Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

БШК Бабановго үчүнчү жолу эскертүү берди


Талапкер Өмүрбек Бабанов.
Талапкер Өмүрбек Бабанов.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго үчүнчү жолу эскертүү берди.

Эскертүү берүүгө себеп болгон жолугушуу

Мамлекет башчылыкка талпынып жаткан Өмүрбек Бабановго үчүнчү ирет эскертүү берүү чечимин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 10-октябрь күнү түштөн кийин өткөн жыйынында узак талаш-тартыштардан кийин кабыл алды.

Эскертүү берүүгө талапкердин 28-сентябрда Оштун Он-Адыр конушунда шайлоочулар менен жолугушууда айткан сөздөрү негиз болду. Талапкердин жергиликтүү тургундар менен жолугушууда айткандары кыргыз жана өзбек улутундагы адамдардын ортосунда улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер интернетте тараган. Бул сөздөн улам Өмүрбек Бабановго карата чара көрүүнү талап кылып, БШКга 19 арыз келип түшкөн.

Өмүрбек Бабановдун штабы болсо, аны каралоо максатында интернетке талапкердин атайын монтаждалган видеотасмасы таратылганын айткан.

Шайлоо комиссиясынын алдындагы атайын жумушчу топтор БШКга келип түшкөн 19 арызды карап чыгып, Бабановго эскертүү берүү боюнча сунуш берген.

Жумушчу топтун мүчөсү Канышай Мамытованын 10-октябрдагы кезектеги жыйында айтканына караганда, Бабановдун Он-Адырдагы сөздөрүндө улут аралык мамилеге доо кетирүүнүн жана бийликке баш ийбөөгө чакырыктын белгилери бар:

- Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акун, "Элдик сакчы" коомдук бирикмеси баш болгон бир нече уюмдар, коомдор жана жарандардан келип түшкөн 19 арыздын негизинде талапкер Өмүрбек Бабановго үгүт өнөктүгү учурундагы мыйзамды бузганы үчүн үчүнчү жолу жазуу түрүндө эскертүү берүү суранычын канааттандырууну сунуш кылабыз.

Кайым айтышкан БШКнын мүчөлөрү

Бирок жумушчу топтун бул сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүндө бир катар суроолор жаралды. Маселен, БШК мүчөсү Назарали Ариповдун оюнча, Бабановдун Он-Адырдагы сүйлөгөн сөздөрүнө укуктук баа берүү суранычы менен УКМКга расмий кайрылуу жолдонгон. Бирок анын жыйынтыгын күтпөй туруп чечим чыгарууга шашкан кесиптештерин сындап, бул туура эмес кадам болорун айтты.

Мындай пикирди колдогон Боршайкомдун төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова Бабанов шайлоочулар менен жолугушууда кыргыз тилинде сүйлөгөнүн, ал эми жумушчу топтун долбоору орус тилинде даярдалып, талапкердин сөздөрү бурмаланганын айтып чыкты:

- Бул арыз кыргыз тилинде түшкөн. Талапкер да кыргыз тилинде сүйлөгөн. Эмне себептен жумушчу топ орус тилинде даярдаган? Анткени бул долбоорду даярдоодо кыргыз тилин кайсы бир котормочулар которуп, бурмалап коюшкан. Ошондуктан муну кайрадан карап чыгуу керек.

Талапкерди шайлоодон четтетүү сунушу

Ал эми Бабановдун Он-Адырдагы сөзү боюнча арыз жазгандардын бири Турсунбек Акун БШКнын жыйынында сөз сүйлөп, талапкер Бабановго эскертүү гана берилбей, шайлоодон да четтетилиши керек деген оюн айтты:

- Бул деген улут аралык мамиле. Алты жыл бою эптеп жараларды бүтүрүп келе жатабыз. Кайрадан жараны сыйруунун бирөөгө кереги барбы? Жумушчу топтор Бабановго эскертүү гана берсин деп чечим чыгарып жатат. Бирок мен шайлоодон четтетүүнү талап кылган элем.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Ушундай эле өтүнүчтү дагы бир арыз ээси, "Элдик сакчы" уюмунун жетекчиси, мамлекеттик "Дан" ишканасынын башкы директору Алга Кылычев да келтирди.

Дал ушундай талаштуу жагдайда бир катар кайым айтыштардан соң жумушчу топтун сунушу добушка коюлду. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен талапкер Өмүрбек Бабановго жазуу түрүндө кезектеги эскертүү берилди.

Бул Бабановго берилген үчүнчү эскертүү болуп калды. Биринчи эскертүү үгүт баннерлерине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана башка айрым мамлекеттик кызматкерлердин сүрөтүн илгени үчүн, экинчиси диний ишмер Садыкжан Камаловду үгүт иштерине аралаштырганы үчүн берилген.

Бабановдун штабы мындай аракеттерди бийлик органдарынын бут тосуусу катары баалап келет.

Үгүт өнөктүгүн бузганы үчүн Бабановго үчүнчү жолку эскертүү берилсе, ал талапкерди шайлоодон четтетүүгө негиз болуп калышы мүмкүнбү деген суроолор болуп жаткан. Ошондон улам Бабановдун шайлоо штабы 10-октябрда БШКнын отурумуна чейин атайын маалымат жыйынын өткөрүп, өз талапкерин каралоо жүрүп жатканын билдирген эле.

Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев мыйзамдарга шилтеме берип, добуш берүүгө беш календарлык күн калганда талапкерди шайлоодон четтетүүгө болбой турганын билдирген:

- Азыр БШК үчүнчү эскертүү берүүнүн үстүндө катуу иштеп жатат. Алардын бул кыймылы, мурдагы берилген эки эскертүү да мыйзамсыз, адилетсиз экенин баарыбыз сезип, көрүп, ойлонуп билдик. Азыркы учурда талапкерди кайсы бир негиздер менен шайлоодон чыгарып салууга мыйзам жол бербейт. Конституциялык мыйзамдар боюнча, бүгүн кеч. Кечээ алып салышса болмок.

Мирсулжан Намазалиев.
Мирсулжан Намазалиев.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү мыйзамдын мындай жобосу үгүт өнөктүгү учурунда мыйзам бузганы үчүн бир нече жолу эскертүү берилсе, иштебей турганын белгилеп, билдирүү таратты. Башкача айтканда, БШК Бабановдун талапкерлигин алуу боюнча маселе дале болсо ачык калганын ишара кылды.

БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиевдин айтымында, кезектеги эскертүү талапкерди шайлоодон четтетүүгө негиз болушу ыктымал.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 11 талапкер ат салышууда.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG