Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Чек ара: баа кымбаттап, эл кыйналды


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Чүйдөгү “Ак-Тилек” жана Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттериндеги Казакстанга өтө албай турган жүк ташуучу унаалардын саны 600гө жетти.

Чүйдөгү казак-кыргыз чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 300гө жетти. Жүзүм жүктөлгөн фурасы менен төрт сутка чек арада турган айдоочулардын бири казак тарап саатына бирден гана унаа өткөрүп жатканын айтууда.

- Кечээ күн бою 20 фураны араң киргизишти. Түнү такыр эле жаап коюп жатышат. Бүгүн болсо таңдан бери 15тей эле фура кирди.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекетинде да 300дөй жүк ташуучу унаа кезек күтүүдө. Орто эсеп менен ар бир фурада 20 тоннадан жүк бар. Көбүндө жер-жемиш жүктөлгөн, айрымдарында ар кандай жабдыктар же темир-тезектер.

Айдоочулардын дагы бири Адам Албеков үч суткада 200 метр гана жылганын айтууда.

- Макул, биздин камылгабыз бар экен. Айрым айдоочулардын акчасы жок, тамак-ашы, суусу, соляркасы жок ачка калды. Кээ бирлеринин жемиштери жарабай калды. Бул эл үчүн кайгы. Казак бийлиги тараптан эч кандай аракет жок. Кыргыз тарап болсо акысыз тамак менен камсыз кылып жатат. Анысына рахмат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги казак тарап чек ара көзөмөлүн күчөткөндөн бери айдоочуларды эки маал ысык тамак менен камсыз кылып келет. Бул үчүн өткөрмө бекетинин жанына алты чатыр тигилген. Буга кошумча тез жардам кызматы айдоочуларга медициналык жардам көрсөтүүдө.

Жүргүнчүлөрдү өткөргөн “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде да кырдаал өзгөрүүсүз. Биз барганда 600 чамалуу киши Казакстанга өтө албай эки-үч саат кезек күтүп турган экен. Эки колуна оор баштык көтөргөн Андрей Бобришев мындай деди:

- Эки сааттан бери кезекте турам. Мен пенсионер, майыпмын. Колумда эки баштык. Жерге коеюн десем булганат. Колум талып араң турам эки сааттан бери. Бул не деген шумдук!

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөдү

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөдү

Учурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө үч бекетте кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат.

Президенттик шайлоодо озуп чыккан Сооронбай Жээнбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй убактылуу экенин билдирди.

- Ар бир мамлекет кандай болбосун бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылышы керек. Ошондо көп нерсе чечилет. Биз ошондой мамиле жасап келгенбиз, мындан ары аны улантабыз. Бул (жагдай) убактылуу нерсе. Бул дагы чечилет.

Казак тарап чек арадагы соңку жагдай боюнча расмий түшүндүрмө бере элек. Ошентсе да казак парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Касым-Жоомарт Токаев Твиттердеги баракчасына:

"Боордош Кыргызстандын президенти болуп Казакстан менен ар тараптуу кызматташуунун маанисин түшүнгөн тажрыйбалуу саясатчы С.Жээнбеков шайланды", - деп жазды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, бүгүн, 17-октябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.

Шаршеев чек араны коргоо жана сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Казакстандын көзөмөлдөп-өткөрүүчү пункттарындагы азыркы кырдаал туурасында маалымат берди.

Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматы башка мамлекеттик органдар менен бирдикте чек арада кыйын кырдаалда калган адамдардын абалын жеңилдетүү боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү экендигин баса белгиледи. Ошондой эле тез бузулуучу азыктар жүктөлгөн жүк ташуучу чоң автомашиналарды Казакстандын өткөрүүчү пункттарына биринчи кезекте багыттоого көмөктөшүү жана ошол иштерди уюштуруу милдетин тапшырды.

Казакстанга жарандардын жана автоунаалардын өтүүсү 10-октябрдан бери кыйындаган. Анын алдында президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого кийлигишип жатат деп казак президенти Нурсултан Назарбаевди кескин сындаган. Ал 15-октябрда да казак бийлигин кайрадан сындап, чек арасын ачпаса Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн президенттерин чукул жыйынга чогултарын жар салды.

Кыргыз-казак өлкө башчыларынын тирешине Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алып, аны колдорун ачык билдиргенде башталган. Кыргыз бийлиги жолугушууну шайлоого кийлигишүү катары сыпаттап, нааразылык нота жиберген. Казак тарап Кыргызстандын ички ишине аралашпаганын, чек арадагы көзөмөл оңдоо иштерине байланыштуу күчөтүлгөнүн айтып келет.

Кыргыз-казак чегинде кырдаал өзгөрүүсүз
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00

Мамашулы: Казакстанда да азык-түлүк кымбаттады

Чек ара жагдайына байланыштуу Казакстанда айрым Кыргызстандан барган азык-түлүк жана башка товарлар кымбаттады. Ал жергиликтүүлөр үчүн канчалык кыйынчылык жаратууда? "Азаттыктын" казак кызматынын Алматыдагы журналисти Асылхан Мамашулы менен маектештик.

"Азаттык": Асылхан мырза, чек арадагы кыйынчылыктан улам Казакстандын Кыргызстанга жакын аймактарында азык-түлүк жана башка товарларга баа өскөнү, тартыштык жаралганы кабарланууда. Бул маалыматтар канчалык чындыкка жакын?

Асылхан Мамашулы: Алматынын Бишкек жактан кире беришинде "Алтын-Ордо" деген чоң дүң базар бар. Анда азык-түлүктөн тарта кийим-кечеге чейин сатылат. Жекшембиде ошол базарга барып көп сатуучулар менен сүйлөштүм. Алма, жүзүм сыяктуу көпчүлүк жемиштер Кыргызстандан келет экен. Анан калса алар сапаты жакшы, баасы да арзан дешти. Бирок азыр жүзүмдүн баасы мурда 250 теңге болсо, азыр 500 теңгеге көтөрүлдү дейт. Себебин сурасак, Кыргызстандан кымбат келип жатат дешти.

Ал жерге келген кыргызстандыктар туруктуу соодагерлер эмес. Товарын алып келип, дүңүнөн сатып кетишет. Аларды биздин миграция полициясы кармап, айып салып, депортациялайбыз деп кысымга алган сыяктуу. Муну мага бир эмес, базардагы төрт-беш сатуучу ырастады. "Чач ал десе баш алып", миграциялык полиция мындай жагдайды карабашынын камына пайдаланып атат.

"Азаттык": Алакага, күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизген дагы башка кандай көрүнүштөрдү көрө алдыңыз? Өзгөчө чек арага жакын жашагандар кантти?

Асылхан Мамашулы: Катуу таасир этти, тартыштык болуп кетти дегенге болбойт. Бирок баанын көтөрүлүшүнө таасир этет бул. Алматынын чоң дүкөндөрүнөн Кыргызстандын сүттөрүн, сүт-азыктарын алып турчумун. Алар башкаларга караганда сапаттуу, арзан дагы. Бул башка сүт-азыктарынын баасына таасир этет эмеспи. Эгер Кыргызстандыкы келбесе алар да кымбаттайт.

Экинчи жагынан "Кордай" менен "Дордойдун" арасы жакын эмеспи. "Кордайдын", чек арага жакын аймактардын элине Алматыга келип товар алгандан көрө "Дордойго" келгени ыңгайлуу. Ошон үчүн "Дордойдун" жанындагы элге, мисалы, Жамбыл облусунун элине бул сөзсүз оор тиет. Тек гана азык-түлүк эмес, кийим-кече жана башка зарыл товарлар кымбатка түшөт аларга.

"Азаттык": Буга байланыштуу элде, жарандык коомдо кандайдыр реакция, чек ара маселесин чечүү талабы айтылып атабы?

Асылхан Мамашулы: Карапайым эл да, интеллигенция дейт эмеспизби, коомдун алдыңкы катмары да эки өлкө ортосунда мындай болгонуна каршы. Бирок аны баары эле айта албайт. Бийликтен коркушат. Чек араны ачуу керек деп атайын кат жазгандарды көргөн жокмун. Бирок Фейсбук сыяктуу социалдык тармактарда, медиада андай талкуулар, мунун дурус эмес экенин айтып отургандар өтө көп. Мындайча айтканда, Казакстандын карапайым калкынын ичинде чек аранын жабылышы дурус деген эч ким жок.

"Азаттык": Эми ушул ой-пикирлер казак бийлигине канчалык таасир этет?

Асылхан Мамашулы: Таасир этет. Казакстанда эл арасындагы пикирлерден президент дайыма кулакдар. Бирок бул жерде башка бир маселе бар. Атамбаевдин сыны Назарбаевдин жеке өзүнө тиешелүү болду. Андай Казакстандын өзүндө далай эле айтылып келатат, жаңылык эмес. Бирок кеп чет элдин башчысынын так айтып салганында. Ал Назарбаевге өтө катуу тийди. Ошондуктан казакстандыктар канчалык чек араны ач деп чуулдабасын ага таасир этиши кыйын.

P/S: Ал арада Казакстан менен чектеш Кыргызстандын Талас облусунда дагы ун жана ун азыктары, суу май кымбаттаганын жергиликтүү сатуучулар кабарлашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG