Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Депутат Канатбек Исаев камакта калды


Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев тергөө бүткөнчө камакта калды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Депутат уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүн колдонуу менен президенттик шайлоодон соң башаламандык уюштурууну пландаган деп шектелүүдө. Ал эми Исаевдин акыркы кездеги саясий пикирлеши, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов муну өзүнө каршы аракет катары баалады. Ал ортодо президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, шайлоо алдында туруктуулукка шек келтирген кадамдар жазаланарын эскертти.

Бийликти басып алууну пландалды деп шектелген Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралары кабарланып, жүзгө чукул тарапкери чогулду. Бирок депутаттын баш коргоо чарасы соттун өзүнүн имаратында эмес, Аскер сотунун мурдагы имаратында каралды.

Соттук иш жабык өтүп, шектелүүчүнүн жакындары жана журналисттер киргизилген жок. Натыйжада Исаевди тергөө аяктаганча камакта кармоо чечими чыкканын УКМКнын маалымат кызматы жарыялады.

Депутат Исаевдин тарапкерлери ага карата жалган айып тагылып жатканын билдиришти. Мисалы, шектелүүчүнүн кызы Бермет Исаева муну бийликтин куугунтугу катары баалады:

- Атам айрым күчтөргө тоскоол болгонун түшүнүп жатабыз. Алар атамдын эл менен бирге болушуна бут тосуп жатышат. Мунун баары шайлоого байланыштуу жасалууда. Атамдын түндүк аймактардагы кадыр-баркы жогору. Ошондуктан айрым начар, ыплас саясатчылар шайлоодо жеңишке жетүү үчүн аракет кылып жатышат.

Буга чейин Исаев мүчө болгон "Кыргызстан" фракциясы укук коргоо органдарына жана сотко кайрылып, ага байланыштуу иш Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык адилет жана ачык каралуусун өтүнгөн.

Канатбек Исаев 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек" деген шек менен 30-сентябрда кармалган.

Башкы прокуратура Исаевге Кылмыш кодексинин "кылмышка даярдануу", "массалык башаламандык", "бийликти күч менен басып алуу" беренелери боюнча иш козгогон.

Депутат кармалар алдында интернетке бир нече видео тасма жарыяланган. Аларда криминалдык дүйнө өкүлдөрү делген адамдардын Исаевдин планы тууралуу талкуулап, ал эми дагы бир тасмада депутатка окшош адамдын белгисиз кишиге акча берип жатканын көрүүгө болот.

Бул окуядан соң президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов чукул жыйын өткөрүп, Исаевдин кармалышы боюнча позициясын билдирген. Анда Бабанов Канатбек Исаевдин камалышын шайлоо алдында өзүнө карата каралоо катары сыпаттап, башаламандык уюштуруу ниети болбогонун айткан эле.

Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Акыркы окуялардан соң президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү. Анда тийиштүү орган жетекчилери өлкөдөгү азыркы абал, үгүт өнөктүгүнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Бул жыйында президент Атамбаев Исаевдин иши боюнча позициясын билдирип, өлкөдөгү абалды курчутам дегендерге чара көрүлөрүн эскертти.

Президенттин маалымат кызматынын өкүлү Адилет Султаналиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, мамлекет башчы шайлоодо ар кандай чагым иштерге жол бербөө жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу талабын койгон:

- Алмазбек Атамбаев алдыдагы президенттик шайлоолордун шарттарында өлкөдө тынчтык жана ынтымак биз үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди. Ал эгерде башаламандык уюштуруу аракеттери аныкталса, мыйзам боюнча сөзсүз түрдө катуу жазага тартылышын кепилдик кылуу керектигин белгиледи.

Ал ортодо Исаевдин айланасындагы окуялар боюнча президенттикке дагы бир талапкер Темир Сариев билдирүү жасады.

Сариевдин штабы тараткан билдирүүдө интернетте тараган видеолордо Исаевге түспөл адамдын жанында Деңиз Райымкулов аттуу адамдын жүргөнүн тастыктаган. Аталган адам Сариевдин тарапкери болгонун, бирок Исаев менен жолугушуу тууралуу штабдын кабары болбогонун "Ак шумкар" партиясынын маалымат катчысы Назира Ахмедова билдирди:

- Деңиз Райымкулов деген Сокулук району боюнча биздин штабда иштечү. Ал штабдан тышкары Канатбек Исаев менен бир-эки жолу жолукканын көрүшкөн экен. Буга чейин Исаев Темир Сариевге келип Бабанов менен биригүүнү сунуштаган. Бирок Темир Аргембаевич мындай сунушту четке каккан соң Канат Исаев биздин тарапкерлерди өз алдынча тартууга аракет кылып, материалдык жактан колдойм, жумуш берем деген экен. Бирок мунун баары биздин штабдын макулдугусуз болгон.

"Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган Канатбек Исаев быйылкы президенттикке шайлоого катышарын жарыялаган. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткара албады деген жүйө менен БШК Исаевди талапкер катары каттоодон баш тарткан. Мындан соң Исаев бир кездеги саясий пикирлеши Өмүрбек Бабановду колдой турганын айтып, үгүт кампаниясына көмөктөшүп жүргөн. Ошондуктан Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишти талапкер Бабанов менен байланышта карашууда.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Ага учурда 12 талапкер ат салышууда.

Канатбек Исаев тергөө бүткөнчө абакта болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG