Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:56

Бабановдун тарапкери сабалганын айтып чыкты


Дурбек Алимжанов.
Дурбек Алимжанов.

Ош шаардык милициясы шаар тургунунун президенттикке талапкерге каршы көрсөтмө берүү талабы менен бажы кызматкери опузалап, токмоктоду деген билдирүүсүн текшере баштады. Бажы кызматкери жабырлануучуну тааныбай турганын айтып чыкты.

3-октябрь күнү НТС телеканалынан өзүн Дурбек Алимжанов деп тааныштырган адам Ош бажысынын кызматкери Зафар Айдаровдун кишилери тарабынан сабалганын айтып чыкты.

Дурбек Алимжанов Айдаровдун кишилери аны шаар четине алып барып, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов тууралуу жалган сөздөрдү айтууга мажбур кылышканын билдирди. Ага далил катары денесиндеги токмоктоонун, желим октордун издерин көрсөтүүдө:

- Алгач мага Зафар чалып, биз жолуктук. Шайлоодо Бабановго иштебей, тынч отурушум керектигин эскертти. Мен баш тарттым. Эртеси мага кайра чалышты. Мени шаардын сыртындагы Папан суу сактагычы тараптагы ээн талаага алып барышты. Жолдо машиненин ичинен эле мени токмоктой башташкан. Кийин бирөө басып кетти. Үчөө мени адеп токмоктоп жатышты. Алар мени кыйнап, “мен Бабановдон 100 миң сом алдым. Бабановдон дагы акча келет" деп башкаларга убада берип жаткандай сүйлөшүмдү талап кылышты. Алар ошонун баарын телефонго тартып алышты.

Дурбек Алимжановдун айтымында, аны кыйноо төрт саатка созулган. Бул аралыкта ал бир нече жолу ар түрдүү сценарий менен Бабанов тууралуу жалган сөздөрдү сүйлөп, видеого тартылууга мажбур болгонун ырастайт.

- Менин бетим шишип кеткендиктен мени өзүмдүн машинеме отургузуп, бирөө жаныма, экинчиси артыма отурду. Артта отурганы мени телефонго тартып жатты. Жанымдагысы мени бутка тээп жатты. Ал жерде мен өзүмдүн жанымда отурган таанышым менен жай сүйлөшүп отургандай түр көрсөтүшүмдү талап кылышты. Мен “жакында шайлоо болот. Бабанов 25 миллион сом берди. Эгерде Бабанов өтпөй калса Ошто нааразылык уюштурулат, ошого балдар керек. Эгер сенде балдар болсо кошул” деп сүйлөшүмдү талап кылышты. Улам сүйлөгөнүмдү жактырышпай төрт жолу кайталап тартышты. Мунун баары мени өлтүрөм деп коркутуп туруп жасалды.

Зафар Айдаров Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Раим Матраимовдун эле эмес, бир тууган Матраимовдордун көздөй кадры экени айтылып жүрөт. Ал гана эмес, Зафар Айдаров менен Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов үйлөрүн окшош куруп кошуна болуп жашашат. Мындан улам Зафар Айдаровго айтылган доо тууралуу депутат Искендер Матраимовдун пикирин сурадык. Ал эрежесиз мушташ менен аты чыккан Зафар Айдаров азыр токтолуп калган деп мүнөздөдү:

- Мен ошол сөздөн кийин Зафарды сураштырдым. Ал бечаранын жүрөгү ооруп, доктурга көрүнүп жүргөн экен. Зафар менин кошунам. Зафардын жашы элүүгө жакындап калган. Жакында кызын турмушка узатты. Азыр ал токтолуп калды. Антип бирөөнү коркута турган күчү деле жок. Муну эмнеге илештирип алганын билбейм. Андайы жок.

Ош бажысынын жетекчилик кызматтарынын бирин аркалаган Зафар Айдаров эрежесиз уруш чебери катары да белгилүү. Бирок ал жабырланган кишини тааныбастыгын, ал кишини теледен биринчи жолу көргөнүн айтат:

- Өзүм бир аз ооруп, доктурга көрүнүп жүрөм. Көчөгө деле чыкканым жок, саясат менен ишим да жок. Мага андай иштердин кереги деле жок го. Алар кандай ой менен ошол сөздөрдү сүйлөп жатканын түшүнбөйм. Өмүрүмдө көргөн эмесмин ал баланы. Өзүм да таң калып отурам.

Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев чыр иликтене баштаганын билдирди:

- НТСке чыккан жаран же анын туугандары милицияга кайрылган эмес. Бирок массалык маалымат каражаттарынан чыккандан кийин текшерип баштадык. Жабырлануучу учурда Ош шаарында да, Ош облусунун аймагында да жок болуп жатат.

Вице-премьер-министр, шайлоону уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси Темир Жумакадыров бүгүн кечинде “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында Дурбек Алимжановдун иши көзөмөлгө алынарын айтты.

Жумакадыров: Алимжановдун иши көзөмөлгө алынат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Ал арада төңкөрүш уюштурууга айыпталып кармалган "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди короо комитети түзүлдү. Исаевди коргоочулардын бири, коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов Алимжановдун сөзүнөн улам бийлик криминалды шайлоого пайдаланып жатат деген ойдо:

- Эмне үчүн муну чагым деп айтууга болбосун? 25 миллион сом деп кылмыш дүйнөсү айтса, Ошто жөнөкөй жаранды мажбурлап, ошол 25 миллион сом деген сөздү айттырып жатат. Бул шайлоого кылмыш дүйнөсү катуу киришкенинен кабар берет. Эгерде бийликке мунун пайдасы жок болсо катуу киришмек. Кана бийликтин реакциясы?

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүн колдонуу менен президенттик шайлоодон соң башаламандык уюштурууну пландаган деген шек менен кармалган. Ал эми Исаевдин акыркы кездеги саясий пикирлеши, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов муну өзүнө каршы аракет катары баалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG