Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Болот Шер Зарылбек Рысалиевди ээнбаш эрке генерал деп атады


Ушу тапта парламентте Батукаев боюнча талкууда "Ата-Мекен" партиясынын лидерлери менен Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев ортосунда кайым-айтыш чыкты.

Батукаевдин абактан эрте бошотулушун териштирген депутаттык комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев Зарылбек Рысалиевге кайрылып, "кайсы негизде силер Батукаевди аэропортко чейин коштоп бардыңар?" деген суроосун узатты. Рысалиев мындай суроону негизсиз деп атап, "Ата-Мекен" партиясы тарабынан ага коркунуч жаралып жатканын айтты. Суроо-жооп кайым айтышууга айланып, "атамекенчи" лидерлер "Рысалиевди тыйгыла!" деп парламент төрагасына кайрылды.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шер Рысалиевди ээнбаш, эрке генерал деп атады. (RK)

XS
SM
MD
LG