу жолдо жүргөн адаммын. Көз карандысыз байкоочулардын баамында, шайлоодо менин рейтингим 65% түзүп жатат. Мен алдыда кетип жатсам, мен жана менин колдоочуларыма мыйзамды бузуп, башаламандык уюштуруунун эмне кереги бар? Жеңишке жете турган талапкер акыл-эси болсо мындай жолго барбайт, - деди Өмүрбек Бабанов.

Ал эми журналисттердин “Исаев акчаны эмнеге бериши мүмкүн?” деген суроосуна Бабанов “Ал да президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген, балким ошондо өзүнө үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бергендир, балким кол чогултуу үчүн бергендир” деп жооп берип, “бирок кененирээк Канатбек Исаев өзү сотто айтып берет” деди. Ал ошол эле кезде сот акыйкат чечим чыгараарына ишенбей турганын да белгилей кетти.

УКМК: Исаев башаламандыкка даярданмак

30-сентябрда Улуттук коопсуздук комитети парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаев жана кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча кармалганын кабарлаган. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов иш боюнча “Азаттыкка” буларды билдирген:

- 2017-жылдын 30-сентябрында массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында депутат Исаев Канатбек Кедейканович, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү кармалды. Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, массалык башаламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Бабанов Канатбек Исаевдин кармалышы боюнча оюн айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

УКМКнын маалыматына караганда, Канатбек Исаевге Кылмыш кодексинин 27 (кылмышка даярдануу), 233 (массалык башаламандык) жана 295 (бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу) беренелерине ылайык иш козголгон.

Интернетте тараган тасмалар

Бул маалыматтарга удаа эле интернеттеги Youtube каналында "Канат Исаев даярдык үчүн миллион берип жатат", "Криминалдын бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү (Бабанов-президент, Исаев-спикер, Төрөбаев-премьер-министр)", "Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдады" деген аталыштагы үч видео тасма тараган. Анын биринде Канатбек Исаевге окшош адам видео тасма тартып жаткан белгисиз жаранга 5 миң сомдуктардан куралган ири сумманы берип жатканы көрүнөт. Башка тасмада сүйлөшкөн адамдар "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиевдин атын аташканын да угууга болот. Иманалиев өзү “Азаттыкка” маек берип, Исаев менен төңкөрүш уюштурууга аракет болбогонун билдирген:

- Төрт видеону тең көрүп чыктым. Канатбек Исаев акча менен кармалды делген видео боюнча эч нерсе айта албайм. Анын канчалык чындыкка жакын экенин тергөө-иликтөө иштери далилдейт. Мага байланыштуулары боюнча кайрылсам, Эркин, Улан, Арсен, Жумагулов деп жүрөт, мен алардын бирин да тааныбайм. Алар менен жолугуп, сүйлөшкөн да эмесмин. Канатбек Исаев менен шайлоо башталгандан бери үч-төрт жолу кесиптеш катары жолуктук. Аны менен криминал, акча таркатуу, төңкөрүш жөнүндө сөз болгон эмес.

"Бийликтин аракети туруксуздукка алып келет"

Канатбек Исаевдин жакын санаалаштары жана "Кыргызстан" партиясы анын кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Саясатчы, экс-депутат Кабай Карабеков ​Исаевдин камалышын жана ал фактыны президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго байланыштырышын “бийликчил топтордун шайлоодон утулуп калбоо үчүн көргөн айла кеткендеги аракети катары” сыппаттады:

- Мунун баары бир эле нерсе менен байланыштуу, азыркы бийлик ушул курамда өз ордун сактап калгысы келип жатат. Ошону үчүн алар кош стандарттуу мамиле жасап жатышат. Башкаруучу партия тарабынан сунушталган, “мураскер” талапкер Жээнбековдун штабы мыйзам бузуп, өкмөттүн мүчөлөрүн жана диний кызматкерлерди үгүт жасатып, административдик ресурсту колдонуп жатканына эч кандай баа берилбей жатат. А ошол эле кезде шайлоодо фаворит болуп калган талапкер Бабановду жарыштан четтетүү үчүн, ал жана анын тарапкерлери жасабаган нерселерди аларга жамап, айыптап жатышат. Канатбек Исаевдин кармалышын деле ушул менен түшүндүрсө болот. Күбө, далил катары бандиттерди чыгарып, мамлекеттик телеканалдардан каралап жатышат. Бул өтө ыплас, уят көрүнүш. Азыркы бийлик ушул аракети менен жагдайды өзү дестабилдештирүүгө алып келет.

"Бабановдор өздөрү күнөөлүү"

Ошол эле кезде бийликчил партиянын өкүлдөрү Канатбек Исаевге карата кылмыш ишинин козголушун жана Өмүрбек Бабановго карата соңку маалыматтык чабуулдарды бийлик атайын уюштурбаганын, алар өздөрү мыйзам бузганын билдирүүдө. КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева оппозициялык талапкер бул жерде жөн гана жабырлануучу болуп көрүнгүсү келип жатканына токтолду:

- Видеодогу киши Канат Исаевби, башка кишиби же бул видео монтажбы, жокпу тергөө аныктап, сот чекит коет. Бирок видеодо кесиптешим Исаев бир жигиттерге бир миллион сом акча берип жатканы ачык эле көрүнүп турбайбы. Өз көзүбүз менен көрүп жаткан нерсеге кантип ишенбей коебуз. Бул биринчиден. Экинчиден, Исаев шайлоого катышпай калгандан кийин, менин башка кесиптешим, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго иштей турганын айткан да. Экөөнүн командасы бир болуп жатса, алар чогуу чечим кылып ошондой аракетке бара турганы түшүнүктүү эле болуп калып жатпайбы. Муну четке кага тургандай, акча берген адамдар башка бир артисттер эмес, Исаев өзү болуп жатпайбы. Анан эми өздөрү төңкөрүш уюштурабыз деп кармалып калып, Ошто Бабанов өзү чагымчыл маанайда сүйлөп алып, аны кайра монтаж деп, бет тырмачылык кыла бергендин не кереги бар.

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

Канатбек Исаевди өзү жетектеген "Кыргызстан" партиясы быйыл президенттик кызматка талапкер катары көрсөтүп, бирок БШКнын каттоосунан өтпөй калган. Ошондон кийин ал шайлоодо президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоп, бир нече жолугушууларына катышкан.

Быйыл май айында УКМК Канатбек Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) боюнча эки айып тагып, учурда соту уланууда. Депутат өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген. 30-июнда Канатбек Исаевге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялаган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 13 талапкер катталган. Алардын арасынан "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана бийликтеги КСДП сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбеков негизги атаандаш катары каралууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG