Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Чек арада кырдаал жумшарган жок


"Ак жол" бекетинде кезек күткөн айдоочу. 11-октябрь, 2017-жыл
"Ак жол" бекетинде кезек күткөн айдоочу. 11-октябрь, 2017-жыл

Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз калууда. Учурда эки өлкө ортосундагы "Ак жол" өткөрмө бекетинде унаалар жана адамдар топтолуп турат. Бүгүн аталган бекеттерге премьер-министр Сапар Исаков барып, абал менен жеринен таанышты. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев чек арадагы абал боюнча пикирин билдирип, Кыргызстан үч күндүк блокададан коркпойт деп билдирди. Ал ортодо өлкөдөгү бир катар ишмерлер өлкө башчыларын Казакстандын жетекчилиги менен сүйлөшүп, маселени чечүүгө чакырык ташташты.

Кыргыз-казак чек арасындагы негизги өткөрмө бекеттердин бири "Ак-жолдо" абал туруксуз калып жатканын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, казак тарап саатына эки-үч гана автоунааны өткөрүп жатат. Өткөрмө бекеттерде топтолгон адамдардын саны мурдагы күндөргө салыштырмалуу азайганы менен унаалардын тыгыны уланууда.

Аталган органдын расмий өкүлү Салкын Абдыкариеванын "Азаттыкка" билдиришинче, бүгүн чек арадан унаалардын өтүшү сээлдеди:

- “Ак жол” бекетинде 400гө жакын жаран, 50гө жакын оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаа тыгында турат. “Ак-Тилекте” 200гө жакын жүк ташуучу унаа токтоп турат. Кечээ бир саатта орточо эсептегенде беш машина өткөн болсо, соңку бир саат ичинде бир-эки машина өттү.

Премьер-министр Сапар Исаков чек арага барды. 13-октябрь, 2017-жыл
Премьер-министр Сапар Исаков чек арага барды. 13-октябрь, 2017-жыл

Бүгүн эртең менен алыска оор жүк ташып иштеген айдоочулар бирикмесинин өкүлү Максатбек Дүйшеев алгач тез бузулчу жашылча-жемиштер өткөрүлүп жатканын билдирген эле.

Ошол эле кезде кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча президент Алмазбек Атамбаев өз пикирин билдирди. Өлкө башчысы Баткенде чек арачыларга курулган үйдү тапшырып жатып, кыргыз эли үч күндүк блокададан коркпойт деди:

- Азыркы күндө чет элдик байлар жана бийлик кыргыз элине акчасы менен өзүнүн “шестёркасын” таңуулап жатат. Акчасына элдин сатылбасын көрүп эми коркутууга өтүп жатат. Бери жагы үч миң жылдык тарыхы бар кыргыз эли үч күндүк блокададан коркуп кетип бирөөлөрдүн "шестеркасын" эч убакта шайлабайт. Чүйлүк жердештериме эскертким келет. Корко турган, тизеге тура турган кыргыз эли эмес. Кыргыздар үчүн намыс дайыма жанынан артык.

Ошондой эле Атамбаев Казакстан 2010-жылы да чек араны жапканын эске салып, "эгемендик үчүн мындай кыйынчылыктарга чыдоо зарыл экенин" кошумчалады.

Атамбаев: Кыргызстан "шестёркаларды" шайлабайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Премьер-министр Сапар Исаков болсо чек арадагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетине барып абал менен таанышты. Премьер бул жаатта Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, чек арада күтүүгө мажбур болгон жарандардын тиешелүү шарттар түзүлүшү зарылдыгын айтты.

Ал ортодо өлкөдөгү бир катар саясий ишмерлер кыргыз бийлигин казак бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, чек арадагы абалды жөнгө салууга чакырышты.

Экс-президент Роза Отунбаева чек арадагы маселени чечүү үчүн өлкө жетекчилери деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады. Анын пикиринде, учурдагы жагдай өкмөттүк деңгээлде чечилбейт:

- Эң маанилүүсү, азыр президенттен кадам болушу керек. Президент билет бекен, сезет бекен өзүнөн кеткенин? Ал кеминде кечирим айтылбаса да кандайдыр бир ыгын таап казак президентине кайрылышы керек.

Ал эми мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо кыргыз өкмөтүн коңшу өлкө өкмөтү менен тезинен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө үндөдү:

- Өкмөт бардык шашылыш жумуштарын токтото туруп, бул маселени чечүүгө аракет кылышы керек. Өкмөт аралык комиссия бар, анын жыйынын тез арада чакыруу зарыл. Биздин премьер-министр өзүнүн казак коллегасы менен телефондонбу же болбосо "Кордайдан" жолугуппу, айтор бул маселени тез арада чечүүнүн айла-амалын көрүшү керек.

Сатыбалдиевдин пикиринде, эгер кырдаал жөнгө салынбаса, өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын чыңалуусуна алып келиши мүмкүн.

Дипломат Аскар Бешимов болсо чек аранын жабылышына байланыштуу маселени аймактык бирикмелердин алкагында чечүү зарылдыгын билдирүүдө:

- КМШнын, ЕАЭБнын, анан калса Шанхай уюмунун алкагында маселени көтөрүү керек. Мисалы, ЕАЭБнын ичинде экономикалык комиссия бар, ал жакка да чек ара маселесин алып чыксак болот. Себеби учурда Казакстан көп тараптуу келишимдерди бузуп жатат. Ошондуктан биз жана Казакстан мүчө уюмдардын алкагында чек араны күн тартибине киргизип, талкуулашыбыз керек.

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөдү

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөдү

Учурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө үч бекетте кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын казак тарапка өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон эле. Казакстан жактан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезек күтүшкөн. Мындай кырдаалдын жаралышын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин шайлоого кийлигишип жатат деп сындаганы менен байланыштырылган эле.

Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттерде товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Орусиянын Сочи шаарында өткөн ЕАЭБ жана КМШнын өлкө жетекчилеринин жыйыны алкагында премьер-министр Сапар Исаков казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, бул кырдаалды сүйлөшкөнүн кыргыз өкмөтү жарыялаган. Анда Назарбаевдин маселени чечүү боюнча өз өкмөтүнө тапшырма бергени айтылган.

Бирок бир күн өтпөй Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин маалымат кызматы билдирүү таратып, кыргыз тараптын маалыматын четке каккан. Анда казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаковдун ортосунда сүйлөшүү болбогону, анын Назарбаевге басып барып кыска убакытка маектешүү болгону гана белгиленген.

Казакстандын аймагын кезип өтүү 90-жылдардын аягынан бери татаалдашып, жүргүнчүлөргө оордук жаратканы байма-бай айтылып келген. Кыргыз-казак чек арасы буга чейин 2010-жылы апрель окуясынан кийин бир жарым айга жабылган болчу.

Кордай: күйгөн билет, чириген жемиш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG