Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:50

Атамбаев: Чек ара ачылбаса ЕАЭБге кайрылам


"Ак-Жол" чек ара бекети. 13-октябрь, 2017-жыл
"Ак-Жол" чек ара бекети. 13-октябрь, 2017-жыл

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 15-октябрда президенттик шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин суролоруна жооп берип, шайлоонун жүрүшү, коомдук саясий абал, анын ичинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча оюн айтты. 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттерден жарандардын, автоунаалардын Казакстанга өтүшү кыйындаган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариеванын 15-октябрда "Азаттык" үналгысына билдиргенине караганда, "Ак жол" чек ара бекетинде Казакстан тарапка өтүү үчүн кезек күтүп тургандардын саны 20-30 чамалуу:

- Бул мурунку күндөргө салыштырмалуу жокко эсе. Ошондой эле аталган чек ара бекетинде отузга жетпеген автоунаа бар. Алар жеңил жана маршруттук каттамдагы унаалар. "Ак тилек" чек ара бекетинде 200 чамалуу жүк ташуучу унаа кезек күтүп турса, "Чоң-Капка" бекетинде 100 чамалуу, "Чалдыбар" бекетинде 60тай жүк ташуучу унаа Казакстанга өтө албай турушат.

Абдыкариеванын маалыматы боюнча, "Ак жол" чек ара бекетинде саатына 5 жеңил автоунаа, экиден маршруттук каттамдагы кичиавтобус өткөрүлүүдө.

14-октябрь күнү кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" чек ара бекетинде Казакстан тарапка өтө албай турган кишилердин саны 400гө чукулдаган.

Таластагы кабарчыбыз 14-октябрда Казакстандын Жамбыл облусу менен чектешкен Таластын Манас районундагы "Чоң-Капка" чек ара өткөрмө бекетине барып, 100дөн ашык жүк ташыган унаа жана 50гө чукул жеңил машина кезек күтүп турганын көрүп келген.

Абдурахман Мекикчи Таластагы "Чоң-Капка" чек ара өткөрмө бекетинен казак тарапка өтүү үчүн кезек күткөн 100дөн ашуун айдоочунун бири. Ал 2003-жылдан бери Таластын төө бурчагын Түркиянын Бурса шаарына ташыйт. Түрк жараны кыргыз-казак чек арасында төрт күндөн бери турганын айтты.

- Бүгүн төртүнчү күн. Казак тарап биздин унааларды киргизбей жатат. Себебин билбейм. Бизге эч ким эч нерсе айтпай жатат. Мен эми биздин Кыргызстандагы элчибизге байланышууга аракет кылам. Болбосо Алматыдагы элчибизге телефон чалам.

"Чоң-Капка" бекети. 14-октябрь, 2017-жыл
"Чоң-Капка" бекети. 14-октябрь, 2017-жыл

Кыялбек Анарбаев болсо, Баткенден 10 тонна жүзүм алып Казакстанга жол тарткан. Чек арадан өтө албай калган жаш соодагер жемишинин эскирип баратканына тынчсызданып турат:

- Эки-үч суткадан бери жатабыз. 1000 чакырымдан ашык жол жүрдүк. Ар бир машинада 250 миң сомдук товар бар. Алар соолуп кетсе, 1 миллионго жакын акчага банкрот болобуз.

Мамлекеттик чек ара кызматы 14-октябрь күнү "Чоң-Капкадагы" кыргыз чек арасынан 200гө чукул киши жана төрт жеңил унаа гана өткөнүн билдирген.

Талас элинин 80 пайызы Казакстандын Жамбыл облусу менен соода-сатык жүргүзөт. Тараздан Таласка курулуш материалдарынан тарта ун, май, чай сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк арзан баада келет. Таластыктар болсо коңшу мамлекетке жер-жемишин сатат. Эки өлкөнүн ортосунда такси айдап, эл ташыгандар дагы бир топ.

"Чоң-Капка" бекети. 14-октябрь, 2017-жыл
"Чоң-Капка" бекети. 14-октябрь, 2017-жыл

Чек арага чектеш айылдардын биринин тургуну Майрамбек Карбозов чек арада токтоп калгандар шайлоого дагы бара албасын айтты:

- Жалаң Тараз менен тирилик кылабыз. Кычыраган кыш келатат. Алдыда турган үч "КамАЗ" жети жылдан бери Таласка көмүр ташыйт. Булардын турганына үч күн болду. Казакстандын "КамАЗдары". Бүт кирип-чыккан биздин алакабыз токтойт. Шайлоо деп жатабыз. Бул жердеги кыргыздар шайлоого катыша албайт. Себеби унааларын таштай албайт. Артка да алдыга да жол жок.

"Чоң-Капкада" кезек күткөндөргө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч чатыр тигип, дарыгерлер зарыл болгон жардамды көрсөтүп жатканын министрликтин Манас районундагы кызматкери Замир Момбеков билдирди.

- Үч күндөн бери бери жардам көрсөтүп жатабыз. Бул күндөрү 30-40 адам кайрылды. Медициналык жардамга 15-20 адам муктаж болду. Бул жерде ысык чай берилип жатат. Жылынуучу жай бар.

Чек арада кезек күткөндөрдүн көпчүлүгү кырдаалдын тез арада жолго салууну кыргыз бийликтеринен суранышат.

Чек арадагы акыркы жагдайдан улам Талас шаарынын базарында ун азыктары менен өсүмдүк майы кымбаттаганын соодагерлерден билдик. Маселен, акыркы эки күн ичинде макарон азыктары 5-10 сомго, тамак майынын баасы 10-20 сомго, ал эми ундун жогорку сорту 100-200 сомго чейин көтөрүлгөнүн айтышууда. Он жылдан бери коңшу өлкөдөн ташылган унду саткан Макулбек Качкынбаев сатыкка деген ун түгөнүп баратканын айтып берди:

- Бул жерде 10 кап, кичинекейинен 20 кап ун калды. Айылдан болсо мага ун алып кой деп чалып жатышат. Бирок эл сурап жатса кантип бербей коёбуз.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 15-октябрда президенттик шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин суроолруна жооп берип, шайлоонун жүрүшү, коомдук саясий абал, анын ичинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча да оюн айтты. Президенттин белгилешинче, казак тарап чек араны шайлоого байланыштуу жапкан болсо, анда шайлоо бүткөндөн кийин ачылышы керек:

- Казак бийлиги азыркы абал Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу деп айтып жатат. Мүмкүн ошондой. Кудай буйруса, шайлоо 1-тур менен бүтсө, ошондон кийин да чек ара ачылбаса, мен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттерин чукул жыйын чакырууга талап коюу укугум бар. Эгер маселе чечилбесе, анда бул уюмдун да статусу суроо болуп калат.

Президент Алмазбек Атамбаев добуш берүүгө жубайы Раиса Атамбаева менен келди. 15-октябрь, 2017-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев добуш берүүгө жубайы Раиса Атамбаева менен келди. 15-октябрь, 2017-жыл

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын Казакстанга өтүшү кыйындаган.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG