Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:58

Президенттик шайлоодо бийликтин талапкерин колдоп чыккан мурдагы ички иштер министри, "Республика-Ата Журт" саясий партиясынын тизмесиндеги Зарылбек Рысалиевге БШК депутаттык мандат тапшырды.

Муну коомдук-саясий чөйрө Жогорку Кеңештеги Өмүрбек Бабанов жетектеген фракцияны ичинен ыдыратуу максатын көздөгөн саясий жүрүш катары баалоодо.

Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге депутаттык мандатты 4-октябрда тапшырды. Ал "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалган эл өкүлү Нургазы Нишановдун ордуна "Республика-Ата Журт" партиясынын шайлоо тизмесиндеги кезек боюнча келди.

Рысалиев 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмесинде 66-орунда туруп, партиянын тизмеси боюнча ар кандай себептерден улам 25-орунга жылган.

Парламенттеги оппозициялык азчылыкты түзгөн фракцияга жаңы мүчө болгон Рысалиев шайлоо өнөктүгү башталганы бийликтеги Социал-демократтар партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбековду ачык колдоп, экинчи талапкер, фракция лидери Өмүрбек Бабановду сындап келет.

Жаңыдан депутаттык мандат алган Зарылбек Рысалиев тартиптүү, иштерман депутат болорун "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

- Мен тартиптүү депутат болом, ишке өз убагында келем. Сессиялардын бирин да калтырбай катышам. Көтөрүлгөн маселелерге көңүл коюп, жакшы, натыйжалуу мыйзамдарды чыгарганга аракет кылам.

Зарылбек Рысалиевдин мандат алганын фракциядагы жаңы кесиптештери жаңылыктар аркылуу гана угушканын айтып жатышат.

Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

Депутат Кенжебек Бокоев фракцияга улам жаңы депутаттын келип кошулушун кадыресе көрүнүш катары баалады. Бирок Рысалиевдин депутаттыкка талапкер катары партиянын тизмесинде туруп, башка саясий көз карашты карманышын жаңылыштык деп эсептеди:

- Рысалиевдин саясий көз карашы - бул анын катасы. Анткени "Республикага", Бабановдун партиясына талапкер болуп киргенде ойлонушу керек эле. Эми бийлик менен ымалашып, соодалашып кетип анан кандайча депутат болуп иштейт? КСДПга кирип кетейин десе алардын тизмесинде жок, албайт. Эми Рысалиев кандай депутат болорун өзү билдириши керек.

Анткен менен Рысалиев саясий жактан кайчы көз караштар депутаттык ишмердикке тескери таасир этпейт деп ишендирүүдө:

- Фракция лидери менен түптүз эле иштешем. Сөзсүз эле пикир келишүү керекпи? Пикир келише турган, келишпей турган суроолор болот. Биринчи маселеде пикирим келишпесе, экинчи маселеде келишет. Жашоо 15-октябрь менен эле бүтүп калбайт да.

Менимче, анын парламентке келишинин бир себеби - ачык каршылашпастан, макулдашуу менен убактылуу ынтымакка келүү максаты болду.
Эмил Каниметов

Анткен менен серепчилер бул жүрүштү фракцияны ичинен ыдыратуу максаты менен байланыштырууда. Саясат талдоочу, окумуштуу Эмил Каниметов мындай көрүнүштөр саясий маданияттын төмөндүгүнөн кабар берет жана күнүмдүк саясий максаттарга багытталгандыктан ушундай көрүнүштөр болууда деди:

- Биздин билишибизче фракцияда, "Республика" партиясында ачыктан ачык эле Сооронбай Жээнбековду, КСДПны колдогон депутаттар бар. Фракциянын өзүндө бир максаттуу иш алып барган ынтымак жок деп айтсак болот. Ошондуктан алар менен бирге Зарылбек мырза деле иш алып бара бериши мүмкүн. Менимче, анын парламентке келишинин бир себеби - ачык каршылашпастан, макулдашуу менен убактылуу ынтымакка келүү максаты болду.

Белгилей кетчү дагы бир жагдай "Ата Журттун" лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев да ушу тапта президенттикке КСДПдан талапкерди колдоп жатат.

Ал эми саясат таануучу Алмаз Акматалиев Рысалиевдин мисалы саясий күчтөрдүн партиялык тизме түзүүдөгү одоно катасын дагы бир ирет далилдеди деди:

- Эми депутаттык мандатты алгандан кийин "Республика - Ата Журт" фракциясынын жумушу. Алар Жанар Акаевди чыгарып салгандай эле фракциядан чыгарып салышы мүмкүн же жүрө бер дейт. Маселе тизмеде да, тизмени түзүп жатканда партия лидери ойлонушу керек. Өткөн чакырылышта Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду да ("Ата Мекен" фракциясы - авт.) чыгарып салышкан. Бул Шайлоо кодексинин өзгөчөлүгү ошондо.

Зарылбек Рысалиев 2010-жылдан кийин ички иштер министри болуп турган учурда "Ата Мекен" партиясынын айрым депутаттарын мародерчулук боюнча айыптап чыккан. Ал учурда "Республика" партиясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турган.

Кийин Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу кызматын жетектеп турган учурда кыргызстандык кримтөбөл, 16 жылга кесилген Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал боюнча учурунда депутаттык комиссия түзүлүп, парламентте чоң талкуулар болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG