Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:03

Конституцияны эмес, коомду реформалайлы


Кыргызстанда акыркы жолу Конституцияны өзгөрткөн референдум 2016-жылдын 11-декабрында болгон.

Экономист жана публицист Сапар Орозбаковдун мамлекеттик башкаруу, конституциялык реформа, кыргыз саясий элитасы тууралуу блогу.

93 жаштагы президент жөнүндө

Оңдолгон Конституциябыздын сыясы али кургай электе аны өзгөртүүгө чакырыктар кайрадан жаңыра баштады. «Парламенттик башкаруу кыргызга жарашпайт экен. Мурда бир адамдын диктаты болсо, азыр партиянын диктаты болуп кетти. Депутаттарың элди таптакыр ойлобойт экен. Депутаттар түзгөн өкмөт жыл сайын алмаша берип, бир дагы өкмөттүн отчетун укканыбыз жок, аның кылган ишине жооп бербейт экен. Кыргызстан президенттик башкарууга эле өтүш керек» деп жатышат.

Саясат таануучумун дегендер да хорго үн кошуп «парламенттик башкаруу болуш үчүн калыптанган күчтүү партиялар болушу керек, ошондо гана партиялык башкаруу ишке ашат, кыргызда партия болгон эмес» деп жатышат, кыргызда президент болгонсуп. Алар кыргызда президент гана эмес, хан да болбогонун билишет болду бекен деген ойго келесиң.

Баш мыйзамды өзгөртүү керек экенин президент болом дегендер да айтып жатышат. Мисалы, президенттикке негизги талапкердин бири эсептелген Өмүрбек Бабанов «Конституцияны реформа кылбасак болбойт, же биротоло парламенттик, же Америкадагыдай таза президенттик башкарууга өтүшүбүз керек» дейт.

«Президенттик башкарууну деле көрбөдүкпү» десек, Өмүрбек мырза «ал президенттик башкаруу эмес, Америкадагыдай премьер-министр кызматы жок президенттик башкаруу болуш керек» дейт. Ошондо гана, анын ою боюнча, жоопкерчиликтин баары президентте болуп, президент жанталашып иштейт экен. Көрсө, маселенин баары күнөөнү премьерге оодара салуу мүмкүнчүлүгү бардыгында турбайбы, ал кызматты жоюп салсак эле, бардыгы өз ордуна келип, маселе чечилет да калат экен.

Бирок дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрсөк, президенттин жалгыз башкаруусундагы өлкөлөлөрдүн баары эле жыргап кеткени байкалбайт. Мен билгенден дүйнө өлкөлөрүнүн бир тобунда президент өзү эле өкмөттү жетектейт. Мен айрымдарын атап да берейин. Африкада: Бенин, Ботсвана, Бурунди, Гамбия, Замбия, Зимбабве жана башкалар. Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн жарымынан көбү ошондойлор: Боливия, Бразилия, Венесуэла, Гватемала, Гондурас, Доминикан Республикасы, Колумбия, Коста-Рика, Куба, Мексика, Никарагуа, Панама, Парагвай, Суринам, Уругвай, Чили, Эквадор жана башкалар. Ушуларбы Бабанов гүлдөп жаткан өлкөлөр дегени? Ички дүң продуктынын жан башына эсептеген көлөмү Бенинде 779 доллар (дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде 160-орунда), Бурундиде 276 доллар (183), Гамбия 428 доллар (178). Замбия менен Ботсванада ирээти менен 1361 доллар (173) жана 6368 долларды (79) түзүп, биздикинен бир аз көбүрөөк.

Латын Америкасындагылардын абалы буларга караганда бир аз жакшыраак экен, бирок Мексика, Бразилия өңдүү бир-экөө эле болбосо, калгандарыныкы Кыргызстандыкынан көп деле айырмаланбайт. Кана алардын жыргап кеткени. 1987-жылы шайланган Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе деген неме 29 жылдан бери ордун бошотпой келет. Быйыл 92 чыкты. Эмгеги сиңди да, мейли эми жүрө берсин деп айтайын десең, анын учурунда өлкө өнүгүп кеткени көрүнбөйт. Ички дүң продукт 891 доллар. Коррупциянын деңгээли боюнча Зимбабве 175 өлкөнүн ичинен 157 орунду ээлейт. Ушубу анын элдин алдында жоопкерчилигин сезгени?

Мен премьер-министр кызматы жок президент башкарган өлкөлөрдү премьер кызматы бар президент башкарган өлкөлөр менен салыштырып, биринчилердин экинчилерден кандайдыр бир артыкчылыгын таба алган жокмун. Экөөндө тең өнүккөн да, өнүкпөй араң жүргөн өлкөлөр да бар. Өнүккөндөрү батыштагылар, өнүкпөгөнү Азия, Африка жана Латын Америкасында. Батыштагы өнүккөн өлкөлөрдү эске албаганда өкмөт башчысы бары да, жогу да - экөө тең бирдей демократияны жериген, бир адамдын бийлигине негизделген авторитардык өлкөлөр. Тигинисинде да, мунусунда да коррупция. Эли жакыр, мамлекети карызга белчесинен баткан чабал өлкөлөр.

Машинанын бешинчи дөңгөлөгүндөй курултай

Баш мыйзамды өзгөртүш керек деп жалаң эле Бабанов айтып жаткан жери жок. Дагы бирөөлөрү курултай институтун мыйзамдаштырыш керек деп чуркап жүрүшөт. Текебаев өзүнүн Конституциясына курултай болушу мүмкүн деп бир ооз сөз киргизип койгон экен. Ал эмне иш кылат, бийликтин курамында анын орду кайсы жерде, ал кантип түзүлөт, такталган эмес. Курултайды мыйзамдаштырыш керек дегендердин ою боюнча, президент курултайга отчет берип турушу керек экен. Курултайга президентти, премьерди жана министрлерди кызматтан алып салуу укугун бериш керек дешет. Ошондо президенттер тууган-урук, куда-сөөктөрүн ойлобой, элди гана ойлоп калат имиш.

Чынымды айтсам, мен президентке караганда ушул курултайчылардан өздөрүнөн көбүрөөк корком. Көпчүлүгү жомоктон башка китеп окубаган чала сабат немелер. Айрымдарында ыйман да жок. Сарыгуловго окшоп соттолгондору да бар. Булар бийликке келсе - келгени ошо да президентти да алып коюп жатса - шорубуз ошондо кайнабайбы. Булар бирдемени түшүнсө курултай парламенттен айырмаланып эмне жумуш кылат деп ойлошот эле да. Бирдеме десең эле курултай элдин өкүлү, элдин таламын талашып, эл үчүн иштейт дешет. Парламент элдин өкүлү эмес бекен? Анын деле президентти жумуштан алып коюуга укугу бар. Аты жарашпай турса аны курултай деп атап алгыла. Моңголдор ошентип эле алышыптыр. Депутаттардын саны аз болуп жатса, көбөйтүп алгыла.

Машина төрт дөңгөлөгү болгондо гана жакшы чуркайт. Бешинчи дөңгөлөктү илип койгулачы, эмне болоор экен. Аласалып кетиши мүмкүн. Ошол сыяктуу бийликтин үч бутагы болот, ага дагы курултай кошулганда машиненин бешинчи дөңгөлөгүндөй беркилердин ырааттуу иштешине тоскоол болбойбу? Мен дагы эл тарабынан шайлангам деп парламентке баш ийбей жаткан президент курултай ага ишеним көрпсөтпөй, кет деп койсо, ляппай деп кетип калабы? Кичине ойлонуп коюшса боло курултайчылар.

Эл тарабынан шайланган президент, курултайды шайлоо этабында эле өзүнө көз каранды кылып алат. Президенттин сөзүн сүйлөгөн адамдарды гана шайланды кылып. Парламент чөнтөк парламентке айланып калып жатат, ал эми шайлоо тартиби жок көптөгөн адамдардан турган курултай, оңой эле манипуляцияга алдырып президентти көзөмөлдөбөй эле, президенттин ырын ырдап, бийин бийлебейби.

Бекеринен Бакиевге курултай идеясы абдан жагып, ал кыргыздын демократиясы өзгөчө болушу керек, кыргызда батыштагыдай бийлик үчүн күрөшкөн демократия эмес, «кеңеш берүү демократиясы» болушу керек деп коомдук илимде ачылыш жасаган эмес да. Же 2010-жылы революция болорго саналуу күн калганда курултай өтүп, анын катышуучулары Бакиевди президенттиктен алып салса кыргыз талаада калат деп чечим чыгарганын унуттуңарбы?

Мыйзам ыйыкпы же салт ыйыкпы?

Мен башкаруунун тигил же бул формасы экономикалык өнүгүүгө жакшы өбөлгө түзөт жана аны тандоодо улуттук өзгөчөлүктү эске алуу керек деген ойго анчалык кошула бербейм. Дүйнөдө президенттик башкаруу болуп алып деле, парламенттик башкаруу болуп деле, башкаруунун аралаш формасын киргизип алып деле өнүгүп жаткан өлкөлөр бар. Мисалы, АКШда, өзүңөр жакшы билгендей, президенттик башкаруу, Улуу Британияда жана Германияда парламенттик башкаруу, Францияда болсо аралаш формадагы башкаруу. Ким буларды өнүккөн өлкө эмес деп айта алат?

Ал гана эмес диктатордук жана авторитардык бийликтеги өлкөлөр да экономикасын жолго коюп, жакшынакай эле өнүгүп жатат. Сингапурду эң кедей өлкөдөн эң бай өлкөгө айланткан, аты аңыз кепке айланган Ли Куан Ю демократия деген сөздү укканда жийиркенип, жүрөгү айланган адам болгонун айтып жүрүшпөйбү. Түштүк Корея деле эми гана демократияга айланып бара жаткан өлкө. Чыгыш Азиянын жолборсторунун биринде да толук кандуу демократия болгон эмес. Бирок экономикалык өнүгүү деген кандай болорун ушулар көрсөтүп жатышпайбы.

Кеп башкаруунун формасында деле эмес. Кеп маданиятта, менталитетте. Мен бекеринен кыргызга башкаруунун үч формасы тең туура келбесин айтып келбейм. Биздин маданият, каада-салт, үрп-адат, менталитет андай мыйзамды туу тутуп, мыйзамга баш ийген башкарууга өсүп жетилген эмес. Биз эл сыяктуу Конституция кабыл алып, ага ылайыктап мыйзам жазганыбыз менен, реалдуу турмушта биз Конституция менен эмес, ата – бабабыздын салты менен жашайбыз. Конституция менен мыйзамды оңой эле буза беребиз.

Эгерде турмушта мыйзам салтка туура келбей калса, экөөнүн бирөөн тандоого туура келсе, биз ыйык деп салтты тандайбыз. Салт биз үчүн – бул жазылбаган мыйзам, аны эч ким аттап кете албайт. Мыйзамдар сакталбаса кайдагы туруктуулук! Кантип ишкерлер өнүгүүгө өбөлгө болчу чоң долбоорлорду баштап, инвестиция салышсын. Биздин өнүкпөй жатышыбыздын түпкү себеби ушунда жатат. Биз президенттерди кууп, бийликти алмаштырган менен өзүбүз ошол бойдон калып жатпайбызбы.

Батыштын эли эмне үчүн мыйзам бузбайт? Эмне үчүн алар биз сыяктуу Конституциясын жылда өзгөртпөйт? Анткени ал жакта салт деген жок. Алардын салты ошол Конституция жана анын негизинде жазылган мыйзамдардагы эрежелер. Ооба, батышта да мурда биздикиндей эле салттар болгон. Бирок ал мезгилдин талабына жооп бербей калгандыктан, чоң өзгөрүүгө дуушар болгон. Алар эволюциялык жол менен өнүгүп отуруп акырында азыркы мыйзамдарга айланган. Ошондуктан алар үчүн мыйзам бузуу биздин салттан чыгуу менен барабар.

Улуттук идеология

Бизге биринчи кезекте ушул президенттик башкаруу туура келбейт. Эмне дегенде, кайсы кыргызды албагын анын жок дегенде 20-30 катышы бар. Жакын жана алыс туугандар, таяке-жээн, куда-сөөк жана башкалар болуп. Ал эч качан аларга жок деп айта албайт. Жок деп айтса, аны эл да түшүнбөйт. Биздин салт боюнча ар ким өзүнүн жакын адамдарына жардам берүүгө милдеттүү. Жардам бербесе, өзүнүн бир тууганына жакшылык кылбаган кимге жакшылык кылмак эле деп эл жаман көрөт. Андан тышкары жердеш деген нерсе бар. Кыргыз классташтарына, курсташтарына, кесиптештерине да жардам бербей кое албайт.

Мен мурда айтып жүргөндөй, кыргыз коомчулугу жамаатташкан бөлүндү - жарынды коомчулук. Эгерде батышта ар бир адам өз кызыкчылыгын жогору койсо, бизде тууган - уруктун, жамааттын кызыкчылыгы жеке кызыкчылыктан кем болбойт. Кыргыздын киминен сураба, мен эл деген кишимин деп жооп берет. Бул бекеринен эмес. Бирок анын эли тууган - уругу. Бизде тууган-уруктун, жердештердин колдоосу болбосо эч ким президент болуп шайлана албайт.

Андай адам шайланган күндө деле бат эле сүрүлүп чыгып калат. Ал бийликтен ажырагысы келбесе тууган - уруктун, жек-жааттын көңүлүн алып, аларды майлуу-сүттүү жерге орноштурушу керек. Ошондуктан кыргыз баласы табиятынан адилеттүү президент боло албайт. Ал эми жалпы кыргыз да батыштын элиндей мыйзамга баш ийип, мыйзамды катуу сактай албайт. Проблема ушунда жатат.

Жамаатташкан коом жаатташпай кое албайт. Анткени бийлик эң чоң баалуулук. Биздин шартта анын аркасы менен башка байлыктар да келет – кызмат да, акча да болот. Кайсы жамаатын өкүлү президент болсо, бийликти башкаларга алдырып жибербеш үчүн ар кандай жол менен бийликти чындоого, тагыраак айтканда кеңейтүүгө умтулат. Референдум өткөрүп, президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтүү, президенттик мөөнөттү узартып алуу жана бийликти атадан балага өткөрүп берүү салтын киргизүү аракеттери ушундан келип чыгат.

Анын үстүндө, президенттик башкаруу парламенттик башкаруудан айырмаланып бийлик бутактарга тең бөлүнгөндө жана алар бири-бирин көзөмөлдөй алчу рычагдар болгондо гана жакшы натыйжа берет. Ага деле парламенттик башкаруудагыдан кем эмес өлчөмдө өнүккөн граждандык коом жана калыптанган партиялар керек. Андай болбосо ал бир кишинин диктатына айланат. Башкаруунун аралаш формасын киргизип алып, анысы президенттик башкарууга, ал болсо өз кезегинде супер президенттик башкарууга айланып кетип жатышынын себеби ушунда жатат.

Биз Конституцияны эмес, өзүбүздү реформалашыбыз керек. Антпесек бизге эч кандай Конституция туура келбейт. Антпесек биз эч качан өнүкпөйбүз. Конституция болсо коомду реформалоонун куралы болуп калууга тийиш. Биз улуттук каада-салттарды катуу сакталганда эмес, ошол Конституциядагы принциптер батыш өлкөлөрү сыяктуу бизге салт катары жүргөндө гана өнүгөбүз.

Силер байкайсыңарбы, байкабайсыңарбы билбейм, өнүкпөй, артта калган өлкөлөрдүн калкы өз тарыхын жерге сууга тийгизбей мактаган бир тенденция бар. Өнүккөн өлкөлөр антпейт. Так ушул артта калган өлкөлөр биздин ата -бабаларыбыз укмуш акылдуу жана кыйын кишилер болгон деп мактанып, өзүнүн улуттук каада-салттарын, үрп-адаттарын даңазалаганы даңазалаган. Батыштын элин болсо бузулган эл деп мурдун чүйрүшөт.

Бирок Конституция кабыл алганга келгенде ошол ирип-чириген батыштын Конституциясын үтүр-чекитине чейин көчүрүп алышат. Дин мамлекеттин ишине кийлигишпесин, адам укуктары сакталып, ар бир адам эркин болсун, жеке менчик ыйык деп эсептелип, ал кандай болгон күндө да корголсун, сөз эркиндиги сакталсын, митинг-пикетке чыкканга уруксат берилсин жана башка ушундай улуттук каада-салттарга анчалык коошпогон принциптерди өз ичине камтыган Конституцияны. Эгерде улуттук каада-салттар жакшы болсо, Конституцияны ошол салттардын негизинде жазыш керек эле да. Мисалы, аксакал деген болсун, кылмыш кылган кишини сот эмес, ошол жашы улуу киши соттосун деп. Эмне үчүн?

Анткени тарых ошол батыштын принциптери ишке ашырылганда гана өсүп-өнүгүү болорун далилдеп турат. Аны Конституция жазган улут аталары сокур сезим мененби, ой жүгүртүү жолу мененби сезишет көрүнбөйбү. Кыргыздар көптөн бери улуттук идеология издеп убара. Аны тоодон да, таштан да издешти, таба алышкан жок. Менин оюмча Улуттук идеология так ушу Конституция болуп эсептелет. Анткени андагы нормалар гана өнүгүүгө жол ачат. Биз өсүп өнүгөлү десек, Баш мыйзамдагы принциптерди иделогия деп жарыялап, Баш мыйзамды улам өзгөртө бербей ыйык тутуп, арданбай-этпей эле батыштан үйрөнүшүбүз зарыл.

Менин сөзүм катуу тийсе, кечирим сурайм. Чынымды айтсам, мен кыргыздын саясий элитасына таптакыр ичим чыкпайт. Бардыгынын жарытарлык билими жана ыйманы жок, бийлик десе баарын сатып жиберүүгө даяр шылуун немелер. Саясатчылар Конституцияны реформа жасай бербей, коомду реформа жасаш керек. Түрктөрдүн Ата-Түрк Кемалындай, орустардын Петр Биринчисиндей, жапандардын Мейдзисиндей.

Элита деген көп окуп, көп билип, элге жол көрсөтүшү керек. Алар элге бардык тараптан үлгү болушу керек. Качанкыга чейин биздин президенттер, элди алдап, добушту акчага сатып алып, тууган-уруктун жардамы менен эптеп бийликке жетип алып, анан колунан кокон тыйын да келбей, бардыгын Конституция менен оппозицияга шылтап коюп, бийликтен сыйы менен кетип калбай, элди тажатып, жек көрүндү болуп, өлкөсүнөн куулуп жүрө беришет.

Сапар Орозбаков, экономист, публицист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG