Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

УКМК депутат Канатбек Исаевди кармады


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаев кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, депутат менен кошо уюшкан кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар да кармалган:

- 2017-жылдын 30-сентябрында массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында депутат Исаев Канатбек Кедейканович, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү кармалды. Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, массалык башаламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак.

Сулайманов кошумчалагандай, топтолгон материалдарга ылайык Канатбек Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын бергени аныкталды. Муну менен катар бийликти курал колдонуу менен басып алуу жана өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүү мүмкүнчүлүктөрү да каралган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин Башкы прокуратура Канатбек Исаевге кылмыш иши козголгонун, материалдар УКМКнын Тергөө башкармалыгына жиберилгенин билдирген.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиришинче, Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаевге Кылмыш кодексинин 27 (кылмышка даярдануу), 233 (массалык башаламандык) жана 295 (бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу) беренелерине ылайык иш козголгон.

"Канатбек Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жактоочусу болуп туруп, башка адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен келишип алып, массалык башаламандык уюштуруу боюнча активдүү аракеттерди көрүп жатканы аныкталган.

УКМКнын материалдары бул адамдар жогоруда аты аталган талапкер шайлоодо жеңилип калса бийликти күч менен басып алууну максат кылып жатканын көрсөтүүдө. Алар пландалган акцияларды уюштуруу үчүн өз катарына кишилерди акчага тартып, шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деген шылтоо менен массалык башаламандык жана куралдуу кагылышууларды уюштуруп, бийликти кулатууну көздөгөн", - деп айтылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.

Бул маалыматтарга удаа эле интернеттеги Youtube каналында "Канат Исаев даярдык үчүн миллион берип жатат", "Криминалдын бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү (Бабанов-президент, Исаев-спикер, Төрөбаев-премьер-министр)", "Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдады" деген аталыштагы төрт видео тасма тарады. - Алардын биринде "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиевдин аты аталганын угууга болот.

Каныбек Иманалиев интернетте тараган видео тасмалар тууралуу "Азаттык" радиосуна мындай комментарий берди:

- Төрт видеону тең көрүп чыктым. Канат Исаев акча менен кармалды делген видео боюнча эч нерсе айта албайм. Анын канчалык чындыкка жакын экенин тергөө-иликтөө иштери далилдейт. Мага байланыштуулары боюнча кайрылсам, Эркин, Улан, Арсен, Жумагулов деп жүрөт, мен алардын бирин да тааныбайм. Алар менен жолугуп, сүйлөшкөн да эмесмин. Канат Исаев менен шайлоо башталгандан бери үч-төрт жолу кесиптеш катары жолуктук. Аны менен криминал, акча таркатуу, төңкөрүш жөнүндө сөз болгон эмес.

Канат Исаевдин жакын санаалаштары жана "Кыргызстан" партиясы анын кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Бабанов: Канат Исаев мени колдогону үчүн кармалды

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов соңку саясий окуялар боюнча 1-октябрда Бишкектеги штабдарынын биринде басма сөз жыйынын уюштурду.

Ал өз сөзүндө парламент депутаты Канатбек Исаевдин кармалышы боюнча комментарий берип, интернетте тараган тасмаларды көрүп чыкканын, бирок анын биринде да Исаевдин төңкөрүш тууралуу айткан сөзү жок экенин билдирди.

- Бардык материалдардан мамлекеттик төңкөрүш тууралуу бир да нерсе айтылган жок. Сот гана адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин аныктай алат. Эгерде Канат Кедейканович мени колдобосо анда мындай маселе жаралмак эмес. Мени колдогону үчүн ушундай болуп атат. Анын мамлекеттик төңкөрүш тууралуу бир да сөзүн уккан эмесмин , - деген Бабанов өзүн каралоо аракети уланып жатканын кошумчалады.

Канатбек Исаевди өзү жетектеген "Кыргызстан" партиясы быйыл президенттик кызматка талапкер катары көрсөтүп, бирок БШКнын каттоосунан өтпөй калган.

Быйыл май айында УКМК Канатбек Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) боюнча эки айып тагып, учурда соту уланууда. Депутат өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген. 30-июнда Канат Исаевге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG