Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:13

Президент Алмазбек Атамбаевдин соңку билдирүүлөрү шайлоонун жүрүшүнө кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Шайлоо жараяны башталгандан берки камоолордун мыйзамдык негизи барбы? Мамлекет башчысы Сочидеги жыйынга эмне үчүн бара алган жок? Бишкек менен Астананын кайым айтышуусунун кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

“Арай көз чарай” талкуусуна Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана саясий серепчи Бакыт Бакетаев катышты.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Кыргызстандагы шайлоо процессинин жүрүшүнө жана кошуна Казакстанга байланыштуу сүйлөгөн сөздөрү шайлоонун жыйынтыгына кандай таасирин тийгизиши мүмкүн деп ойлойсуз?

Бакыт Бакетаев: Адамзаттын цивилизациялык тарыхына карасак, Рим империясынын учурунан бери эле кошуна мамлекеттер жанаша жашаган өлкөлөрдөн өз кызыкчылыгын тымызын, купуя издеп, аны ишке ашырып келишет.

Бул сапар Борбор Азиядагы эң тажрыйбалуу деп эсептелген Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын оппозициялык партиясынын лидерин кабыл алып, дүйнөдө болбогон жаңы нерсени ачты.

Эртең Алмазбек Атамбаев Казакстандын, Өзбекстандын президенти Тажикстандын, ал эми Тажикстан Түркмөнстандын оппозициясын кабыл алса эмне болот? Албетте ар бир өлкөнүн кызыкчылыгы болот, аны тымызын ишке ашырышат. Бул жолу биздин оппозицияны Казакстан ачык эле колдоп жаткандан кийин биздин президент аларга жооп берди. Мунун артында жакшы нерсе жок. “Араб жазы” деген “Орто Азия жазы” болуп кетпейби деген коркунучтар бар. Азыр Казакстандын интернети кайнап жатат.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Кыргызстандын соңку тарыхындагы эки революция тең шайлоого байланыштуу болду. Бүгүн дагы республикадагы саясий абал өтө курч болуп турат. Учурда Кыргызстандын эң жогорку саясий жетекчилеринин шайлоо боюнча көз караштарын айтып, социологиялык сурамжылоолорду жасап, айрым талапкерге колдоо ишараттарын жасап жатканы шайлоонун жыйынтыктарына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ал эми Кыргызстандын оппозициячыл саясатчыларынын бири Казакстандын президентинин кабыл алуусунда болушу биз үчүн жаңылык эмес. Башкасын айтпай эле койоюн, 2010-жылдагы апрель революциясынан кийинки шайлоодо биз убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Шаршеновичтин талапкерлигин колдоп чыкканбыз. Ошондо аны стратегиялык өнөктөш мамлекеттердин башчылары кабыл алып, жолукканда эл дагы түшүнүү менен кабыл алган. Кийин парламенттик шайлоодо бир партиянын лидери Орусиянын өкмөт башчысы менен жолугуп колдоо алган.

“Азаттык”: Президент Атамбаев шайлоонун жүрүшүнө кийлигишип, мыйзам жоболорун бузуп жатат деп сын айткандар аз эмес. Эгер ушундай болсо ага кандай жүйөлөрүңүз бар, болбосо ага кандай фактыларды айта аласыз?

Бакыт Бакетаев: Салыштырып көрөлү, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама өзүнүн вице-президентине ачык-айкын эле үгүт жүргүзүп келген. Франциянын президенти да өзүнүн партиялашына ачык эле үгүттөп жүргөнүн билебиз. Кайсы президент болбосун өзүнө жаккан талапкери боюнча оюн ачык айта алат.

“Азаттык”: Мүмкүн алардын мыйзамдары андай аракеттерге жол берет чыгар?

Бакыт Бакетаев: Ооба, ошондуктан биздин мыйзамдарды алмаштырыш керек. Азырбы же кийинби ким президент болбосун өз талапкерине тарта берет.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Акыркы жылдары президент Атамбаев “мен шайлоону таза өткөрөм, мураскерди даярдабайм, бийликти мыйзамдуу өткөрүп берем” деп убада кылып келген. Эми иш жүзүндө шайлоодо административдик ресурстардын колдонулушу “иттин кара капталынан да көп” болуп кетти.

Жарандык коом, бир нече уюмдар шайлоодогу мыйзам бузууларды каттап, анализдеп, талдап туруп БШКга, президентке кайрылууларды жазышты. Мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүштү, талап кылышты. Шайлоону таза өткөрүүгө чакырышты. Азыркыга чейин бийлик тараптан бир дагы жооп жок, реакция да болгон жок. Муну кандай деп түшүнсө болот?

Жер-жерлерде эмне болуп жатканын жалпы эл көрүп турат. Ошондой кырдаалдын орун алышына президенттин жакында сүйлөгөн сөзү дагы күч алдырды. “Биздин талапкер”, “менин досум президент болуп калса”, “менин заказым боюнча социологиялык сурамжылоо болду” деген президенттин сөзүн эл кандай кабыл алышы керек? “Кээ бир талапкерлерди шайлоодон кийин камаш керек, керек болсо шиш менен куйкалаш керек” деген сөздөрдү эл кандай түшүнүшү керек?

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG