Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:26

УКМК: Канат Исаевге дагы бир айып коюлду


Канат Исаев
Канат Исаев

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаевге 2010-жылы козголгон кылмыш иштин калыбына келтирилгенине байланыштуу Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) негизинде дагы бир факт боюнча экинчи айып коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, бул эпизод боюнча кылмыш иши Чүй облустук прокуратурасында жоголуп кеткен. Иш Башкы прокуратура менен УКМК тарабынан калыбына келтирилген. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттык” радиосуна айтканына караганда, Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда китепкананын жерин арзан баада сатып жиберген деп айыпталууда.

- Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып мыйзамсыз түрдө шаардагы борбордук китепкана системасынын 1-филиалына тиешелүү болгон 500 чарчы метр жерди 572 миң 116 сомго сатып жиберген. Юстиция министрлигиндеги атайын борбор өткөргөн техникалык экспертизанын эсебинде 2010-жылы бул жердин базар баасы 1 млн. сомдон ашуун болгон. Ушул мыйзамсыз иштердин негизинде Исаев жана башка адамдар тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Сулаймановдун белгилешинче, бул кылмыш иши мурунку иштер менен бириктирилип тергеле баштады.

УКМКнын тергөө башкармалыгы Исаевге мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында айыбын угузганын 11-майда кабарлаган. Ал Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталууда. Ал Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) алкагында козголгон иш боюнча эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына алынган.

Исаев буга чейин айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген. Канатбек Исаев 2008-2010-жылдары Чүйдөгү Токмок шаарынын мэри болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG