Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Рысалиев: Мен тартиптүү депутат болом


Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев

"Республика - Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев парламенттик шайлоодо алган добушуна жараша мыйзамдуу мандатын алганын "Азаттык" радиосуна берген маегинде билдирди. Ал партия жана фракция лидери менен пикирлеш болбогону депутаттык ишине тоскоолдук кылбай турганын айтууда.

“Азаттык”: Зарылбек мырза, депутаттык ишиңиз эмнеден башталат?

Зарылбек Рысалиев: Мен тартиптүү депутат болом, ишке өз убагында келем. Сессиялардын бирин да калтырбай катышам. Көтөрүлгөн маселелерге көңүл коюп, жакшы, натыйжалуу мыйзамдарды чыгарганга аракет кылам.

“Азаттык”: Кайсы багытта мыйзамдарды даярдоо керек деп ойлойсуз?

Зарылбек Рысалиев: Милиция менен Жаза аткаруу тармагында иштеп калбадымбы. Ошолордун кызматын жеңилдете турган, элге пайдасы тийе турган мыйзамдар болсо ошону колдоп, жүзөгө ашырганга аракет кылам.

“Азаттык”: Сиз “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат болуп келип жатасыз. Ошол эле учурда фракция лидерин сындап келесиз. Кантип иштешесиз?

Зарылбек Рысалиев: Лидердин добушун уурдап алыпмынбы, ал президенттик шайлоого партиянын атынан кетсе бир жөн, өзү талапкерлигин коюп жатпайбы. Мен лидерди эмес, президентти шайлап жатам. Ортодо айырмачылык чоң да. Ал эми фракция лидери менен түптүз эле иштешем. Сөзсүз эле пикир келишүүсү керекпи? Пикир келише турган, келишпей турган суроолор болот. Биринчи маселеде пикирим келишпесе, экинчи маселеде келишет. Жашоо 15-октябрь менен эле бүтүп калбайт да.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

“Азаттык”: Качан ант бересиз?

Зарылбек Рысалиев: Жыйын башталганда айтышса ошондо берем да.

“Азаттык”: Башка фракциядан депутат болуп, бирок шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдой турганыңызды ачык айтып келатасыз?

Зарылбек Рысалиев: Жээнбековду колдойм.

“Азаттык”: Социалдык тармактарда сиздин “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат болуп келип, Жээнбековду колдоп жатканыңыз, фракция лидерин сындап жатканыңыз эми кандай болот деп талкууланып жатат?

Зарылбек Рысалиев: Ал жагы "бал сүйкөгөн нандай эле болот", дагы кандай болмок эле.

“Азаттык”: Буга чейин КСДПдан депутат болуп барган Жанар Акаев дагы биздин позицияга дал келбейт деген негизде фракциядан чыгарылган. Сизди да чыгарып салышса эмне кыласыз?

Зарылбек Рысалиев: Мени чыгарууга негиз болсо бир жөн эле. Биринчиден, мен 2015-жылы шайлоодо бирөөнүн добушун, болгондо да лидердин добушун уурдап алган жокмун. Өзүм элдин алдыңкы добушун алдым. Тизме боюнча дагы эки жылдан ашуун күтүп, мына кезегим келди бүгүн депутат болуп отурам. Менин мыйзамдуу түрдө депутат болуп келишиме бирөө ишенбесе, туура эмес кылдыңыз деп айтышсын. Мен мыйзамдуу, эки жыл күтүп отуруп келдим. Менин келишим туура эле.

“Азаттык”: Сиз депутат болуп келгенден кийин деле Бабановду сындай бересизби?

Зарылбек Рысалиев: Суроону бир аз башкача берип жатасыз. Бабановду сындай бергидей мени келесоо деп ойлойсуңарбы? Эгер туура эмес кылса туура сөзүмдү айтам. Туура кылса колдойм да. Жөн эле туура кылып жатса деле сындай бербейм да.

Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеште.
Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеште.

“Азаттык”: Азыр үгүт иштери менен жүрөсүзбү, эл менен жолугушасызбы эмне кыласыз?

Зарылбек Рысалиев: Эл менен жолугушам деп айтпайм. Депутаттар тыныгууда экен, азырынча өзүмдүн иштерим бар, ата-энеме барып жолугуп келем.

“Азаттык”: Фракциядагы кесиптештериңиз сиздин мандат алганыңызды билбейт экен. Мандат алышыңыз күтүүсүз болдубу?

Зарылбек Рысалиев: Кабарлары бар-жок экенин билбейм. Менин деле кабарым жок эле, мени чакырышты, мандатты барып алдым. Көчөдө жүргөн кийимим менен эле бардым.

"Азаттык": Анда сизге деле күтүүсүз болдубу?

Зарылбек Рысалиев: Ооба.

Рысалиев: Мен тартиптүү депутат болом
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00
Түз линк

Р.С.: Зарылбек Рысалиев "Республика-Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Нургазы Нишановдун ордуна депутат болуп келди. Нишанов "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалганын кечээ өкмөттүн маалымат кызматы кабарлаган.

Жаңыдан мандат алган депутат президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдорун ачык билдирип, анын үгүт иштерине активдүү катышып келе жатат.

Зарылбек Рысалиев 2010-жылдан кийин Ички иштер министрлигин жана Жаза аткаруу кызматын жетектеген. 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Республика Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен катышып, айрым талапкерлердин тизмеден "күчтөп" чыгарылганына байланыштуу 66-орундан 25-орунга жылган.

Рысалиев ички иштер министри болуп турган учурда "Ата Мекен" партиясынын айрым депутаттарын мародерчулук боюнча айыптап чыккан.

Кийин Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу кызматын жетектеп турган учурда кыргызстандык кылмыш төбөлү, 16 жылга кесилген Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал боюнча учурунда депутаттык комиссия түзүлүп, парламентте чоң талкуулар болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG