Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Бешимов: Чек ара маселесин аймактык уюмдарда көтөрсө болот


Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

Казакстан чек араны бир тараптуу жабуусун уланта берсе, Кыргызстан мүчөлүккө кирген Эл аралык уюмдардын алкагында маселени күн тартибине койсо болот.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн 50гө чукул келишимдин арасында чек ара боюнча да атайын келишим бар. Ага ылайык Казакстан чек аранын жабылышынын себебин түшүндүрүүгө милдеттүү. Бул тууралуу белгилүү дипломат Аскар Бешимов “Азаттык” радиосуна айтты.

“Азаттык”: Аскар мырза, эки күндөн бери Казакстан эч кандай түшүндүрмө бербестен чек араны бир тараптуу жаап койгонуна күбө болуп жатабыз. Расмий Астананын азыркы аракетин кандай баалоого болот?

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөдү

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөдү

Учурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө үч бекетте кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат.

Аскар Бешимов: Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 50дөн ашуун келишим бар. Анын бардыгына эки өлкөнүн парламенттери, өкмөттөрү, президенттери кол койгон.

Ошол документтердин ичинде чек аранын ачылышы, иштөө шарттары тууралуу келишимдер бар. Бири-бирибизди мыйзамды сактаган өлкө катары эсептесек, ал келишимдерди аткаруу зарыл. Ошол келишимдин негизинде Казакстан чек ара эмне үчүн жабылганы тууралуу расмий түшүндүрмө бериши керек.

Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин расмий билдирүү жок. Бирок эми күтө туруу керек. Үч-төрт күн ичинде жооп алабыз го деп ойлойм.

“Азаттык”: Азыркы учурда чек ара себепсиз жабылып калган маалда Кыргызстан өз тарабынан эмне чараларды көрө алат?

Аскар Бешимов: КМШнын, ЕАЭБнын, анан калса Шанхай уюмунун алкагында маселени көтөрүү керек. Мисалы, ЕАЭБнын ичинде экономикалык комиссия бар, ал жакка да чек ара маселесин алып чыксак болот. Себеби учурда Казакстан көп тараптуу келишимдерди бузуп жатат. Ошондуктан биз жана Казакстан мүчө уюмдардын алкагында чек араны күн тартибине киргизип, талкуулашыбыз керек.

“Азаттык”: Интернет айдыңында Казакстан чек араны ишемби күндөгү президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаган сөзүнөн улам жапты деген сөздөр басымдуу болуп жатат.

Ошол эле учурда Казакстандын Коопсуздук кызматы коопсуздук чараларынын аркасында пландуу операция өтүп, күчөтүлгөн тартипте чек араны кайтарууга өттү деп жатат. Сиз бул жерден дагы кандай себептерди көрүп жатасыз?

Аскар Бешимов: Туура айтасыз, мен дагы ар кандай сөздөрдү угуп жатам, мен дагы интернетти окуп жатам. Бирок эки мамлекет жетекчилеринин ортосундагы маселелер жөнөкөй элге таасирин тийгизбеши керек эле. Цивилизациялуу өлкөлөрдө мындай нерсе болбошу керек. Бирок мен деле биздин президентибиздин казак башчысына айткан сөздөрү чек ара жагдайына таасир берип жатса керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Ошол эле учурда Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү дипломатияга туура келет деп ойлойсузбу?

Аскар Бешимов: Эми бул сөздөрдү дипломатияга туура келет деп айтуу кыйын. Бирок Атамбаевдин сөзүн экиге бөлүп кароо керек. Биринчиси - Кыргызстандагы шайлоого Казакстандын кийлигишүүсүн айтса болот. Экинчиси - персоналдуу түрдө башка мамлекеттин президентине баа берүү, ошонун ичинде “уурулук болуп жатат”, “башка бир нерселер болуп жатат” деген протесттерди берүү боюнча билдирүүсү туура эмес болуп калды. Дипломатияда эч качан жеке түрдө кайсы бир мамлекеттин башчысына сын пикир айтылбайт, андыктан андан алыс болушу керек эле.

“Азаттык”: Кечээ күнү Сочиде премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканда, казак президенти чек араны ачуу боюнча тийиштүү өкүлдөргө тапшырма берди деген маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы жарыялады. Бирок бүгүн чек арадагы абалдын өзгөргөнүнө күбө болгон жокпуз. Муну кандай түшүнсөк болот?

Аскар Бешимов: Мен биздин өкмөттүн маалыматына ишенген эмесмин. Менин оюмча биздин премьер-министр менен казак башчысынын ортосунда эки тараптуу талкуу болгон жок. Керек болсо жолугушуу да өткөн эмес. Жеке пикиримде өкмөттүн маалымат кызматы жалган кабарды коомчулукту тынчтандыруу максатында таратты окшойт.

Редакция: Бүгүн кечке жуук Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин маалымат кызматы Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаковдун 11-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча Фейсбук баракчасына жазганы тууралуу расмий билдирүү таратты. Анда казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаковдун ортосунда сүйлөшүү болбогону, анын Назарбаевге басып барып кыска убакытка маектешүү болгону гана белгиленген.

Андан кийин кыргыз өкмөтү да бул билдирүү боюнча түшүндүрмө берди. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун Фейсбук социалдык тармагындагы расмий баракчасына жайгаштырылган маалыматта премьер-министр казак президенти менен эки мамлекеттин чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал жөнүндө баарлашканы, бирок эки тараптуу толук сүйлөшүү болбогону жазылганы белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG