Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Намазалиев: Шайлоого беш күн калганда талапкер жарыштан чыгарылбайт


Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын куруп, өзүн каралоо жүрүп жатканын айткан. 1-октябрь, 2017-жыл
Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын куруп, өзүн каралоо жүрүп жатканын айткан. 1-октябрь, 2017-жыл

Бул тууралуу президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев журналисттерге билдирди. Ал мыйзам боюнча БШК добуш берүүгө аз күн калганда Бабановдун талапкерлигин алып сала албайт деп бекемдеди:

- Азыр БШК үчүнчү эскертүү берүүнүн үстүндө катуу иштеп жатат. Алардын бул кыймылы, мурдагы берилген эки эскертүү да мыйзамсыз, адилетсиз экенин баарыбыз сезип, көрүп, ойлонуп билдик. Азыркы учурда талапкерди кайсы бир негиздер менен шайлоодон чыгарып салууга мыйзам жол бербейт. Конституциялык мыйзамдар боюнча, бүгүн кеч. Кечээ алып салышса болмок.

Намазалиев массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген, төңкөрүш жасоого даярданып жаткан деген негиз менен Мелис Аспековдун кармалышы боюнча да штабдын пикирин билдирип, муну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин талапкерди дискредитациялоо аракети деп айтты.

Маалымат жыйынында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бир катар абройлуу социологиялык уюмдардын сурамжылоосу боюнча шайлоочулардын 65% добушуна биринчи айлампада эле ээ болору аныкталганы баса белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптада талапкер Сооронбай Жээнбеков алдыда бараткан бир катар социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялап, мунун себебин айрым талапкерлер өзүнө 65% добушту ыйгаруу менен туура эмес маалымат берип жатканын айткан.

7-октябрда мамлекеттик сыйлык тапшыруу салтанатында сүйлөгөн сөзүндө президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин өлкөнү уурулардан тазалап кетерин айтып, талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариевди сындаган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Ага катышууга 13 талапкер катталып, экөө башка талапкерлердин пайдасы үчүн жарышка түшүүдөн баш тарткан. (BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG