Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:19

Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Канат Исаев ага карата козголгон кылмыш иштин мыйзамдуу негизи жок деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн ал "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Чакырып, айыбымды угузушту. Биз да мага коюлуп жаткан айыптар боюнча өз көз карашыбызды айттык, - деди Исаев.

УКМКнын тергөө башкармалыгы Исаевге мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында айыбын угузганын 11-майда кабарлаган. Ал Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) алкагында козголгон иш боюнча эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына алынды.

Исаев Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталууда.

Исаевге байланыштуу ишти Башкы прокуратура апрель айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

Бүгүн "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып Исаев президенттик шайлоого барабы-жокпу, так айткан жок, болгону муну фракция чечерин белгиледи. (NT/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG